Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-июлу № 161
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-1-статьянын 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 21-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни расмий аткарылганда катышып жаткандар аны турган бойдон угат (улуттук баш кийимди жана диний ынанымдары жылаңбаш туруу сыйлабоо актысы катары каралган адамдардын атайын баш кийимин албаганда - эркектер баш кийимсиз), мында Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин ырдайт жана оң колун төшүнүн сол ыптасына коюп турат.".
берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик гимнди аткарууда жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин көтөрүүдө (алып чыгууда) формалык кийим кийип жүрүү каралган аскер кызматчылары жана башка адамдар үчүн жүрүм-турум эрежелери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |