Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 2-июлу № 109
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 106-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик саясий жана муниципалдык саясий кызматты ээлеп турган адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө жеке кепил болуп чыгууга тыюу салынат.".
2. 122-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик саясий жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө сотто бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнмө жасоого тыюу салынат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |