Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-июлу № 130
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 27-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-1-берене. Судьянын отставкасы
1. Судьянын кызмат ордунан кетиши же анын бошонушу судьянын отставкасы деп таанылат.
2. Ар бир судья жаш курагына карабастан өз каалоосу боюнча отставкага укугу бар. Эгерде судья катары анын жүрүш-турушу кынтыксыз болуп саналса жана ал ушул конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2, 4, 5, 11-пункттарында каралган негиздер боюнча бошотулса, же анын ыйгарым укуктары ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча токтотулса, судья отставкага кеткен же бошонгон деп эсептелет.
3. Отставкадагы судьяларга отставкадагы судьянын күбөлүгү Президент тарабынан белгиленген тартипте берилет.
4. Отставкадагы судьяда отставкадагы судьянын наамы, судьялык коомдоштукка таандуулугу, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда ал тарабынан айтылган пикир жана эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен гана билип туруп соттук адилетсиз актыны чыгарууда судьянын күнөөлүү экени белгиленбесе, сот тарабынан кабыл алынган чечим үчүн кол тийбестиктин кепилдиктери сакталып калат.
5. Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап турганда жана өзүн жаманатты кылуучу жоруктарга жана ошону менен сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол бергенге чейин отставкада деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же өзүн жаманатты кылуучу жоруктарга жана ошону менен сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол берген учурда судьянын отставкада болушун токтотуунун тартиби жана шарты Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча Президент тарабынан бекитилет.".
2. 35-берене төмөнкүдөй мазмундагы 25-бөлүк менен толукталсын:
"2-5. Судьянын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышкан, бирок андан өтпөй калган же өткөн, бирок судьянын кызмат ордуна шайланбай же дайындалбай калган судья ээлеп турган кызмат ордунан "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык ээлеп турган кызмат ордуна башка судьянын шайланышына же дайындалышына байланыштуу, аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан бошотулат.
Ушул конституциялык Мыйзамдын 27-1-беренесинин, 33-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 4-бөлүгүнүн экинчи абзацынын, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн жоболору судьянын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышкан, бирок андан өтпөй калган же өткөн, бирок судьянын кызмат ордуна шайланбай же дайындалбай калган судьяга жайылтылбайт.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |