КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 12-июлу № 135
2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү
Банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча Насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча Насыялык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Ислам Өнүктүрүү Банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |