Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 8-июну № 95
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча, преамбуланын экинчи сүйлөмүн кошпогондо, ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Юстиция министрлиги" деген сөздөр алып салынсын.
2. Мыйзамдын бүткүл текст боюнча, 5-статьянын 6-пунктунун экинчи абзацын кошпогондо, ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын юстиция министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Мыйзамдын преамбуласынын экинчи сүйлөмүндөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр ", ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары," деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 5-статьяда:
4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ортоңку жана улук жетекчи курамынын кызмат орундарына курагы 40 жаштан ашпаган, орго жана жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кенже курамынын кызматкерлери дайындалса болот.";
5-пунктта:
биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ортоңку, улук жетекчи курамынын кызмат ордуна орто жана жогорку кесиптик билими бар адамдар гана дайындалат, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин жогорку жетекчи курамынын кызмат ордуна жогорку билимдүү гана адамдар, ал эми ыкчам-кызматтык милдеттерди аткарууну караган кызмат орундарына жогорку юридикалык билими бар адамдар дайындалат. Жогорку юридикалык билими бар адамдар дайындалуучу кызмат орундардын тизмеси жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.";
6-пунктта:
"алардын улутуна," деген сөздөрдөн кийин "социалдык тегине, мүлктүк абалына, ынанымына" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацтагы "Юстиция министри" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 6-статьянын 1 жана 2-пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Жарандар жазык-аткаруу тутумуна кызматка кабыл алынбайт же жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөй албайт, эгерде ал:
- соттун чечими менен ишке жарамдуу эмес же жарамдуулугу чектелүү деп табылса;
- соттун чечими менен ага мамлекеттик кызматкер катары ишти аткарууга же мамлекеттик кызматтын кайсы бир кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынса;
- соттуулугу жабылганына же алып салынгандыгына же болбосо ага карата жазык кылмышы үчүн реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо токтотулганына карабастан, соттолгон же соттуулугу бар болсо;
- жазык-аткаруу тутумунан, ошондой эле башка министрликтерден жана ведомстволордон ушул Мыйзамдын 35-статьясынын 5-пунктунда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипти одоно бузгандыгы үчүн бошотулса;
- ушул Мыйзамдын 5-статьясында белгиленген жазык-аткаруу тутумуна кызматка алуу шарттарына жооп бербесе.
Бири-бири менен жакын туугандык байланышта (ата-энеси, жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер, балдары, кыздары, ошондой эле жубайынын ага-инилери, эже-сиңдилери, ата-энелери, балдары) болгон кызматкерлерге, эгерде алардын кызмат өтөөсү түздөн-түз бири-биринин баш ийүүсүнө же контролдугуна байланыштуу болсо, жазык-аткаруу тутумунун бир органында же мекемесинде кызмат өтөөгө уруксат берилбейт.
2. Кызматкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- жеке өзү же ортомчулар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө;
- мамлекеттик мүлктү, кызматтык унааны, акча каражаттарын, кызматтык маалыматтарды кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
- өзүнүн кызматтык абалын жеке кызыкчылыгын же жакын туугандарынын кызыкчылыгын түздөн-түз козгогон маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга;
- өзүнүн негизги иш-милдетин аткарууга тоскоолдук кылбаган деңгээлде чыгармачылык, илимий жана окутуучулук иштерден тышкары, менчигинин түрүнө карабастан жазык-аткаруу тутумуна кирбеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда айкалыштыруу менен иштөөгө;
- саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана тыюу салынган диний уюмдардын мүчөсү болууга, иштерине катышууга жана аларды колдоп чыгууга;
- иш таштоолорду, митингдерди жана пикеттерди уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга.".
6. 7-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун
органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине атайын
наамдарды ыйгаруунун жалпы шарттары
1. Кызматкерлерге атайын наамдар алардын квалификациясын, билимин, кызматка болгон мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызмат ордун, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка шарттарды эске алуу менен жекече ыйгарылат.
Кызматкерлерге ыйгарылуучу атайын наамдар алгачкы жана кезектеги болуп бөлүнөт.
2. Катардагы жана кенже жетекчи курамдын кызматкерлерине алгачкы атайын наамдар кызматтарды комплекттөө номенклатурасына ылайык наамдарды ыйгаруу укугу берилген органдын же мекеменин жетекчиси тарабынан ыйгарылат.
3. Ортоңку жана улук жетекчи курамдын кызматкерлерине алгачкы атайын наамдар жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын катарына киргизүү менен жазаларды аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.
4. Аттестацияланган курамдын адамына ички кызматтын полковнигине чейинкини камтыган наамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарылат. Жогорку жетекчи курамдын наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
5. "Ички кызматтын кенже лейтенанты" деген алгачкы атайын наам запастагы "кенже лейтенант" аскер чини бар же жогорку, орто кесиптик окуу жайын аяктаган, ортоңку жана улук жетекчи курамдын кызмат ордуна дайындалган кызматкерлерге, бирок кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 3 айдан эрте эмес мөөнөттө ыйгарылат.
6. Жазык-аткаруу тутумунун, ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын жана аскердик түзүмдөрдүн жогорку кесиптик окуу жайларын аяктагандан кийин кызматкерлерге "ички кызматтын лейтенанты" деген алгачкы наам ыйгарылат.
7. Улук жетекчи курамдын алгачкы жана кезектеги атайын наамдары жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин жогорку билими бар болсо гана ыйгарылат.
8. Жазык-аткаруу тутумуна кызматка кабыл алынган жана окумуштуулук даражасы же илимий наамы бар Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын адамдарына алгачкы атайын наамдар жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча төмөнкү тартипте: илимдин кандидаттарына, доценттерге - "ички кызматтын капитаны" наамынан төмөн эмес; илимдин докторлоруна, профессорлорго - "ички кызматтын майору" наамынан төмөн эмес ыйгарылат.
9. Кызмат өтөө учурунда илимий даража же окумуштуулук наам алган кызматкерге кезектеги атайын наам ушул статьянын 8-бөлүгүнө ылайык ыйгарылат.
10. Жетекчи курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар жакшы аттестациялангандан кийин, ээлеген кызмат ордун эске алуу менен ошондой эле мурдагы наамы боюнча кызмат өтөгөн жылдарынын белгиленген мөөнөтү аяктаганда ыйгарылат.
11. Ортоңку жана улук жетекчи курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.
12. Окуу жайлардын угуучуларына жана адъюнкттарга кезектеги атайын наамдар окууга киргенге чейин ээлеген штаттык кызмат орундарына ылайык окуу убагында ыйгарылат.
13. Ээлеген кызматына ылайык келген кезектеги атайын наам, эгерде мөөнөтүн узартуу башка техникалык себептерден келип чыкпаса (кадрлар кызматына сунуш түшпөсө же кечигип түшсө), кызматкерге анын мурдагы наамы боюнча өтөгөн кызматынын мөөнөтү аяктаган күнү түздөн-түз жетекчисинин сунуштамасынын негизинде ыйгарылат.".
7. Мыйзам төмөнкү мазмундагы 7-1-статья менен толукталсын:
"7-1-статья. Кызматка кирээрде запаста турган же башка укук коргоо
органдарынан же аскердик түзүмдөрдөн которулган
адамдарга атайын наамдарды ыйгаруу
1. Мамлекеттик кызматчылардын класстык чени бар кызматкерлерге ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдын алгачкы жана кезектеги атайын наамдары кайра аттестациядан өтүү тартибинде ыйгарылбайт.
2. Запастагы офицердик курамдын же башка укук коргоо органдарынан, аскердик түзүмдөрдөн которулуп келген адамдар ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдын кызматына дайындалгандан кийин, алардын аскердик, атайын наамдарына, атайын класстык чендерине ылайыктуу атайын наамдарды ыйгаруу менен жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын катарына киргизилет. Штаттык кызматка ылайык эгерде алар кадрларга киргизилген күнгө чейин, кызматын (ишин) аткаруу учурунда же запаста жүргөндө аларга берилген аскердик, атайын наамдарга, атайын класстык чендерге белгиленген мөөнөттөрдү өтөп бүтүшсө, атайын наам мурдагы аскердик, атайын наамынан, атайын класстык ченинен бир даражага жогору ыйгарылышы мүмкүн.
3. Жазык-аткаруу тутумуна кабыл алынуучу аскердик же атайын наамы жок адамдарга, алар кенже жетекчи курамдын кызмат ордуна дайындаганда "ички кызматтын кенже сержанты" деген алгачкы атайын наам, ал эми офицердик курамдын кызмат ордуна дайындалганда - "ички кызматтын кенже лейтенанты" деген наам ыйгарылат.
4. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органына жана мекемесине жаңы кабыл алынган жогорку билимдүү кызматкер өз ыктыяры менен кенже жетекчи курамдын кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн. Мындай учурда ага "ички кызматтын старшинасы" деген наамдан төмөн эмес кенже жетекчи курамдын алгачкы атайын наамы ыйгарылат.".
8. 8-статьянын 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Кенже, ортоңку жана улук жетекчи курамдагы кызматкерлердин наамдарын бир тепкичке төмөндөтүү жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен тартиптик жаза чарасы катары жүргүзүлөт".
9. 9-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Атайын наамдарда кызмат өтөө мөөнөттөрү
1. Кенже жетекчи курамдагы наамдар боюнча өтөгөн жылдардын мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленет:
- ички кызматтын кенже сержанты, ички кызматтын сержанты наамында - 1 жыл;
- ички кызматтын улук сержанты наамында - 2 жыл;
- ички кызматтын старшинасы наамында - 3 жыл;
- ички кызматтын прапорщиги наамында - 4 жыл.
2. Ички кызматтын катардагысы, ички кызматтын улук прапорщиги наамдары боюнча кызмат өтөгөн жылдарга мөөнөт белгиленбейт.
3. Офицердик курамдагы адамдардын наамдар боюнча кызмат өтөгөн жылдардын мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленет:
- ички кызматтын кенже лейтенанты наамында - 1 жыл;
- ички кызматтын лейтенанты наамында - 2 жыл;
- ички кызматтын улук лейтенанты наамында - 3 жыл;
- ички кызматтын капитаны наамында - 4 жыл;
- ички кызматтын майору наамында - 5 жыл;
- ички кызматтын подполковниги наамында - 6 жыл.
4. Ички кызматтын полковниги наамында кызмат өтөө мөөнөтү ушул берененин экинчи абзацында каралган учурларды кошпогондо, белгиленбейт.
"Ички кызматтын генерал-майору" жогорку атайын наамы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кызматын ээлеген адамга 6 айдан эрте эмес, ал эми жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлегендерге - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат.
"Ички кызматтын полковниги" атайын наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "Ички кызматтын генерал-майору" жогорку атайын наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.
5. Кызмат өтөө мөөнөтү наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет. Жетекчи курамдагы адамдардын төмөндөтүлгөн наамда жүргөн убагы калыбына келтирилген наамда кызмат өтөө мөөнөтүнө кирбейт.
6. Оор кылмышты ачкандыгы же токтоткондугу жана бул учурда эрдик жана каармандык көрсөткөндүгү, ошондой эле кызматтык ишинде башка жогорку көрсөткүчтөрү үчүн аттестацияланган курамдын адамдарына мурунку наамда белгиленген кызмат өтөө мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндө, башкача айтканда мөөнөтүнөн мурда же мурунку наамдан бир жарым мөөнөтү өткөндө жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган наамдан бир даражага жогору кезектеги атайын наам ыйгарылат.
7. Ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамды мөөнөтүнөн мурда же бир баскычка жогору ыйгаруу Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнүн бүткүл мезгили ичинде бир гана жолу жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарууларды жүргүзгөн учурларды кошпогондо, ушул негиздер боюнча наамдардын бир учурда ыйгарылышына жол берилбейт.
8. Пенсия чектөөдө эске алынуучу 20 жылдык жана андан ашуун кызмат өтөгөн жылдары бар, ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттөгү кызматын өтөгөн жана жакшы аттестацияланган офицердик курамдын адамдарына аларды курагы же оорусу боюнча кызматтан бошотуу менен ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган наамына карабастан, ички кызматтын подполковнигине чейинки кезектеги наам Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылышы мүмкүн."
10. 10-статья төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кенже жана жетекчи курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар бала багуу боюнча өргүүдөн чыккан күндөн тартып 3 айдын ичинде ыйгарылат.".
11. 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
12. 13-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун
органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин кызмат
ордуна дайындоо жана аларды кызмат боюнча которуштуруу
1. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
2. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарлары жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалышат жана кызмат ордунан бошотулушат.
3. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин башка кызматкерлери кызмат ордуна жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен белгиленген тартипте дайындалышат жана бошотулушат.
4. Аттестацияланган курамдагы адамдар айкалыштыруучу кызматтар жана ал кызматтарга тиешелүү наамдар жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен тизмек боюнча аныкталат.
5. Кадрларды тандоо, жайгаштыруу, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамдагы кызматтарынын сапаттуу жабдылуусун камсыз кылуу бардык даражадагы жетекчилердин милдети болуп саналат.
6. Аттестацияланган курамды штаттык кызмат орундарына дайындоо жана кызмат боюнча которуштуруу түздөн-түз начальниктер тарабынан алардын жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктаган компетенциясына жараша жүргүзүлөт.
7. Аттестацияланган курамдагы адамдарды кызмат боюнча которуштуруу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
- жогору турган кызматка - кызматы боюнча көтөрүү иретинде;
- бирдей кызматка - жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин кызматкерлеринин штатын же санын кыскартууга байланыштуу (мындан ары - уюштуруу-штаттык иш чараларына), иш тажрыйбасын эске алуу менен, адистиги боюнча кыйла максаттуу пайдалануу үчүн, же болбосо жеке өтүнүчү боюнча, ал эми офицердик курамдагы адамдарды болсо - белгилүү мөөнөткө кызмат өтөөчү жерлердин алмаштырылганына байланыштуу;
- кызматтын кызыкчылыгында кызматкердин башка кызмат ордуна которулгандыгына байланыштуу - ротациялоого (түздөн-түз начальниктин же кадрдык аппараттын начальнигинин сунуштамасынын негизинде). Кызматкер 5 жылда бир жолудан көп эмес ротацияланууга жатат;
- Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин Ички иштер министрлиги тармагынын окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмүнө окууга өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошогондо, ошондой эле окууну бүтүргөндөн кийин кызмат ордуна дайындалганда;
- төмөнүрөөк турган кызматка - штаттар кыскартылганда;
- бирдей кызматка которууга мүмкүнчүлүк болбогондо жана аттестацияланган курамдагы адамдын макулдугу менен;
- ден соолугуна байланыштуу аскердик-врачтык комиссиянын токтомуна ылайык жана анын макулдугу менен;
- жеке өтүнүчү боюнча;
- аттестациялык тартипте ээлеген кызматына ылайык келбегендиги боюнча;
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин Тартиптик уставына ылайык тартиптик жаза берүү иретинде.
8. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерин кызмат боюнча которууда ал негизги же профилдик адистиги же тажрыйбасына ылайык иш менен камсыздалат. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерин жаңы адистик боюнча которуу зарыл болгондо, ал тиешелүү окуу курстарынан кайра даярдоодон өтүүсү керек.
9. Кадрлардын карамагына кызматкер төмөндөгү учурларда киргизилет:
- уюштуруу-штаттык иш-чаралар өткөрүлгөндө;
- жазык-аткаруу тутумунун органы же мекемеси жоюлганда;
- кызматкер мурда ээлеген кызмат ордуна калыбына келтирилгенде;
- аны башка кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбогондо;
- Тартип уставына ылайык кызмат ордунан бошотулганда;
- башка укук коргоо органдарынан жана аскер түзүмдөрүнөн которулганда;
- ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда.
Кызматкерлер кадрлардын карамагына акчалай маянасын сактоо менен 3 айга чейинки сактоо мөөнөткө киргизилет, андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте бошотулууга жатат.
Уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин жаңыдан бекитилген штаттык тизмеси боюнча тиешелүү кызмат орундарына ылайык келген кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер, анын ичинде ошого окшош функционалдык милдеттерин аткаруу учурунда ал кызматтарга дайындоонун артыкчылыктуу укуктарына ээ болушат.
Кадр кызматынын көрсөтмөсү боюнча кадрлардын карамагында турган кызматкерлер мекемелер өткөргөн профилактикалык-издөө иш-чараларына, ошондой эле мекемелерден качып кеткен соттолгондорду издеп табуу боюнча иш-чараларга тартылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрларынын карамагында болгон мөөнөтүнө ооруган учурдагы же кезектеги же кошумча эмгек өргүүсүндө болгон мезгилдери эсептелбейт.".
13. 15-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун
органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин анты
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестациялык курамынын адамдары төмөндөгүдөй ант беришет:
"Мен, Ф.А.А., Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органына жана мекемесине мамлекеттик кызматка кирип жатып, өз элиме берилип кызмат кылууга;
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын кынтыксыз жетекчиликке алууга;
жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамсыз кол салуулардан өмүрүмдү аябастан коргоого;
мыйзамдуулукту сактоого, чынчыл, кыраакы кызматкер болууга, инсанды урматтоого, мамлекеттик жана кызматтык сырды сактоого;
кызматтын кызыкчылыгында зарыл болгон жерде кызмат өтөөгө;
кызматтык парзымды жана мага жүктөлгөн милдеттерди чын дилимден аткарууга салтанаттуу ант берем.
Берген антымды бузсам, мени Кыргыз Республикасынын мыйзамдары катуу жазаласын".".
14. 16-статьянын 2-пунктту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кынтыксыз кызмат өтөгөн жана пенсия алуу укугу менен кызматтан бошотулган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте форма кийимин кийип жүрүүгө уруксат берилет.".
15. 18-статьянын 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (анын ичинде запаста турган) кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза аткаруу системасынын органдарына жана мекемелерине кызматка алуу учурунда ички иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катардагы жана жетекчи курамындагы адамдарга, ушул Мыйзамдын 3-статьясына ылайык мурда бар аскердик же атайын наамдарына тең келүүчү атайын наамдар ыйгарылат.".
16. 19-статьянын 3-бөлүгү "жарандык калк ичинен" деген сөздөрдөн кийин "(ыкчам-кызматтык иш менен байланышпаган жана жашыруун иш кагаздарга уруксат алууну талап кылбаган кызматтарга)", атайын наам ыйгарылбастан" деген сөздөр менен толукталсын.
17. 22-статьянын 1-бөлүгү "кызматкерлерине" деген сөздөн кийин "жана аскер кызматчыларына (мөөнөттүү аскер кызматчыларынан тышкары)" деген сөздөр менен толукталсын.
18. 23-статьяда:
статьянын аталышы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына иштөөгө жиберүү" деген сөздөрдөн кийин " жана эл аралык уюмдарга жиберүү" деген сөздөр менен толукталсын;
бүткүл текст боюнча:
ар түрлүү жөндөмөлөрдөгү "Администрация" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Аппарат" деген сөз менен алмаштырылсын;
"Премьер-министринин" деген сөздөр "Өкмөтүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
статья төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлгөн милдеттери аткаруу максатында кызматкер өз макулдугу боюнча жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык уюмдарга андан ары кызмат өтөө үчүн жиберилиши мүмкүн. Эл аралык уюмдарга жиберилген кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдерде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кызмат өтөйт.";
7-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына иштөөгө жиберилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине ай сайын төлөнүүчү компенсациялык (азык-түлүк үлүшүнүн ордуна акчалай компенсация, буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация) төлөмдөр сакталат". Белгиленген төлөмдөрдү төлөө жазык аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Төлөмдөр төлөнбөгөн же өз убагында төлөнбөгөн учурда күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
19. 26-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"26-статья. Кезектеги ар жылдык өргүү
1. Кезектеги өргүүлөр аттестацияланган курамдагы адамдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин тармагы боюнча пенсия чектеген учурда эсепке алынуучу кызмат өтөгөн жылдарына жараша (календарлык эсеп менен) берилет:
- 10 жылдан аз иштегендерге - жыл сайын 30 календарлык күн;
- 10дон 15 жылга чейин иштегендерге - жыл сайын 35 календарлык күн;
- 15тен 20 жылга чейин иштегендерге, ошондой эл иштеген жылдарына карабастан, илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы, доцент окумуштуулук наамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери ардак наамы барларга - жыл сайын 40 календарлык күн;
- 20 жыл жана андан ашык иштегендерге, ошондой эле иштеген жылына карабастан, илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессордук наамы барларга - жыл сайын 50 календарлык күн.
2. Кызматкердин каалоосу боюнча кезектеги өргүү эки бөлүнүп берилиши мүмкүн, мындай учурда өргүүнүн бир бөлүгү 10 календарлык күндөн кем болбоосу керек. Өргүү өткөрүүчү жерге баруу жана кайра келүү үчүн берилүүчү акча каражаттары, ошондой эле жол жүрүүгө кетүүчү убакыт өргүүнүн бир бөлүгүнө гана берилет.
3. Узактыгы 45 календарлык күндүк болгон кезектеги оргүүлөр иштеген жылына карабастан тоолуу жерлерде (1500 метр жана андан бийикте) кызмат өтөгөн аттестацияланган курамдагы адамдарга да берилет.
4. Иштеген убактысы аттестацияланган курамга жеңилдетилген шартта пенсия чектөө үчүн кызмат өтөгөн жылдары эсептөөгө кошулуучу жана 45 календарлык күнгө созулуучу кезектеги өргүүлөргө укук берүүчү климаттык шарты катаал жерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча, өзгөчө учурларда, өтөгөн жылдарына карабастан узак эс алууга муктаж болгон аттестацияланган курамдагы адамдарга өтө татаал шартта же өзгөчө кырдаалда кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу узактыгы 45 календарлык күнгө созулуучу кезектеги өргүүлөр берилиши мүмкүн.
Интернационалист-жоокерлердин ичинен кызматкерге кызматынын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүнө карабастан узактыгы 14 календардык күн кошумча өргүү эмгек акысын сактабай туруп берилет.
6. Катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарды кезектеги өргүүсүнөн чакыртып алууга жол берилбейт. Иш боюнча өтө зарыл болгон учурларда түздөн-түз начальнигинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана кезектеги өргүүдөн чакыртып алууга болот. Кезектеги өргүүдөн чакыртып алганда анын пайдаланылбаган бөлүгү, эреже катары, ошол жыл ичинде берилет. Эгер өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү 10 календарлык күн же андан көп болсо, катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарга өргүүнү өткөрүүчү жерге баруу жана кайра келүү үчүн жол кире документтери жана өргүүдөн сырткары жолдо жүрүүгө кошумча убакыт берилет. Аттестацияланган курамдагы адамдын каалоосу боюнча өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү кийинки жылдагы кезектеги өргүүгө кошулушу мүмкүн.
7. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен жашы, оорусу, ден соолугу боюнча же штаттын кыскарганына байланыштуу бошотулуп жаткан аттестацияланган курамдагы адамдарга алардын каалоосу боюнча ошол бошонгон жылы ушул статьясынын 2-пунктунда белгиленген мөөнөткө кезектеги өргүү берилет.
8. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен бошотулган аттестацияланган курамдагы адамдарга (ушул статьясынын 7-пунктунда көрсөтүлгөндөн башкаларга) бошогон жылы пайдаланылбаган кезектеги өргүүсү үчүн ошол жылдагы иштеген убактысына жараша акчалай компенсация төлөнөт.
9. Кызматкерге үй-бүлөлүк жагдайы боюнча же башка жүйөлүү себептерге байланыштуу узактыгы 5 календардык күндү түзгөн кыска мөөнөттүү өргүү төмөнкү учурларда берилет:
- никеге турганда;
- жакын тууганы (жубайы, ата-энеси, уул-кызы, бир тууганы, жубайынын ата-энеси же кызматкерди баккан адам) катуу ооруса же каза (курман) болсо;
- үй-бүлөсү же жакын тууганы өрткө же башка табигый кырсыкка учураса;
- үй-бүлөдө бала төрөлсө.
Кыска мөөнөттүү өргүү кезектеги өргүүнүн эсебине кирбейт жана өргүү берген жетекчинин макулдугу менен гана 5 күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
10. Кызматкерге эмгектик өргүү кызмат өтөгөн биринчи календарлык жылда берилгенде анын кызмат орунга дайындалган күнүнөн башталган убакыт эске алынат. Иштеген биринчи жылы эмгектик өргүү 11 ай иштегенден кийин гана берилет. Иштегенден 6 ай өткөндөн кийин эмгектик өргүү тараптардын макулдашуусу боюнча берилет, 11 ай өткөнгө чейин өргүү аялдарга - кош бойлуулугу жана төрөт боюнча өргүүгө чыгаардын алдында же дароо андан кийин, 3 айга чейинки жаштагы бала (балдарды) багып алган кызматкерлерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда берилет.".
20. 31-статьянын 4-пунктту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Контракттык негизде Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ортоңку жана улук жетекчи курамынын кызмат орундарын ээлешкен Кыргыз Республикасынын жарандары белгиленген тартипте аттестациядан өтүшөт.".
21. 33-статьянын 6-пунктту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Кылмыш жасагандыгы үчүн кармалган жана ага карата камакка алуу - бөгөт коюу чарасы катары тандалып алынган кызматкерлерге камакка алынган күндөн тартып акчалай маяна төлөө токтотулат жана реабилитациялоого негиздер табылгандыгы же актоо өкүмү кабыл алынгандыгы боюнча камактан бошотулган күндөн тартып кайра төлөнө баштайт.
Кызматкерди ээлеген кызматынан убактылуу четтеткен учурунда акчалай маяна төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".
22. 35-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"35-статья. Кызмат өтөөнү токтотуу үчүн негиздер
1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнү токтотууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен кызматтан бошотуу;
- кызматкерди белгиленген тартипте дайынсыз жок деп таануу;
- кызматкердин каза (курман) болушу;
- аскердик түзүмдөргө, башка аскерлештирилген уюмдарга андан ары кызмат өтөө үчүн командировкага жиберүү:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу, же жарандыкты жоготуу.
2. Аттестацияланган курамдагы адамдарды кызматтан бошотуу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
- эгерде бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар жана ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарактуу же жарактуулугу чектелүү адамдардын запаста турушу үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жете электерди запаска чыгаруу (аскердик каттоого алуу) менен;
- эгерде бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар адамдардын запаста турушу үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жетсе, же аскердик-врачтык комиссия аны ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарабайт деп тапса, отставкага чыгаруу (аскердик каттоодон чыгаруу) менен.
3. Катардагы жана кенже жетекчи курамдагы адамдар төмөндөгү учурларда кызмат өтөөдөн запаска (аскердик каттоого алуу менен) чыгарылат:
- жаш курагы боюнча, алар үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген жашка жеткенде;
- оорусу боюнча - тынчтык учурда аскердик кызматка жараксыздыгы (согуш учурунда - экинчи даражадагы чектелген жарактуулугу) жөнүндө аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде;
- ден соолугунун чектелген абалы боюнча - ден соолугуна байланыштуу ээлеген кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой, ден соолугунун абалын эске алуу менен ал иштей алгыдай башка кызматка которууга мүмкүнчүлүк болбогондо аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги жөнүндө корутундусунун негизинде;
- эгер ал узартылбаса, контракттын мөөнөтү бүткөндө;
- аттестациялоо тартибинде кызмат ордуна ылайыксыз болсо;
- тартипти одоно бузгандыгы үчүн;
- жеке өтүнүчү боюнча;
- штат кыскаргандыгына байланыштуу - уюштуруу-штаттык иш-чараларына байланыштуу кызматка пайдаланууга мүмкүн болбогондо.
4. Ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдар (ушул пункттун он экинчи абзацын кошпогондо, аскердик каттоого алуу менен) төмөндөгү учурларда кызмат өтөөдөн запаска чыгарылат:
- жаш курагы боюнча, алар үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген жашка жеткенде;
- оорусу боюнча - тынчтык учурда аскердик кызматка жараксыздыгы (согуш учурунда - экинчи даражадагы чектелген жарактуулугу) жөнүндө аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде;
- ден соолугунун чектелген абалы боюнча - ден соолугуна байланыштуу ээлеп турган кызматтагы милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой жана ден соолугунун абалын эске алуу менен ал иштей алгыдай башка кызмат ордуна которууга мүмкүнчүлүк болбогондо аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги жөнүндө корутундусунун негизинде;
- штат кыскаргандыгы боюнча - уюштуруу-штаттык иш-чараларына байланыштуу кызматка пайдаланууга мүмкүн болбогондо;
- аттестациялоо тартибинде кызмат ордуна ылайыксыз болсо;
- жеке өтүнүчү боюнча;
- белгиленген тартипте башка министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго кызматка которулганына байланыштуу;
- тартипти одоно бузгандыгы үчүн;
- айыптоочу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмышы үчүн соттолгондугуна байланыштуу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызматка дайындалган жана эл аралык уюмдарга жиберилген кызматкерлерден тышкары, белгиленген тартипте башка министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга которулгандыгына байланыштуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондугуна байланыштуу;
- башка мамлекеттин жараны болгондугуна байланыштуу;
- карамагында жүрүү мөөнөтү аяктагандыгы боюнча;
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине кызматка кирип жатканда жасалма документтерди жана жалган маалыматтарды бергендиги үчүн;
- ротация иретинде которуудан жүйөлүү себептерсиз баш тарткандыгы үчүн;
- кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бирок кийин кылмыш иши тергөө органдары же сот тарабынан кылмыш иши реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча токтотулганда;
- кызматкердин жакын тууганы өзгөчө оор кылмышы үчүн соттолгондо.
5. Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет:
- кызматкер тарабынан ушул статьянын 7-пунктунда белгиленген аракеттерди аткаруусу;
- кызматкердин аскердик куралды жоготуусу (согушта жана кылмыштуу кол салуудан жоготкондон башка учурларда);
- ишке чыкпагандыгы, анын ичинде кызматкердин жүйөлүү себептерсиз күн сайын белгиленген кызматтык убакыттын ичинде катары менен 3 сааттан ашык жок болушу;
- кызматкердин кызматка алкоголдук, баңги же токсикалык мас абалда (жылдын ичинде үч жолудан ашык) келиши;
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ыкчам-режимдик жана уюштуруу иштерине терс кесепеттерди алып келген, өз ыктыяры менен кызмат ордун таштоосу.
6. Аттестацияланган курамдагы адамдар төмөндөгү учурларда аскердик каттоодон алынуу менен отставкага чыгарылат:
- жаш курагы боюнча, тийиштүү аскердик наамы бар адамдардын запаска чыгышы үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жеткенде;
- оорусу боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө корутундусунун негизинде.
7. Катардагы жана жетекчи курамдын наамына шек келтирген жорук жасаган аттестацияланган курамдагы адамдар кызматтан бошотулат.
8. Бошотулуучу адам ушул статьясынын 2-пунктунда каралгандан башка учурларда, бошотулуп жаткандыгы жөнүндө бошотуулардын алдында 2 айдан кеч эмес тийиштүү начальниктери тарабынан кабарландырылат. Кызматтан өз өтүнүчү менен бошонууну каалаган адам бошонууну пландаган күндөн 2 жума (14 календарлык күн) мурда түздөн-түз начальнигине эскертет жана ал жөнүндө рапорт берет.
9. Катардагы жана кенже жетекчи курамдагы адамдарды кызматтан бошотууну жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ушундай укук берилген начальниктер жүргүзөт.
10. Ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдарды запаска жана отставкага чыгаруу жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
11. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде жана аскер кызматында кынтыксыз кызмат өтөгөн ортоңку жана улук жетекчи курамдагы адамдар жаш курагы боюнча запаска же отставкага чыгарылып жатканда бошотууну жүргүзгөн начальниктердин буйругу менен белгиленген формадагы кийимдерди кийип жүрүү укугу берилиши мүмкүн. Ошол эле начальниктер тарабынан кылмыш кылганы үчүн соттолгон же Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине шек келтирген иштерди жасаган адамдар белгиленген формадагы кийимдерди кийүү укугунан ажыратылышы мүмкүн.
12. Аттестацияланган курамдагы каза болгон, курман болгон, дайынсыз жок болгон деп таанылган, ошондой эле наамынан ажыратылган адамдар жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамынын тизмесинен чыгарылат.
13. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен чыгарылгандан кийин аттестацияланган курамдагы адамдар аскер комиссариаттары тарабынан аскердик каттоого алынат.
14. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамындагы адамдардын согуш учурунда кызмат өтөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |