Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 18-апрели № 54
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 167-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына жүз элүү, юридикалык жактарга - үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 174-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - отуз, кызмат адамдарына жүз, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 179-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 16-глава төмөнкүдөй мазмундагы 179-1-статья менен толукталсын:
"179-1-статья. Өзгөчө коргоодогу табигый аймактарды коммуналдык-турмуш-тиричилик калдыктары, таштандылар жана акыр-чикирлер менен булгоо
Мамлекеттик коруктардын, заказниктердин, улуттук жаратылыш парктарынын, дарылоочу-ден соолук чыңдоочу жана санаториялык-курорттук зоналардын, мамлекеттин коргоосуна алынган кадыресе же сейрек ландшафттардын, жаратылыш эстеликтеринин аймактарын акыр-чикирлерге толтуруу же коммуналдык-турмуш-тиричилик калдыктары, таштандылар жана акыр-чикирлер менен булгоо, -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - отуз, кызмат адамдарына элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 180-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына жүз, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
6. 181-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн - жүз элүү, юридикалык жактарга - беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
7. 488-статьянын экинчи абзацындагы "бир" жана "экиден беш" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "он" жана "элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 509-статьядагы "487-497" деген сандар "487, 488-497" деген сандарга алмаштырылсын.
9. 526-статьянын 1-бөлүгүндөгү "196" деген сандан кийин ", 488, 489" деген сандар менен толукталсын.
10. 534-1-статьядагы "490, 491" деген сандар "488-491" деген сандарга алмаштырылсын.
11. 539-статьянын 1-бөлүгүндөгү ", 489" деген сан алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|