Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 5-июлу № 115
2012-жылдын 22-майында Чикаго шаарында (АКШ) кол коюлган Коопсуздукка көмөктөшүүчү эл аралык күчтөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2012-жылдын 22-майында Чикаго шаарында (АКШ) кол коюлган Коопсуздукка көмөктөшүүчү эл аралык күчтөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түндүк Атлантика Келишим Уюмуна Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |