Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 1-июну № 87
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статьянын үчүнчү абзацында "параолимпиадалык" деген сөз "паралимпиядалык" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте дене тарбия ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоо;
- белгиленген тартипте спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүү;
- эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоо жана контролдоо.".
3. 8-статьянын 3-бөлүгүндөгү "жана контролдогон" деген сөздөр алып салынсын.
4. 11-статьяда:
аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "Параолимпиадалык кыймыл" жана "Параолимпиадалык оюндарга" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Паралимпиадалык кыймыл" жана "Паралимпиадалык оюндарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндөгү "параолимпиадалык" деген сөз "паралимпиадалык" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүүнүн тартибин бекитсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |