Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 30-июлу № 172
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Эркин-Тоо гезити, 1998-жылдын 16-сентябры, № 133-140) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын Уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Коргоо министри», «Кыргыз Республикасынын Коргоо министри» деген сөздөр, эгерде ушул Мыйзамдын тексти боюнча башкача каралбаса, «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери» деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелеринде, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде уюштуруу-штаттык түзүмүнүн кайра уюштурулушуна байланыштуу полктун ордуна бригадалык тутум киргизилет.
Ушул Устав Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларынын жалпы укуктарын жана милдеттерин жана алардын ортосундагы өз ара мамилелерди, полктун (бригаданын) жана анын бөлүкчөлөрүнүн кызмат адамдарынын негизги милдеттерин, ошондой эле ички тартиптин эрежелерин белгилейт.
Ушул Уставды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик башкаруу органдарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелеринин (мындан - ары аскер бөлүктөрү), Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары жетекчиликке алат.
Уставдын күчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына, ошондой эле аскердик жыйындарга чакырылган жарандарга (мындан ары - аскер кызматчылары) жайылтылат.
3. «Аскер бөлүгүнүн күжүрмөн туусу» бөлүмүнүн 2-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн жана Мыйзам менен аскер кызматы каралган мамлекеттик органдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 5-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Аскер кызматчыларына төмөнкүлөр кирет:
- контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана солдаттар;
- кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелеринин курсанттары;
- мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн старшиналар, сержанттар жана солдаттар (мындан ары - мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары).».
5. 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аскер кызматчыларынын укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин мазмуну жана көлөмү алардын аскердик кызмат милдеттерин (кызматтык милдеттерди) аткарып жүргөндүгүнө же жүрбөгөндүгүнө жараша болот.
Аскер кызматчылары тарабынан аскер кызматынын милдеттерин аткаруу деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- согуш аракеттерине катышуу;
- жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерди аткаруу;
- машыгууларга катышуу;
- аскердик жыйындардан өтүү, жыйындар өтүүчү жерге баруу жана келүү;
- эгерде бул кызматтык зарылчылык менен байланышкан болсо, кызматтык убактысынын белгиленген иш тартибинин ичинде же башка убакытта аскердик бөлүктүн аймагында болуу;
- кызматтык иш сапарда болуу, иш сапары белгиленген жерге баруу жана келүү;
- кызматта болуу, кызматка баруу жана келүү;
- дарыланууда болуу, дарылануучу жерге баруу жана келүү;
- өргүүнү өткөрүүчү жерге баруу жана келүү;
- туткунда, барымтага кармалган же камалган абалда болуу;
- аскер кызматчы дайынсыз жоголду деп таанууга же Мыйзамда белгиленген тартипте каза болду деп жарыялаганга чейин дайынсыз жоголуу;
- инсандын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо;
- адамдын өмүрүн, ден соолугун жана ар-намысын коргоо, укук тартибин сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча укук коргоо органдарына жардам көрсөтүү;
- сот тарабынан коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында жасалган деп таанылган, аскер кызматчысынын башка аракеттерди жасаганы;
- өзгөчө кырдаалдар жана аскердик абалдагы шарттарда, ошондой эле куралдуу чыр-чатактар шарттарында тапшырмаларды аткаруу;
- тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча тынчтыкты сактоо операцияларына катышуу;
- жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу жана аймактык коргоону уюштуруу боюнча тапшырмаларды аткаруу.
Өзүлөрүн өз эрки менен алкоголдук, баңгизаттык же токсикалык мас абалга келтирген; жазык мыйзамдарында каралган коомдук коркунучтуу жосундарды жасаган; эгерде көрсөтүлгөн аракеттер оорулуу абалдан же өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүүдөн улам келип чыкпаса, өзүн-өзү өлтүргөн же өзүн-өзү өлтүрүүгө кол салган; аскер бөлүгү жайгашкан жерден тышкары эс алууда, убактылуу бошотууда жүргөндө, ошондой эле туткунда, барымтага алуу же камакка алуу абалында болгон учурлардан, сот тарабынан коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган деп таанылган башка аракеттерден тышкары, кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн аймагынан же аскер бөлүгүнүн чегинен тышкары өзү билип жүргөн аскер кызматчылары аскердик кызматынын милдеттерин аткарды деп эсептелбейт.
Зарыл учурда аскер кызматчысы командирдин (зардалдын) буйругу боюнча аскер кызматынын милдеттерин аткарууга кайсы гана убакта болбосун киришүүгө милдеттүү.
Аскер кызматчылары аскер кызматынын милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелет жана мамлекеттин коргоосунда болушат.»;
6. 10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Аскердик антты бергенге чейин аскер кызматчысы күжүрмөн тапшырмаларды (күжүрмөн аракеттерге катышууга, күжүрмөн кезметчиликти, күжүрмөн кызматты, кароол кызматын өтөөгө) жана өзгөчө абалдын режимин киргизүүдө тапшырмаларды аткарууга тартылбайт; аскер кызматчыларына курал-жарак жана аскердик техника бекитилип берилбейт, аскер кызматчыга тартиптик аскер бөлүгүндө камоо түрүндөгү жаза колдонулбайт.».
7. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
11. Аскер кызматчылары аскер кызматынын милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык курал-жаракты сактоого, алып жүрүүгө, колдонууга жана пайдаланууга укуктуу.
Аскер кызматчылары тарабынан курал-жаракты сактоо эрежеси, аны колдонуунун шарты жана тартиби ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында аныкталат. Курал-жаракты алып жүрүүдө жана колдонууда аскер кызматчылары анын сакталгандыгын камсыз кылышы керек жана ага бөтөн адамдардын тийүүсүнө жол бербеши керек.
Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык курал-жаракты жеке өзү же бөлүктүн курамы менен колдоно алат, ал эми командирлер (зардалдар) зарыл коргонуу абалында өмүрдү, ден соолукту жана менчикти коргоо үчүн же өтө зарылдык болгон төмөнкү учурларда баш ийгендерге курал колдонууга буйрук бере алат:
- эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен аларды коргоого мүмкүн болбосо, кайтарылуудагы мамлекеттик жана аскердик объекттерге, ошондой эле аскердик бөлүктөр жана бөлүкчөлөр, аскердик бөлүктөрдүн имараттары жана курулмалары жайгашкан жерлерге. аскердик эшелондорго, машиналардын колонналарына, жалгыз транспорттук каражаттарга жана кароолдорго куралдуу же топтук кол салуулардын мизин кайтаруу үчүн;
- эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен аларды коргоого мүмкүн болбосо, курал-жаракты жана аскердик техникаларды күч менен ээлеп алууга болгон аракетке бөгөт коюу үчүн;
- эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен аларды коргоого мүмкүн болбосо, аскер кызматчыларын жана жарандык адамдарды, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кол салуудан коргоо үчүн;
- эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен каршылыкты басууга, кылмышкерди кармоого же андан курал-жаракты алууга мүмкүн болбосо, укукка каршы келген аракеттерди жасаган жана куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле курал-жаракты өткөрүп берүү жөнүндө мыйзамдуу таланты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн.
Командир (зардал) мындан тышкары, согуш шарттарында кол алдындагы адам ачыктан-ачык баш ийбеген учурда, баш ийбеген адамдын аракети мамлекетке чыккынчылык кылууга же күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда, ошондой эле өзгөчө абал шарттарында тапшырмаларды аткарууда үзгүлтүккө учуратууга багытталганда жеке курал колдонууга же баш ийген адамдын курал колдонуусуна буйрук берүүгө укуктуу.».
8. 12-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«12. Курал-жарак колдонуу ага каршы курал колдонулган адамга бул жөнүндө ачык айтып эскертүү менен коштолушу керек, төмөнкү учурлардан тышкары: курал-жарак колдонууну кечиктирүү аскер кызматчысынын же башка жарандардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч түзгөн учурда же башка оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгондо; курал-жаракты согуш жана атайын техникаларын, транспорттук каражаттарды, учуучу аппараттарды, деңиз же дарыя кемелерин колдонуу менен кол салуунун мизин кайтарууда; кайтаруудан курал-жарак менен же транспорттук каражаттарда качканда, көрүү чектелген шарттарда качканда, ошондой эле транспорт каражаттарында бара жаткан учурда камактан качканда эскертүүсүз колдонулат.
Аскер кызматчылары курал-жаракты айгай белгисин берүү же жардамга чакыруу үчүн, ошондой эле адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген жаныбарларга каршы колдонууга укуктуу.
Курал-жараты колдонууда жана пайдаланууда аскер кызматчысы айланадагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө, ал эми зарыл болгон учурда жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен мындай кол салуунун же каршылык көрсөтүүнүн мизин кайтаруу мүмкүн болбосо, бул адамдар тарабынан аскер кызматчыларынын же башка жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган куралдуу же топтук кол салуудан башка учурлардан тышкары, аялдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, эгерде алардын жашы белгилүү болсо, жашы жетелектерге карата курал-жарак колдонууга тыюу салынат.
Курал-жарак колдонуунун жана пайдалануунун ар бир учуру жөнүндө аскер кызматчысы командирге (зардалга) билдирип турат.
Курал-жаракты уурдоонун, жоготуунун, бузуунун же катардан чыгаруунун бардык учурлары жөнүндө аскер кызматчылары өзүнүн түздөн-түз зардалына билдирүүгө милдеттүү. Аскер бөлүгүнүн командири кызматтык иликтөө дайындайт, ички иштер органдарына, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарына жана аскер прокуратурасынын органдарына моделин, калибрин, сериясын, номерин, ар бир бирдиктин чыккан жылын көрсөтүү менен курал-жаракты уурдатуунун же жоготуунун кырдаалдары жөнүндө билдирет жана уурдалган же жоголгон курал-жаракты издөө боюнча чараларды көрөт.
Уурдалган же жоголгон курал-жарак аскердик бөлүккө кайтарылган учурда аскердик бөлүктүн командири 3 сутканын ичинде курал-жарактын уурдалганы же жоготулганы жөнүндө мурда билдирилген мамлекеттик органдарды маалымдоого милдеттүү.».
9. 13-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «КР» аббревиатурасы «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 15-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мамлекеттик жана расмий тилдери колдонулат. Мамлекеттик тилди же расмий тилди начар билген аскер кызматчыларына окуу куралдары берилет, тилди үйрөнүү үчүн убакыт бөлүнөт жана шарттар түзүлөт.».
11. 19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. Аскер кызматчысы эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин, жарадарлар, оорулуулар, медициналык персонал, диний адамдар, согуштук аракеттер болгон райондордогу жарандык калк, ошондой эле согуш туткундары менен сүйлөшүүнүн эрежелерин билүүгө жана сактоого милдеттүү.».
12. 22-беренеде:
1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бул милдеттер жана аларды аткаруу тартиби ченемдик укуктук актыларда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында, ошондой эле алардын негизинде иштелип чыгуучу буйруктарда, директиваларда жана тескемелерде белгиленет.»;
2-бөлүгүндөгү «мыйзам актылары» деген сөздөр «ченемдик укуктук актылар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 25-беренеде «түзөтүү иштери,» деген сөздөр алып салынсын.
14. 27-беренедеги «аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө Жобого ылайык» деген сөздөр «Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык» деген сөздөргө алмаштырылсын».
15. 28-берененин экинчи сүйлөмү алып салынсын.
16. 36-берененин 2-бөлүгүндө «(укук актысы)» деген сөздөр алып салынсын.
17. 69-беренедеги «мас абалында» деген сөздөр «алкоголдук, баңгизаттык же токсикалык мас абалында» деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. 70-берененин биринчи бөлүгүндө «Президенти тарабынан» жана «коргоо министри бекиткен» деген сөздөр тийиштүү түрдө «өкмөтү тарабынан» жана «Өкмөтү бекиткен» деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 74-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«Командир (зардал) күжүрмөн даярдыктын жүрүшүндө баш ийген аскер кызматчыларын укуктук жактан окутууну жана эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин үйрөнүүнү уюштурууга милдеттүү. Аскер бөлүгү (бөлүкчөсү) тарабынан күжүрмөн тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүндө командир (зардал) күжүрмөн уставдардын талаптарын жетекчиликке алуу менен эл аралык гуманитардык укуктун ченемдеринин сакталышы боюнча чараларды көрүшү, ал эми алардын бузулушуна күнөөлүүлөрдү тартиптик жоопкерчиликке тартууга тийиш. Мындай учурда баш ийген адамдардын аракеттеринен (аракетсиздигинен) кылмыш курамынын белгилери аныкталган учурда аскер бөлүгүнүн командири Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кызматтык иликтөө дайындайт жана аскер прокуратурасынын органдарына билдирет.».
20. 80-берененин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- өзүнүн кызматтык ишине тийиштүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин билүүгө жана аларга ылайык иштөөгө, ошондой эле баш ийгендерден аларды сактоону талап кылууга;».
21. 83-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«83. Командир (зардал) жарандык персоналдын эмгектик ишине байланыштуу маселелерди чечүүдө эмгек мыйзамдарын, Мыйзам менен аскердик кызмат белгиленген, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйүзам менен аскер кызматы каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилерине тийиштүү бөлүгүндөгү ченемдик укуктук актылардын негизинде чыккан буйруктарды жетекчиликке алууга милдеттүү.».
22. 91-беренеде:
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- бөлүкчөлөрдү жайгашкан жерди, аны кайтарууну жана аларды коргоону, кароол жана ички кызматтарды контролдоону уюштурууга, алардын өтөлүшүн текшерүүгө;»;
он үчүнчү абзацтагы «кылмыш-жаза ишин козгоого же административдик тергөө дайындоого» деген сөздөр «кызматтык иликтөө дайындоого» деген сөздөргө алмаштырылсын
берене төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды полкто (бригадада) уюштурууга, бул максаттар үчүн бөлүнгөн күчтөрдү жана каражаттарды түздөн-төз жетектөөнү ишке ашырууга;»;
жыйырма экинчи абзацтагы «администрациялык иликтөө дайындоого жана күнөөлүү адамдарда жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өз убагында чечим кабыл алууга» деген сөздөр «кызматтык иликтөө дайындоого жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген компетенциясына ылайык күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга» деген сөздөргө алмаштырылсын.
23. 96-берененин он экинчи абзацында «ошондой эле камакка алынгандардын (камакка кармалгандардын) гауптвахтада кармалышын» деген сөздөр алып салынсын.
24. 125-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«125. Өзүнчө батальондун командиринин орун басарлары жана кызматтарынын зардалдары өзүнүн практикалык ишинде полктун (бригаданын) тиешелүү кызмат адамдары үчүн ушул Уставда каралган милдеттерди жетекчиликке алышат.».
25. 155-берене төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«- өзүнүн кызматтык ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин, ошондой эле эл аралык таанылган таанып билүү каражаттарын, айырмалоо белгилерин жана сигналдарын билүүгө.».
26. 161-беренедеги «Мөөнөтүнөн ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчылары» деген сөздөр «Контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн старшиналар, сержанттар жана солдаттар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
27. 225-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн офицерлердин, прапорщиктердин жана старшиналардын, сержанттардын жана солдаттардын ар жумалык кызмат өтөө убактысынын жалпы узактыгы эмгек мыйзамдарында белгиленген жумуш убагынын узактыгынан ашпоого тийиш.».
28. 226-берененин 2-бөлүгүндөгү «мөөнөтүнөн ашык кызмат өтөгөндөр» деген сөздөр алып салынсын.
29. 259-беренедеги «мас абалындагы» деген сөздөр «алкоголдук, баңгизаттык зат же токсикалык мас абалындагы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
30. 289-берененин 2-бөлүгүндөгү «кармалгандардын китеби боюнча кармалгандардын (камакка алынгандардын) санын жана алардын гауптвахтада кармалышынын мөөнөттөрүн» деген сөздөр «гауптвахтада кармалган аскер кызматчыларын эсепке алуу китеби боюнча алардын санын жана кармоо мөөнөттөрүн» деген сөздөргө алмаштырылсын.
31. 291-беренеде:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн полктун (бригаданын) аскер кызматчыларына. курал-жарактарды жана ок-дарыларды берүү китебине (12-тиркеме) жеке кол койдуруп ал эми айгай учурунда - карточкалар боюнча штаттык куралды, ага ок-дарыларды, радиоактивдүү нурлануунун дозасын жеке өлчөгүчтөрдү берүүгө жана алардын өз убагында өткөрүлүшүн контролдоого; бөлүктөрдөгү курал-жарак сакталган бөлмөнүн кайтаруу сигнализациясы санкциясыз иштеген учурда анын иштеп кетишинин себебин тактоого, курал-жарактардын жана ок-дарылардын урдалуусуна бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана кайтарууга сигнализацияны кошууну контролдоого;»;
он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
32. 292-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«292. Кечки текшерүүдөн жана эртең мененки кароодон кийин полк (бригада) боюнча кезметчи бөлүктөр боюнча кезметчилерден баяндамаларды алат жана жок болгондор жөнүндө маалыматтарды түзөт, ал эми өзү билип кетип калгандар болсо алардын тизмесин түзөт. Ушул тизмени полктун (бригаданын) командирине эртең мененки баяндамадан кийин берет.».
33. 305-беренеде:
экинчи абзацтагы «ротадагы ашык мөөнөттө кызмат өтөгөн сержанттарга» деген сөздөр «контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн ротанын старшиналарына жана сержанттарына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- ротанын турган жерин жана аны чакыруунун тартибин, ротадагы адамдардын санын, нарядда болгондордун, оорулуулардын, полктун (бригаданын) аймагынан чыгарылгандардын же команданын курамында жөнөтүлгөндөрдүн санын, ошондой эле курал-жарактын бар экендигин жана так чыгымдалышын билүүгө;».
34. 342-беренеде:
бешинчи абзацтагы «иши» деген сөз «кызматтык иши» деген сөздөргө алмаштырылсын;
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары гауптвахтага жөнөтүлөөр алдында, кийин - мончодо жуунуу күндөрү.».
35. 356-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Гауптвахтада кармалган аскер кызматчылары мончого Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында аныкталган тартипте, алар үчүн бөлүнгөн убакытта өзүнчө жиберилет.».
36. 361-беренедеги «Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин жана Коргоо министрлигинин Башкы штабынын зардалынын» деген сөздөр «коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалынын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
37. 364-беренедеги жана 368-берененин биринчи бөлүгүндөгү «Коргоо министрлигинин» деген сөздөр «Куралдуу Күчтөрүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын.
38. 75, 91-беренелерге 1-тиркеменин 5-пунктунун төртүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги» деген сөздөр «Коргоо маселесин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
39. 289, 297, 311, 317, 383-беренелерине 10-тиркеменин 3-пунктундагы:
- жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- гауптвахтада кармалган аскер кызматчыларын эсепке алуу китеби;»;
- кырк үчүнчү абзацтагы «камалгандар» деген сөз «гауптвахтада кармалган аскер кызматчылары» деген сөздөргө алмаштырылсын.
40. 12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 17-тиркеме менен толукталсын:
«292-беренеге
17-тиркеме
Ачып жайылган катарга туруу каты
____________________ аскер бөлүгүнүн (ротанын) __________________________
________________________________________ аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы (а/наамы, аты-жөнү) |
Экинчи бети Иш санарына жөнөтүлгөндөр
Жоктор
________________________________________ аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы (а/наамы, ата-жөнү) |
».
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президент |
А. Атамбаев |