Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-июну № 97
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 305-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"305-статья. Аудио-, аудиовизуалдык продукцияларды, электрондук
эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат
базаларын сатуу жана ачык көрсөтүү эрежелерин бузуу
Аудио-, аудиовизуалдык продукцияларын, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын сатуу эрежелерин бузуу
-
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүүгө чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Көрсөтүүнүн белгиленген убактысын жана көрүүчүлөр категориясын сактабоодо көрүнгөн аудиовизуалдык продукцияларды ачык көрсөтүү эрежелерин бузуу -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүүгө чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускаларын конфискациялоо менен жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки, кызмат адамдарына - жүз элүүдөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 339-статьяда:
мамлекеттик тилдеги бүткүл текст боюнча "пайдалуу үлгүнү" жана "өнөр жайлык үлгүнү" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "пайдалуу моделди" жана "өнөр жай үлгүсүн" деген сөздөргө алмаштырылсын; эскертүүдөгү "продуктылар" деген сөз "продуктулар" деген сөзгө алмаштырылсын;
1-бөлүгүндө:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн, селекциялык жетишкендикти мыйзамсыз пайдалануу, автордун же арыз берүүчүнүн макулдугусуз ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн, селекциялык жетишкендиктин маңызын алар жөнүндөгү маалыматтар расмий жарыяланганга чейин жайылтуу -";
экинчи абзацында "бештен он" жана "жыйырмадан отуз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "отуздан элүү" жана "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында:
- "ондон жыйырма" жана "элүүдөн жүз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "элүүдөн жүз" жана "жүздөн эки жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- абзац "же өнөр жайлык үлгүнү" деген сөздөрдөн кийин ", корголуучу ыкма менен даярдалган продуктуларды, иштегенде же пайдаланганда корголуучу ыкма автоматтык түрдө жүзөгө ашырылган түзүлүштү, ошондой эле контрафакттык селекциялык жетишкендикти" деген сөздөр менен толукталсын;
эскертүүдөгү "ошондой эле иштегенде же пайдаланганда автоматтык түрдө коргонуу ыкмасы жүзөгө ашырыла турган жабдуулар" деген сөздөр "түзүлүштөр жана контрафактылык селекциялык жетишкендиктер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 340-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "340-статья. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу";
мамлекеттик тилдеги тексттин 1-бөлүгүндө:
- 1-пунктта "болсо" деген сөз "болуп эсептелсе" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта "жолдон чыгарууга" деген сөздөр "алмаштырууга" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 3-пунктта жана эскертүүдөгү "эриш-аркак" деген сөздөр "чектеш" деген сөзгө алмаштырылсын;
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бештен он" жана "ондон жыйырма" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "отуздан элүү" жана "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ондон жыйырма" жана "отуздан элүү" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "элүүдөн жүз" жана "жүздөн эки жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 341-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бештен жыйырма" жана "жыйырмадан жүз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "элүүдөн жүз" жана "жүздөн эки жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бештен он беш" жана "он бештен элүү" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "элүүдөн сексен" жана "сексенден жүз элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 342-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бештен он" жана "жыйырмадан элүү" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жыйырмадан кырк" жана "кырктан сексен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ондон жыйырма" жана "элүүдөн сексен" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "кырктан сексен" жана "сексенден жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 343-статьяда:
мамлекеттик тилдеги аталышында жана 1-бөлүгүндө "эриш-аркак" деген сөздөр "чектеш" деген сөзгө алмаштырылсын;
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бештен он" жана "ондон элүү" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жыйырмадан кырк" жана "кырктан сексен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ондон жыйырма" жана "элүүдөн жүз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "кырктан сексен" жана "сексенден жүз элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 344-статьяда:
мамлекеттик тилдеги тексттин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "аткарбоосу," деген сөздөн кийин "алардын" деген сөз менен толукталсын;
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бештен он" жана "ондон элүү" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жыйырмадан кырк" жана "кырктан сексен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ондон жыйырма" жана "элүүдөн жүз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "кырктан сексен" жана "элүүдөн жүз элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 345-статьяда:
мамлекеттик тилдеги текстин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучунун иш жүзүндө аткарылган чыгарма үчүн автордук сый акынын суммасын төлөөдөн баш тартуусу же автордук гонорарды чегерүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн бузуусу -";
экинчи абзацындагы "он бештен жыйырма" жана "элүүдөн жүз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "отуздан элүү" жана "элүүдөн жүз элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 508-статьянын 1-бөлүгүндө "305-статьясынын экинчи, үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрүндө" деген сөздөр "305-статьясында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 534-статьянын 1-бөлүгүндө "305-статьясынын биринчи бөлүгүндө," деген сөздөр алып салынсын.
11. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктчасында:
үчүнчү абзац "231-1," деген сандан кийин "345," деген сан менен толукталсын;
жыйырма үчүнчү абзацта "342," деген сан алып салынсын;
жыйырма бешинчи жана жыйырма алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (342-345-статьялар);
маданият жаатындагы ыйгарым укук берилген орган (305-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 344-статья);";
отуз экинчи абзацында "экинчи-төртүнчү" деген сөздөр "биринчи жана үчүнчү" деген сөздөргө алмаштырылсын, "340" деген сан "339-341" деген сандарга алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |