Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 15-декабрындагы N 210 (15) Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 18-майы № 74
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 153-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик сырды сактоонун системасы (жашырындуулуктун тартиби) - ченемдик укуктук актыларда белгиленген мамлекеттик сырларды сактоону жана коргоону камсыз кылуунун бирдиктүү тартиби.".
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө мыйзамдар
Мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
3. 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Маалыматты мамлекеттик сырга таандык кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Мамлекеттик сырды түзгөн башкы маалыматтардын тизмегинин жана Жашырындоого жаткан маалыматтардын тизмегинин негизинде иштерде, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын жашырындуулугунун даражасын аныктоо жана белгилөө тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.".
4. 10-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик сырга улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуусуз жана сырды таратпоо жөнүндө милдеттенмелерди жол-жоболоштуруусуз төмөнкүлөргө жол берилет:
- Кыргыз Республикасынын Президентине;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, анын орун басарларына;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасына жана мүчөлөрүнө;
- Премьер-министрге, вице-премьер министрлерге, коргоо, коопсуздук, ички иштер, мамлекеттик чек араларды кайтаруу жана коргоо маселелери карамагында болгон мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана алардын орун басарларына. Өкмөттүн башка мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан аныкталуучу аларга теңештирилген кызмат адамдарына жана алардын орун басарларына;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына.".
5. 11-статьянын 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик сыр менен иштөө үчүн медициналык каршы көрсөткүчтөрү барларга;".
6. 14-статьяда:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик сырды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары";
1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2-бөлүгүндө:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик сырды коргоо алкактарында төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик сырды коргоо чөйрөсүндөгү саясатты жүзөгө ашырат;";
расмий тилдеги текстин төртүнчү абзацындагы "государственную тайну" деген сөздөр "государственные секреты" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 15-статьянын аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик
сырды коргоо системасындагы ыйгарым укуктары
Улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын чектеринде:".
8. 16-статьянын 1-бөлүгүндө:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;";
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Жашырын маалыматты башка мамлекетке берүү
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, берилүүчү жашырын маалыматты коргоо боюнча тараптардын милдеттерин караган эл аралык келишимдер жашырын маалыматты башка мамлекетке берүү үчүн негиз болуп саналат.".
10. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жашырын
сырларын сактоо
Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте берилген башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жашырын сырлары ушул Мыйзам менен, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде корголот.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|