Редакцияот 12.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 12-июлу № 139

 

2013-жылдын 20-майында кол коюлган "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

2013-жылдын 20-майында кол коюлган "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына кыргыз тараптын жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев