Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-июлу № 129
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10, 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
2-берене.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
Байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасы (маалыматтар базасы) - Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана алынып келинген байланыштын зымсыз түзүлмөлөрүн идентификациялоонун бөтөнчө коду жөнүндө маалыматты камтыган электрондук база.
Байланыш түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутуму Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияланып жаткан же алынып келинген байланыштын мобилдик түзүлмөлөрдүн эл аралык идентификаторлорун түшүнүп билүүнү, аларды байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн эл аралык идентификаторлору боюнча электр байланышынын операторлорунун маалыматтык базалары менен салыштырууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында бул түзүлмөлөрдүн колдонулушуна санкция берүүнү камсыз кылуучу аппараттык-программалык каражаттардын комплекси.
SIM-карта - оператордун тармагына жетүүнү, ошондой эле бөлүнүп берилген абоненттик номерден санкцияланбаган пайдалануудан коргоону камсыз кылган абоненттин жеке идентификациялык модулу.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - байланыш жаатындагы иштерди жүзөгө ашырган электр жана почта байланыштын, электр байланышынын кызматтарынын, почта байланышынын ишканаларынын кандай болбосун операторлоруна карата жана башка байланыш жаатындагы иштерди жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарга карабастан электр жана почта байланыш жаатындагы жөнгө салуучу иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу дайыма иштөөчү мамлекеттик орган.".
2. 8-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун түзөт, өнүктүрөт жана эксплуатациялайт;";
4-бөлүгү "мамлекеттик радио-көзөмөлдөө тутумун" деген сөздөрдөн кийин "жана Байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун" деген сөздөр менен толукталсын.
3. III глава төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-статья менен толукталсын:
"9-1-статья. Байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүн идентификациялоонун жана абоненттерди персонификациялоонун тартиби
Байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн бардык эл аралык идентификаторлору Кыргыз Республикасынын аймагында Идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасына киргизилүүгө тийиш.
Байланыштын операторлору өздөрүнүн жабдууларды идентификациялоону каттоо тутумдарынын жана Идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун үзгүлтүксүз, ишенимдүү жана коопсуз өз ара аракетин камсыз кылууга милдеттүү.
Абонентти идентификациялоо жана персонификациялоо жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатысыз башка максаттар үчүн өзгөртүлүүгө, көчүрүлүүгө жана жайылтылууга тийиш эмес.
Каттоо жол-жоболору акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат. Байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүн каттоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы колдонуудагы мыйзамдарга ылайык белгиленет.
Идентификациялоо маалыматтары өзгөртүлгөн кандай болбосун түзүлмөлөрдү, SIM-карталарды, жабдууларды жана техникалык каражаттарды алып келүүгө, өндүрүүгө, таркатууга жана иштетүүгө, ошондой эле идентификациялык маалыматтарды өзгөртүү үчүн арналган жана/же пайдаланылган программалык камсыз кылууга жана жабдууга катуу тыюу салынат.
Идентификациялоо жөнүндө маалыматтары өзгөртүлгөн түзүлмөлөр, SIM-карталар, жабдуулар жана техникалык каражаттар, ошондой эле идентификациялык маалыматтарды өзгөртүү үчүн арналган программалык камсыз кылуу жана жабдуу табылган учурда, конфискациялоого жатат, ал эми идентификациялык маалыматтарды өзгөртүүгө катышы бар адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Операторлор байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын активдештирилишине жана эксплуатацияланышына тыюу салынган түзүлмөлөр менен кызматтарды көрсөтүүгө укуксуз.
Электр байланышынын бардык операторлору абоненттердин бирин койбой баары менен инсандыгын ырастаган анын документине ылайык, абоненттин маалыматтарын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө келишим түзүүгө милдеттүү.
Абонентти каттоо каттоо үчүн суралган идентификация жөнүндө маалыматты алдын ала тастыктоо менен байланыш оператору же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруунун тартиби жана персонификациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
4. 21-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-1-статья. Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдө жана тергөө аракеттерин жүзөгө ашырууда байланыш операторлорунун милдеттери жана байланыш кызматынан пайдалануучулардын укуктарын чектөө
1. Байланыш операторлору байланыш тармактарында изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга байланыш кызматын пайдалануучулар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле бул органдарга жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл башка маалыматтарды берүүгө, аларга байланыштын бардык тармактарында жана каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, маалыматтар базасына жана байланыш операторунун автоматташтырылган тутумуна жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
2. Байланыш операторлору изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүү үчүн байланыш тармактарына жана каражаттарына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарды ишке ашырууну камсыз кылууга, ошондой эле көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүүнүн уюштуруучулук жана тактикалык ыкмаларын ачууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
3. Уюктук байланыш операторлору алардын тармактарында иштеген абоненттик түзүлмөлөрдүн идентификациялык коддорунун реестрин жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте абоненттер жөнүндө маалыматтарды 3 жыл ичинде жыйноону жана сактоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.
Тармакта идентификациялык коддору окшош болгон бир нече абоненттик түзүлмөлөр табылган учурда, уюктук байланыш оператору бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тийиштүү органдарга кабарлоого милдеттүү.
4. Байланыштын техникалык каналдары боюнча берилүүчү мыйзамдуу жол менен алынган маалыматтарды контролдоо жана белгилөө үчүн арналган байланыш тармактарына, атайын техникалык каражаттарга, интерфейсти (техникалык регламентти) жакшылап иштеп чыгууну, зарыл программалык камсыз кылууну иштеп чыгууну, биригүү жана каналдарга жетүү жөнүндө маселени, байланыш тармактарындагы изин суутпай издөө иш-чараларын жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу менен бул чөйрөдө иштелип чыккан эл аралык сунуштамаларга жана техникалык концепцияларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык байланыш тармактарына изин суутпай издөө тутумунун киргизилиши жана анын иштеши менен байланышкан башка маселелерди кошуп алганда, байланыш тармактарына изин суутпай иш-чараларын жүзөгө ашырууда өз ара аракеттенүүнүн тартибине карата техникалык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан байланыш тармактарында (каналдарында) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө байланыш операторлору бул органдарга Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарына ылайык көмөк көрсөтөт.
5. Байланыштын кандай болбосун тармактарынын жана каражаттарынын ишин, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга байланыш кызматын көрсөтүүнү токтото туруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчилеринин биринин жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
Мобилдик байланыштын операторлору, эгерде анын эл аралык идентификатору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн Уурдалган мобилдик түзүлмөлөрдүн реестрине киргизилген болсо, мобилдик түзүлмөнүн иштөөсүн токтото турууга милдеттүү.
Байланыш операторлору соттун чечиминин же байланыш кызматтарын көрсөтүүнү токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчилеринин биринин жазуу жүзүндөгү жүйөөлүү чечиминин негизинде байланыш кызматтарын көрсөтүүнү кайра жүргүзүүгө милдеттүү.
6. Байланыш операторлорунун байланыш тармактарында жана каналдарында изин суутпай издөө ишин жүргүзүү үчүн зарыл программалык-техникалык жана башка каражаттар менен камсыз кылууга байланышкан чыгымдары байланыш операторлорунун каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.
7. Байланыш операторлорунун изин суутпай издөө иштерин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
5. VI-глава төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-статья менен толукталсын:
"24-1-статья. Абоненттер жөнүндө байланыш операторунун маалыматтар базасы
1. Байланыш оператору абоненттер жана аларга көрсөтүлгөн байланыш кызматтары жөнүндө маалыматтар базасын түзөт.
Байланыш операторунун абоненттер жөнүндө маалыматтар базасы төмөнкү маалыматтарды камтыйт: абоненттин фамилиясын, атын, атасынын атын, абоненттин - юридикалык жактын толук аталышын, абонент болуп саналган бул юридикалык жактын жетекчисинин жана кызматчыларынын фамилиясын, атын, атасынын атын, абоненттин дарегин же четки абоненттик түзүлмөнү (терминалды) орнотуунун дарегин, абонентти же анын четки түзүлмөнү (терминалды) аныктоого (идентификациялоого) мүмкүнчүлүк берген абоненттик номерлерди жана башка маалыматтарды, байланыштын көрсөтүлгөн кызматтары үчүн эсептөө тутумдарынын маалыматтар базасынын маалыматтарын.
2. Абоненттерди жана байланыш кызматтарын жана каражаттарын пайдалануучуларды милдеттүү каттоодо юридикалык жана жеке жактар тарабынан алынуучу маалыматтар, ошондой эле аларга көрсөтүлгөн кызматтар жана байланыш каражаттары жөнүндө маалыматтар купуя маалымат болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга жатат.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
- ушул Мыйзамга ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-июлу № 129
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10, 2025-жылдын 26-июнундагы № 127, 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
2-берене.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
- ушул Мыйзамга ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |