Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-майы № 77
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 998-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик
органдарынын тутуму
Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.
Архитектура-курулуш ишинин, ошондой эле көрсөтүлгөн жааттагы контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архитектура-курулуш жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.
Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архитектура-курулушту көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".
2. 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
1. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) архитектура-курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну;
2) өндүрүштүк күчтөрдүн жайгашуусун аныктоочу отурукташтыруу тутумун божомолдоону, долбоорлоону жана жөнгө салууну, курчап турган чөйрөнүн экологиялык абалын эске алуу менен инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктураларды түзүүнү;
3) курчап турган чөйрө менен өз ара аракетте административдик-аймактык бирдиктердин иштөөсүнүн концепцияларын иштеп чыгууну жана негизги шарттарын аныктоону;
4) административдик-аймактык бирдиктерди пландаштыруу, куруу, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча шаар куруу чечимдерин иштеп чыгууну;
5) тарыхый-маданий мурастарды, шаар куруу, архитектура жана монументтик искусство эстеликтерин, ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоону жана калыбына келтирүүнү;
6) шаар курулушу жаатында кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоо тутумун түзүүнү;
7) инженердик-транспорттук инфраструктураны алгалатып өнүктүрүүдө турак жай, коомдук жана өндүрүштүк фондду өз ара байланыштырып өнүктүрүүнү;
8) Кыргыз Республикасында шаар куруунун бардык багыттарын өнүктүрүүнүн негиз болуучу илимий-изилдөө жана колдонмо базасын түзүүнү;
9) кыймылсыз мүлктүн объекттерин курууга жана башка курулуштук өзгөртүүлөргө уруксаттарды берүүнү;
10) шаар куруу-архитектура процессинин бардык түрлөрүн башкарууну.
2. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) курулуш процесстеринин сапатын көзөмөлдөөнү;
2) архитектура-курулуш процесси жаатындагы белгиленген ченемдердин, эрежелердин, программалардын, схемалардын, пландардын жана долбоорлордун сакталышын көзөмөлдөөнү;
3) калктын, аймактардын жана калктуу конуштардын коркунучтуу (зыяндуу) табигый жана техногендик, антропогендик кубулуштар менен процесстерден коопсуздугу боюнча талаптардын курулуш ишинин субъекттери тарабынан камсыз кылынышын көзөмөлдөөнү;
4) курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга берүүнүн ылайыктуулугуна баа берүүнү.".
3. 15-берененин 2-бөлүгүндөгү "архитектура жана курулуш иштери боюнча" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|