ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 184 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому

Редакция23.12.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2013-жылдын 23-декабры № 184

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы №166 токтому менен дайындалган Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кеңештин зарыл сандагы депутаттарынын катышпагандыгынан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болгон эмес. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал, Ош облусундагы Өзгөн районунун Кароол, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Үч-Терек, Ничке-Сай, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо талапкерлер зарыл болгон сандагы депутаттардын добуштарын алышпагандыктан айыл өкмөт башчылары шайланган эмес.

Чүй облусундагы Чүй районунун Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысы Джумагулов Т.А., өзүнүн арызынын негизинде Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2013-жылдын 17-декабрындагы №238-тк тескемеси менен 2013-жылдын 18-декабрынан баштап ээлеген кызматынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын:

1). Мурда каттоодон өткөн  талапкерлер менен:

- Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан,

2). Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен:

- Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал;

- Ош облусундагы Өзгөн районунун Кароол;

- Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек;

- Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Үч-Терек;

- Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Ничке-Сай;

- Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт;

- айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо 2014-жылдын 8- январына дайындалсын.

2.Чүй облусундагы Чүй районунун Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 10-январына дайындалсын.

3.Ат-Башы, Ак-Суу, Өзгөн, Кара-Суу, Токтогул, Чүй, Сузак аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

4.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын төрагасы

 

 

Т. Абдраимов