МыйзамКүчүн жоготту

КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 150 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Конституциялык Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 19-июлу № 150

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

(КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 31-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же болбосо алардын биринчи орун басарларынан, статс-катчыларынан, орун басарларынан, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнөн" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 32-берененин 5-бөлүгүндө "Жогорку Кеңештин, парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалициясынын, депутаттык фракциялардын, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарында карамагындагы маселелерди кароодо Өкмөттүн атынан чыгат," деген сөздөр алып салынсын.

 

2-берене.

 

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев