Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-майы № 79
"Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Жер участкаларынын бөлүнүшүн жана жекече турак
үйлөрдүн долбоорлонушун контролдоо
Жекече турак үйлөрдү курууга жер участкаларынын бөлүнүшүн жана долбоорлонушун контролдоону архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.".
2. 16-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Курулуш жана архитектура иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тийиштүү органдарынын" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Курулуш иштери жана архитектура боюнча мамлекеттик комитетинин компетенттүү органдарына" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |