Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 30-июлу № 169
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
2-берене.
(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
3-берене.
"Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8 378-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьяда:
1-бөлүгүндө ", ички иштер органдары жана башка мамлекеттик органдар" деген сөздөр "кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө "же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка өкүлчүлүктүү органынын" деген сөздөр алынып салынсын.
2. 9-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аксакалдар сотунун курамына элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, айылдардын, шаарчалардын жана шаарлардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары шайлана алышат.".
3. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы "е" пункту менен толукталсын:
"е) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча.".
4. 18-статьянын "в" пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) сот, прокурор жана кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилген материалдар;".
5. 28-статьянын 1-бөлүгүнүн "д" пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эң төмөнкү үч айлык акыга чейинки өлчөмүндө" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |