КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 25-июну № 101
Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана
канализациясын реабилитациялоо долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну жана "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча КыргызРеспубликасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык
макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуу жана "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду кыргыз тарап аткаргандыгы жөнүндө Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |