Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 16-майы № 71
Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрү менен каражаттарынын куралдарынын жана аскердик техникасынын техникалык жана маалыматтык шайкеш келүүсүн камсыз кылуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрү менен каражаттарынын куралдарынын жана аскердик техникасынын техникалык жана маалыматтык шайкеш келүүсүн камсыз кылуу тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына белгиленген тартипте жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу маалымдасын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|