КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 29-апрели № 64
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
67-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"(4-1) Эгерде иммунитетке ээ адамга карата жазык иши козголсо жана иммунитеттин болгонуна байланыштуу ал токтотулса, анда ушул учурда эскирүү мөөнөтү токтотула турат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|