Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 5-июлу № 116
Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү - жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөштүрүүнү жүзөгө ашыруу боюнча долбоор: № С24736/ЕBSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү - жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөштүрүү боюнча долбоор: № С24736/ЕBSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |