КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 4-июлу № 111
"Маданият жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 4, 341-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 9-берененин 1-бөлүгү "жыйынтыктарына" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө музыкалык чыгармаларды аткаруучулар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр "Фонограммалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |