Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 18-апрели № 52
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 20-статьянын 1-пунктундагы "Мамлекеттик бажы комитетинин" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 23-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 24-статьянын 3-пунктундагы "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 26-статьянын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бажы органдарынын кызматкерлеринин ок атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды алып жүрүү, сактоо жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.".
5. 27-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сот жана мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматкерлери, коргоо, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын аскер кызматчылары (анын ичинде запастагылар), ошондой эле ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамына кирген адамдар бажы органдарына кызматка кабыл алынганда, ушул Мыйзамдын 5-статьясына ылайык функционалдык ыйгарым укуктары мурдагы мамлекеттик органда ээлеген кызмат ордуна окшош болгондорго алардын мурдагы аскердик же атайын наамдарына, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендерине теңдеш келген атайын наамдар ыйгарылат. Көрсөтүлгөн адамдардын иш стажы (кызматы), ошондой эле алардын мурдагы аскердик же атайын наамдарынын, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендеринин кызмат мөөнөтү алардын бажы органдарындагы кызмат өтөгөн жылдарына кошулуп эсептелет.".
6. 28-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бажы органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
7. 37-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацындагы "берилиши мүмкүн" деген сөздөр "берилет" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |