Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 16-майы № 72
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 7, 758-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-беренеде:
берене төмөнкүдөй мазмундагы биринчи жана экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Адаптация - организмдин функциялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүн, анын ишке жөндөмдүүлүгүнүн артуусун жана сырткы таасирлерге болгон каршылыгынын жогорулоосун чагылдырган жандуу организмдин өзгөрүлмө сырткы чөйрөнүн шарттарына карата ыңгайланышуу процесстери.
Адаптациялык жөндөмдүүлүгү - мүмкүн болгон зыянды азайтуу, ыңгайлуу мүмкүндүктөрдү пайдалануу же кесепеттерди жоюу максатында системанын климаттын өзгөрүшүнө (климаттын өзгөрмөлүгүн жана экстрим кубулуштарды кошуп алганда) ыңгайлашууга жөндөмдүүлүгү.";
тогузунчу абзац "ветеринардык" жана "чөйрөсүнүн" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша ", адаптациялык" жана ", анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 7-берененин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы "бузулушу" деген сөздөн кийин ", алааматтуу жаратылыштык-климаттык абалдар" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|