Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 9-июлу № 121
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 34-глава төмөнкүдөй мазмундагы 487-2 - 487-4-статьялар менен толукталсын:
"487-2-статья. Турак жайларда санитардык-эпидемиологиялык жана
экологиялык бейпилдикти бузуу
Турак жай имараттарында жана жайларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камсыз кылуу эрежелери белгиленген санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык бейпилдикти бузуу, -
- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миңге чейин айып салууга алып келет.
487-3-статья. Көп квартиралуу турак жай үйлөрдөгү турак жайларды
пайдалануунун эрежелерин бузуу
Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды өнөр жайлык мүнөздөгү максаттар үчүн берүү, өткөрүп берүү, аларды соода орундары катары, тейлөө чөйрөсүнүн уюмдарын жайгаштыруу үчүн пайдалануу, анын ичинде мейманкана катары, ошондой эле жашап туруудан тышкары кандай болбосун башка максаттар үчүн пайдалануу, -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миңге чейин айып салууга алып келет.
487-4-статья. Көп квартиралуу турак үйлөрдөгү турак жай эмес
жайларды күтүүнүн жана пайдалануунун эрежелерин
бузуу
Турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан көп квартиралуу турак үйлөрдөгү турак эмес жайлардын техникалык жана санитардык абалын бузуу, көп квартиралуу үйлөрдөгү жалпы мүлктү күтүү боюнча милдеттерди жана турак жай мыйзамдарынан келип чыккан башка талаптарды аткарбоо, -
- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миңге чейин айып салууга алып келет.".
2. 514-статьянын биринчи абзацы "487" деген сандардан кийин ", 487-2" деген сандар менен толукталсын.
3. 525-статьянын биринчи абзацы "479" деген сандардан кийин ", 487-4" деген сандар менен толукталсын.
4. 534-1-статья "487-1," деген сандардан кийин "487-3," деген сандар менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |