Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 16-майы № 73
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
5-статьяда:
2-пунктундагы "алар ипотекалык турак жай курулушун кредиттеген учурда" деген сөздөр "ипотекалык кредит боюнча өндүрүп алган учурда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Чек арага жанаша жаткан аймактарда турган жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда, кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга берилиши мүмкүн эмес.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|