Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 24-июлу № 163

 

Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин жана чектөө белгилөөнүн укуктук негиздерин аныктайт.

 

1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү

 

Ушул Мыйзамдын колдонулушу насыячыларга - сүткорлук иштин аныктамасына туш келген пайыздарда карызга зайымдарды жана насыяларды берүүчү жеке жана юридикалык жактарга (менчигинин формасына карабастан) жайылтылат.

 

2-берене. Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын

мыйзамдары жана анын колдонулуу чөйрөсү

 

1. Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Конституцияга, Граждандык кодекске, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына негизделет.

2. Пайыздык коюмдарды сот тартибинде чектөө маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын ченемдери ушул Мыйзамга карама-каршы келбөөсү тийиш.

 

3-берене. Ушул Мыйзамдын максаты

 

Зайымдардын жана насыялардын пайыздык коюмдарынын өлчөмүн адилеттүү аныктоону камсыз кылуу аркылуу керектөөчүлөрдүн - зайымчылардын укуктарын коргоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

 

4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги терминдер жана

түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамдын максаттарында төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:

чектүү жол берилүүчү пайыз - бул ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан насыяларды же зайымдарды ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берүү боюнча, андан жогоркусу мамлекет тарабынан таанылбаган пайыздык коюмдардын өлчөмү;

жогорку пайыз - жылдык чектүү жол берилүүчү жана андан жогору пайыздык өлчөмдөгү пайыздык ставка;

зайым - күчүнөн бир тарап (насыячы) башка тараптын (зайымчынын) менчигине акчалай жана/же материалдык каражаттарын өткөрүп берген, ал эми зайымчы насыячыга пайыздарды төлөө менен жана андайсыз акчалай жана/же материалдык каражаттарды ошол эле өлчөмдө кайтарып берүүгө милдеттенген милдеттүү мамилелердин түрү;

насыя - бул насыячы тарабынан зайымчыга келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берилүүчү акча каражаттары, ал эми зайымчы алынган акчалай сумманы кайтарып берүүгө жана ага пайыздарды төлөп берүүгө милдеттенет;

зайымчы - кайтарып берүүчүлүктүн жана акы төлөөчүлүктүн шарттарында насыянын, зайымдын каражаттары боюнча акчалай жана/же материалдык каражаттарды насыячыдан алган жеке же юридикалык жак;

насыячы - кайтарып берүүчүлүктүн жана акы төлөөчүлүктүн шарттарында насыя, зайым аркылуу акчалай жана/же материалдык каражаттарды зайымчыга берген жеке же юридикалык жак;

сүткорлук - акчалай жана/же материалдык каражаттарды жогорку пайыз менен насыяга, зайымга берүү;

сүткорлук иш - келишимде каралган акчалай жана/же материалдык каражаттарды пайдалангандыгы үчүн жогорку пайыздарды кароо менен мөөнөттүүлүктүн, кайтарып берүүчүлүктүн жана акы төлөөчүлүктүн негизинде акчалай жана/же материалдык каражаттарды берүү боюнча жеке жана юридикалык жактардын иши;

сүткорлуктун пайыздык коюмдары - насыя келишими же зайым келишими боюнча чектүү жол берилүүчү пайыздан ашкан өлчөмдөгү пайыздык коюмдар.

 

5-берене. Зайымчынын насыячы менен өз ара мамилелери

 

1. Зайымчынын насыячы менен мамилеси насыя келишиминин же зайым келишиминин негизинде (кат жүзүндө), жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Келишимде сүйлөшкөн тараптардын негизги шарттары, б.а. келишимдин предмети; тараптардын укугу, милдети жана жоопкерчилиги; насыя, зайым боюнча пайыздарды төлөөнүн шарты жана тартиби; жылдык эсептөөдөгү гана пайыздык коюмдун өлчөмү; операцияларды жүргүзүү коюмдары жана тарифтери; келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби; мөөнөттөр; келишимдин шарттарын аткарбаганы, өз мезгилинде аткарбаганы үчүн санкциялар; тараптардын сүйлөшүүлөр боюнча башка шарттары каралат.

 

6-берене. Пайыздык коюмдарды чектөө

 

1. Чектүү жол берилүүчү пайыздын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган 15 пайыз кошула турган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык коюмдан улам эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансы-насыялык мекемелердин колдонуудагы насыялар боюнча орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык коюму Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жарым жылдык негизде эсептелет жана анын расмий сайтына жарыяланат.

Орточо салмактап алынган коюмдун пайызын эсептөөнүн усулу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталат.

3. Сүткорлук иште зайымчы насыячынын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган учурда зайымчынын күрөө мүлкүн алып коюу сот тартибинде гана жүргүзүлөт.

4. Зайымчынын насыячынын алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо насыянын же зайымдын колдонулушунун бүткүл мезгили үчүн кошуп эсептелүүчү бышмананын (айыптардын, туумдардын) өлчөмү берилген насыянын же зайымдын суммасынын 20 пайызынан ашпоосу тийиш.

5. Эгерде насыя келишиминде же зайым келишиминде пайыздардын өлчөмү чектүү жол берилүүчү пайыздан аз аныкталса, сот келишимде көрсөтүлгөн коюмдардын алкагында карайт, эгерде насыя келишиминде же зайым келишиминде чектик жол берилүүчү пайыздын өлчөмүнөн ашык аныкталса, сот чектүү жол берилүүчү пайыздын өлчөмүнүн алкактарында гана карайт.

 

7-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айлык мөөнөттө өзүлөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу ушул Мыйзам колдонууга киргизгенге чейин тындырылбаган насыялар жана зайымдар боюнча насыячылар менен зайымчылардын ортосунда пайда болгон мамилелерге жайылтылат.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев