Редакцияот 26.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 26-июну № 104

 

2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана 2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана 2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу 2014-жылдын 11-июлунан тартып денонсациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн макулдашууларды денонсациялоо жөнүндө Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнө кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев