Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-июлу № 162
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 725-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4. Эгерде сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүгө тийиш.
5. Заем келишиминин нотариаттык түрүн сактабагандык анын анык эместигине алып келет. Кредит берүүчү ал боюнча нотариаттык түр сакталбаган заем келишими боюнча пайыздарды төлөөнү талап кылууга укуксуз.".
2. 726-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Эгерде заем келишиминде сүткорлук пайыздык ставкалар белгиленсе, анда сот аларды мыйзам менен белгиленген тартипте аныкталган чектик жол берилген пайыздын алкагында карайт.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссиялык сыйакынын жана кызматтар үчүн акынын өлчөмү микрофинансы уюмдары тарабынан кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык өз алдынча белгиленет.
Пайыздын ставкасынын өлчөмү сүткорлукту чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, микрофинансы уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |