Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 15-июлу № 146
Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-майында кол коюлган "Аялдар ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-майында кол коюлган "Аялдар ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |