Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 9-июлу № 125
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
117-статьяда:
мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"117-статья. ВИЧ-инфекциясын жуктуруу
(1) Билип туруп башка адамды ВИЧ-инфекциясын жуктуруу коркунучуна туш кылганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Өзүндө ал оорунун бар экендигин билген адам ВИЧ-инфекциясын башка адамга жуктурганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундар эки же андан ашык адамга же болбосо жашы жетпегенге карата жасалганда, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбаганынын кесепетинен ВИЧ-инфекциясы башка адамга жукканда,
-
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган жосунду жасаган адам, эгерде ВИЧ-инфекциясы жугуу коркунучунда калган башка адам биринчи адамдын мындай оорусу бар экендиги жөнүндө өз убагында эскертилсе жана жугузуу коркунучун түзгөн аракеттерди жасоого ыктыярдуу макул болгон учурда кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.";
расмий тилдеги текстинде:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"наказывается ограничением свободы на срок до трех лет либо лишением свободы на срок до трех лет.";
2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"наказывается ограничением свободы на срок от трех до пяти лет.";
3-бөлүктүн экинчи абзацында "до пяти" деген сөздөр "от пяти до семи" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"наказывается лишением свободы на срок от трех до пяти лет с лишением права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью на срок до трех лет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |