Редакцияот 27.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 27-июну № 107

 

Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-мартында кол коюлган

 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк)

Ортосундагы "Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнүн россиялык программасынын"

 (READ) долбоорунун экинчи фазасын каржылоо боюнча Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

 

1-берене.

 

Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-мартында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнүн россиялык программасынын" (READ) долбоорунун экинчи фазасын каржылоо боюнча Макулдашуу-кат ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду кыргыз тарап аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) белгиленген тартипте маалымдасын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев