Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 33 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 6-июну № 90
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2012-жылдын 10-январы, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 13-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтөт, рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет. Парламенттик оппозициядан талапкерлердин бири да Кеңештин курамына өтүү үчүн добуштардын жетиштүү санын албай калган учурда, Кеңештеги бир орун парламенттик оппозициянын добуштардын көбүрөөк санын алган талапкерине берилет.".
2. 15-берененин 1-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй редакциядагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директорун ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга;";
он үчүнчү абзацтагы "курамынын" деген сөз "мүчөлөрүнүн санынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 19-беренеде:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Башкы директор Кеңеш тарабынан 4 жылга шайланат жана Кеңешке отчет берет. Эгерде Корпорациянын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлердин бири да шайлануу үчүн добуштардын жетиштүү санын албаса, анда жаңы конкурс өткөрүлөт.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-бөлүктөр менен толукталсын:
"3-1. Корпорациянын башкы директору коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат орундарын ээлей албайт. Корпорациянын башкы директору өз милдеттерин аткаруу убагында партиялык уюмдардагы өзүнүн мүчөлүгүн токтотуп турат.
3-2. Корпорациянын иши жөнүндө жылдык отчет бекитилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директору ээлеген кызмат ордунан бошотулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |