Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 17-июлу № 147
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 409-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбуланын биринчи абзацындагы "жана экономикалык" деген сөз ", экономикалык жана техникалык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 8-статьянын 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 10-статьяда:
3-пункттагы "Мамлекеттик" деген сөз "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пункттагы "Мамлекеттик" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 13-статьянын 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 14-статьяда:
1-пункттун үчүнчү абзацы "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;
4-пункттагы "сунуш кылууга же" деген сөздөр "сунуш кылууга жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пункттагы "жергиликтүү бийлик" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 38-статьянын 2-пунктунун сегизинчи жана тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |