Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-июну № 98
"Электр энергетикасы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьяда:
отуз биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан энергетика жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи абзац менен толукталсын:
"Энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөнүн техникалык коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжалуулугу чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".
2. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуу, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөнүн техникалык коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуунун, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжалуулугун көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүзөгө ашырат.".
3. 3, 13, 15, 21, 25, 32-статьяларда:
мамлекеттик тилдеги текстинде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр "Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Уполномоченный орган по энергетике" жана "уполномоченный орган по энергетике" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Уполномоченный государственный орган по выработке политики в сфере энергетики" жана "уполномоченный государственный орган по выработке политики в сфере энергетики" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 6, 12, 18, 21, 27-статьяларда ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган" жана "энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жана "энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 5-статьяда "Кыргыз Республикасынын энергетика боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын" деген сөздөр "Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 17-статьянын 4-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги текстинде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентствого" деген сөздөр "Энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстинде "уполномоченный орган по энергетике" деген сөздөр "уполномоченный государственный орган по надзору и контролю в сфере энергетики" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |