Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 12-июлу № 137
Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүм объекттерин жайгаштыруу жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүм объекттерин жайгаштыруу жөнүндө Протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун Катчылыгына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |