Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 16-майы № 70
2012-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана кредитор катары Кытайдын Экспорт-импорттук банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында автожолдордун эки участогун реабилитациялоо долбоору боюнча Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2012-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан карыз алуучу катары Кыргыз. Республикасынын Финансы министрлиги жана кредитор катары Кытайдын Экспорт-импорттук банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында автожолдордун эки участогун реабилитациялоо долбоору боюнча Жеңилдетилген кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кытайлык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө маалымдасын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |