Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 30-июлу № 173
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
1-берене. «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Too» газетасы, 1998-жылдын 23-сентябры, № 143-150) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы «Коргоо министрлигинин Башкы штабы» жана «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Башкы штабы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бүткүл текст боюнча «Коргоо министрлиги», «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги,» «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги» жана «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги.» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган,» жана «коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 1-тиркемени кошпогондо, бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы «Кыргыз Республикасынын Коргоо министри» жана «Коргоо министри» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси,» деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ушул Устав гарнизондук жана кароол кызматтарынын арналышын, уюштуруу жана өтөө тартибин, гарнизондук кызмат адамдарынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, ошондой эле аскерлердин катышуусу менен гарнизондук иш-чараларды өткөрүүнү жөнгө салат.
Уставдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана Мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына, ошондой эле аскердик жыйындарга чакырылган жарандарга (мындан ары - аскер кызматчылары) жайылтылат.».
5. 3-статьянын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Гарнизондордун тизмеги жана алардын чек аралары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.».
6. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Аскерлер полигондорго жана лагерлерге жайгашканда аскердик тартипти сактоо, полигондордун объекттерин жана жалпы лагердик объекттерди кайтаруу иш-чаралары ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставына ылайык жүргүзүлөт.».
7. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
«12. Гарнизондордо аскер кызматы боюнча жогору турган тиешелүү кызмат адамдарынын ичинен гарнизондун зардалынын буйругу менен, ушул Уставдын 9-статьясында көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, төмөнкүлөр дайындалат:
- гарнизон зардалынын оорук боюнча орун басары;
- гарнизондун байланыш зардалы;
- гарнизондун радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо кызматынын зардалы;
- гарнизондун медицина кызматынын зардалы;
- гарнизондун ветеринардык кызматынын зардалы;
- гарнизондун финансы кызматынын улук зардалы;
- гарнизондун өрткө каршы коргоо жана куткаруу иштеринин кызматынын зардалы;
- гарнизондун аскердик оркестринин аскер дирижёру (гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн биринде аскердик оркестр болгондо).
Аскердик шаарчада бир нече аскердик бөлүктөр жайгашканда гарнизондун зардалынын буйругу менен аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин ичинен аскердик шаарчанын улугу шайланат.
Гарнизондук гауптвахтанын зардалы болуп офицер дайындалат. Ал бир эле убакта гарнизондун аскердик комендантынын жардамчысы болуп саналат. Бул кызмат штатта каралбаган жерде гарнизондук гауптвахтанын зардалынын милдетин гарнизондун аскердик комендантынын жардамчыларынын бири (офицер) аткарат.
Гарнизондун бардык кызмат адамдары түздөн-түз гарнизондун зардалына, ал эми гарнизондук гауптвахтанын зардалы жана аскер дирижёру гарнизондун аскер комендантына баш ийет.».
8. 13-статьяга «Гарнизондун аскердик коменданты менен гарнизондук гауптвахтанын зардалынан» деген сөздөр «Гарнизондун аскер комендатурасынын курамына кирген адамдардан» деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 15-статьянын 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацында «камалгандарды гауптвахтада кармоонун тууралыгын» деген сөздөр «аскер кызматчыларын гарнизондук гауптвахтада кармоонун эрежесин (14-тиркеме)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
10. 18-статьянын 2-бөлүгүндө:
экинчи абзацы «аскердик юстиция органдары менен» деген сөздөрдөн кийин «(аскер соттору жана аскер прокуратурасынын органдары менен)» деген сөздөр менен толукталсын»;
он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- гарнизондук жана ички кароолдордун кызмат өтөөсүн, гарнизондук гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоонун мыйзамдуулугун жана эрежелеринин сакталышын (14-тиркеме), ошондой эле кароолдордун өздүк курамы жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары менен тарбиялык иштин уюштурулушун жана өткөрүлүшүн айына бир жолудан кем эмес текшерүүгө;».
11. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. Гарнизондун аскердик коменданты аскер кызматчыларынын көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда аскердик тартипти сакташы, гарнизондук кароолордун, наряддардын, патрулдардын жана ААИнин контролдоочу тозотторунун кызматты туура жана кыраакылык менен өтөөсү үчүн жооп берет.
Гарнизондун зардалынын чечимдерин аткарууда гарнизондун аскер коменданты гарнизондун зардалынын атынан алардын ичинен эң маанилүүлөрүн ага билдирип туруу менен буйрук берүүгө укуктуу.».
12. 20-статьянын он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- аскер кызматчыларын гарнизондук гауптвахтада кармоонун эрежелерин жумасына бир жолудан кем эмес текшерүүгө (14-тиркеме); гауптвахтанын зардалына гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын мончого жиберүү жөнүндө, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын же соттун жазуу жүзүндөгү талабы боюнча камакка алынган шектүүлөрдү, күнөөлүүлөрдү, кармалгандарды суракка же сотко жиберүү жөнүндө, ошондой эле ооруп калгандарды аскердик-медициналык (медициналык) мекемеге (бөлүкчөгө) жиберүү жөнүндө жазуу жүзүндө буйрук берүү;».
13. 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. Гарнизондун аскер коменданты өзү жана ага баш ийген кызмат адамдары аркылуу аскер кызматчыларынан кечелерде жана башка коомдук жайларда аскердик тартиптин бекем сакталышын талап кылууга, алардын бир дагы жоругун чара көрүүсүз калтырбоого милдеттүү.
Гарнизондун аскер коменданты аскердик наамы боюнча өзүнөн кичине же тең аскер кызматчылары тарабынан аскердик тартип бузулган учурда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- эскертүү жасоого жана (же) атайын даярдык боюнча машыгууларды жана аскердик кийимди кийүү жана (же) аскердик саламдашууну аткаруу эрежелерин бузган аскер кызматчылары менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарын (жалпы аскердик уставдар) үйрөтүүнү уюштурууга;
- гарнизондо болгон аскер кызматчыларына карата тартиптик жоруктар жөнүндө материалдар боюнча өндүрүштү камсыз кылуу чараларын аткарууну уюштурууга (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына 5-тиркеме);
- одоно тартиптик жоруктарды жасаган аскер кызматчысына карата териштирүү жеке өзү жүргүзгөнгө же дайындоого жана ага берилген тартиптик бийликтин чегинде тартиптик жаза колдонууга же териштирүүнүн материалдарын аскер кызматчысы аскер кызматын өтөгөн аскер бөлүгүнүн командирине чечим кабыл алуу үчүн жиберүүгө.
Кармалган аскер кызматчылары гарнизондун аскер комендатурасынын кармалган аскер кызматчылары үчүн бөлмөлөрдө же болбосо гарнизондук гауптвахтада кармалган аскер кызматчылары үчүн камераларда кармалат. Аскер кызматчысын кармоо мөөнөтү 3 сааттан, ал эми аскер кызматчысы кылмыш жасаганына шектенүү боюнча кармалган учурда, бөгөт коюу чараларын тандоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн аскер прокуроруна жана кармалган аскер кызматчысы аскердик кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн зардалына токтоосуз билдирүү менен - 48 сааттан ашпоого тийиш.
Аскер кызматчысын кармоо мөөнөтү аны аскердик комендатурага (аскердик бөлүккө)''жеткирген учурдан тартын эсептелет.
Аскердик наамы боюнча улук аскер кызматчысы аскердик тартипти бузган учурда, гарнизондун аскер коменданты ага кайрылат жана гарнизондун зардалынын атынан аскердик тартипти бузууну токтотууну талап кылат. Кыйла чечкиндүү чараларды көрүү зарыл болгондо, гарнизондун аскер коменданты бул жөнүндө гарнизондун зардалына токтоосуз билдирет жана анын көрсөтмөсү боюнча аракеттенет.
Аскердик тартипти бузууга жол берген аскер кызматчысына карата көрүлгөн бардык чаралар жөнүндө гарнизондун аскер коменданты бул аскер кызматчынын өргүү билетине, иш сапар күбөлүгүнө же жазма буйругунда тиешелүү белгини коюу менен аскер бөлүгүнүн командирине билдирет жана гарнизондун зардалына баяндайт.».
14. 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«22. Гарнизондун аскер коменданты эгерде зарыл болсо, аскердик тартипти бузган аскер кызматчысынан анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди көрсөтүүнү талап кылат, ал эми алар болбогондо же туура эмес жол-жоболоштурулганда, аскер кызматчысын кармайт жана гарнизондун аскер комендатурасынын кармалган аскер кызматчылары үчүн бөлмөсүнө же болбосо гарнизондук гауптвахтадагы кармалып турган аскер кызматчылары үчүн камерага киргизет.
Эгерде кармалган аскер кызматчысынын инсандыгы анын документтери жоктугунан улам 3 сааттын-ичинде белгилүү болбосо, гарнизондун аскер коменданты бул жөнүндө гарнизондун зардалына токтоосуз билдирет.».
15. 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23. Кармалган аскер кызматчыларын эсепке алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт: гарнизондун аскер комендатурасында - белгиленген форма (аскердик наамы, фамилиясы, аты жана атасынын аты, аскердик бөлүктүн номери, анын почта дареги, баш ийүүсү жана аймактык командачылыктын (Күчтөрдүн) аталышы, ким тарабынан жана эмне үчүн кармалды, кабын алынган буюмдар, документтер жана акчалар, кимге билдирилди жана кандай чаралар көрүлдү) боюнча кармалган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебинде; гауптвахтада - гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебинде (14-тиркеме).».
16. 28-статьянын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ал өз ишин ушул Уставдын 20-статьясына жана гарнизондун аскер комендантынын көрсөтмөлөрүнө ылайык жүзөгө ашырат.».
17. 30-статьянын 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- транспорт жана коммуникациялар маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык жана ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрү жана мамлекеттик бийликтин башка органдары менен алардын байланыш каражаттарын гарнизондун аскер бөлүктөрүнүн кызыкчылыктарында пайдалануу маселелерин чечүүгө;».
18. 32-статьянын 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- гарнизондук кароолдордун жана гауптвахтанын жайларынын санитардык абалын айына бир жолудан кем эмес текшерүүгө; гарнизондук гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларды медициналык жана дене боюн кароону уюштурууга, ошондой эле зарыл болгондо - алып келинген жана кармалган аскер кызматчыларын медициналык күбөлөндүрүүгө жана ага муктаждарга медициналык жардам көрсөтүүгө;».
19. 34-статьянын 2-бөлүгүнүн тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын финансы кызматынын жогорку турган органынын тапшырмасы боюнча гарнизондун аскер бөлүктөрүнүн финансы-чарбалык иштеринин айрым маселелери жана ревизиялардын жана текшерүүлөрдүн актылары боюнча сунуштарды аткаруу боюнча текшерүү жүргүзүүгө;».
20. 37-статьянын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ал коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын курулуш жана аскерлерди квартираларга жайгаштыруу боюнча түзүмдүк бөлүгүнүн зардалына баш ийет.».
21. 44-статьянын 1-бөлүгүндө «камалгандарды» деген сөз «гауптвахтадагы аскер кызматчыларын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
22. 45-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«45. Гарнизондук гауптвахтанын зардалы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- тиешелүү документтердин болуусун жана туура жол-жоболоштурулушун текшерүү менен гауптвахтада кармалууга жаткан аскер кызматчыларын кабыл алууга, ошондой эле мындай аскер кызматчыларынын эсебин алууга жана аларды кармоонун эрежелеринин так аткарылышын камсыз кылууга (14-тиркеме);
- гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоо үчүн негиз болуучу документтерди сактоого (тартиптик жорук жөнүндө материалдар боюнча өндүрүштү камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө протокол, соттун токтому же аныктамасы, өкүмдүн көчүрмөсү) жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын башка документтеринин жана буюмдарынын сакталышын камсыз кылууга;
- кароолдун кызмат өтөө жерине келиши боюнча гауптвахтанын алдындагы кароолдун зардалына нускама берүүгө;
- ишке киришип жаткан кароолдун зардалына гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын аты аталган тизмелерин тапшырууга (14-тиркеме), ушул тизмелерге зарыл өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизүүгө;
- жумасына бир жолудан кем эмес гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына эртең мененки кароолорду жана кечки текшерүүлөрдү камералар боюнча жүргүзүүнү текшерүүгө;
- жуунуп-тазалануу, тамактануу, табигый муктаждыктарын аткаруу жана сейилдөө убагында гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эшикке чыгуунун жана кайтаруунун тартибин белгилөөгө;
- кароолдун зардалына гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын бошотуу тууралуу (14-тиркеме); аскер комендантынын жазуу жүзүндөгү буйругу боюнча гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын мончого жиберүү жөнүндө;
Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын же соттун жазуу жүзүндөгү талабы боюнча кармалган аскер кызматчыларын, ошондой эле соттун токтому же аныктамасы боюнча камакка алынгандарды жана соттолуучуларды суракка же сотко жиберүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү көрсөтмө берүүгө;
- соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары менен аскердик даярдык боюнча машыгууларды жана аскердик уставдарды окуп үйрөнүшүн уюштурууга жана өткөрүүгө; гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары менен тарбия ишин жүргүзүүгө;
- гауптвахтанын жана кароолдук жайдын санитардык жана өрткө каршы абалына, алардын өз убагында тазаланышына, жарык жана жылуулук берүүгө көз салууга;
- гарнизондун медициналык кызматынын зардалына гауптвахтада кармалып турган ооруп калган аскер кызматчылары жөнүндө билдирүүгө; ооруп калган адамды дарылоо мекемесине жиберүү зарылчылыгы жөнүндө дарыгердин корутундусу болгондо, бул жөнүндө гарнизондун аскер комендантына баяндоого;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары турган камералардын, күзөттүн техникалык каражаттарынын, гауптвахтанын жабдууларынын жана инвентарларынын, кароолдук жайлардын жана тозоттордун оң абалына, ошондой эле алардын өз убагында оңдолуп турушуна көз салууга; гауптвахтанын жабдууларын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүүгө;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынан түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кабыл алууга жана баш ийүүчүлүк тартибинде өткөрүп берүүгө;
- гауптвахтанын алдындагы кароолдун кызмат өтөөсүнүн тууралыгын күн сайын текшерүүгө, бул жөнүндө тозоттук ведомостко тиешелүү жазууну калтырууга;
- күн сайын гарнизондун аскер комендантына гауптвахтадагы аскердик тартиптин абалы, бир күндө кабыл алынган аскер кызматчыларынын саны жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын жалпы саны, бош орундардын бар-жогу жөнүндө, ал эми болгон окуялар жөнүндө дароо билдирүүгө;
- аскердик уставдарды, аскердик-окуу адабияттарын сактоого жана эсебин алууга жана аларды гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары менен окууларды өткөрүү үчүн берүүгө;
- гарнизондун зардалын, анын түздөн-түз зардалдарын, гарнизондун зардалынын орун басарларын жана гарнизондун аскер комендантын, аскерлерге инспекциялоону (текшерүүнү) жүргүзүүгө жетекчилик кылуу) үчүн келген адамдарды жана алардын көрсөтмөсү боюнча - инспектордук (текшерүү) топтун ичиндеги офицерлерди, ошондой эле 14-тиркемеде көрсөтүлгөн учурларда аскер прокурорлорун, алардын орун басарларын жана жардамчыларын тосуп алууга, аларга өзүн тааныштырууга жана гауптвахтанын жайгашы боюнча аларды коштоп жүрүүгө.».
23. 91-статьянын 7-бөлүгүндө «камалгандарды жана кесилгендерди кайтаруу үчүн» деген сөздөр «камактагы аскер кызматчыларын кайтаруу үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын.
24. 99-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«99. Куралды октоо тозотторго чыгуу алдында, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын анын чегинен тышкары коштоп узатуу үчүн, ошондой эле кароолду текшерген адамдарды коштоо үчүн жүргүзүлөт.».
25. 123-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Алып чыгуучулар гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын санына жана гауптвахтадагы кармоо жана жалпы пайдаланылуучу орундардын жайгашуусуна жараша 10-15 кишиге бир алып чыгуучу эсебинде дайындалат.».
26. 133-статьяда:
1-бөлүгүндө «камактагылар арасындагы тартипсиздикти токтотуу үчүн же камактан качканга карата» деген сөздөр «гауптвахтадагы аскер кызматчылар арасында тартипсиздикти токтотуу максатында жана алар качан учурда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Курал, күжүрмөн жана атайын техниканы, транспорттук каражаттарды, учуучу аппараттарды колдонуу менен кол салуунун мизин кайтарууда, курал менен же болбосо транспорттук каражаттарда же жүрүп бара жаткан транспорт каражаттарынан кайтаруудан качканда, көрүү чектелген шарттарда качканда, ошондой эле кароолдун өздүк курамына жана алар тарабынан кайтарылуучу объекттерди басып алууга (күч көрсөтүүнүн) түздөн-түз коркунучу болгон учурда, курал колдонууну кечиктирүү адамдардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч туудурганда же башка оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгондо курал эскертүүсүз колдонулушу мүмкүн.».
27. 138-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«138. Кароолдун зардалы кароолду «мылтык алууга» төмөнкү учурларда чакырууга милдеттүү:
- кайтарылуучу объекттерге, сакчыларга, кароол сакчыларынын нөөмөтүнө (көзөмөлдүк-кайтаруу тобуна) же кароол жайларына кол салынганда же кол салуунун (күч көрсөтүүнүн) түздөн-түз коркунучу болгондо;
- кайтаруунун техникалык каражаттары санкциясыз иштеп кеткенде (катардан чыкканда);
- качканда (качууну эскерткенде) же гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын арасында тартипсиздик пайда болгондо;
- кайтарылган объектте же кароол жайында өрт чыкканда же аларга коркунуч туудурган табигый кырсык болгондо;
- гарнизондо (аскердик бөлүктө) айгай жарыяланганда;
- кароолду текшерген адамдардын буйругу боюнча (ушул Уставдын 254, 255-статьялары).
Кароолдун зардалы кароолду «мылтык алууга» көтөрүү үчүн «Кароол - мылтык алгыла» деген команда берет. Ушул команда боюнча кароолдун өздүк курамы ушул Уставдын 248-статьясынын талаптарына ылайык аракет жасайт.».
28. 163-165-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«163. Гауптвахтанын алдындагы кароолдун зардалы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- гауптвахтанын зардалынын (аскер бөлүгү боюнча кезметчинин) көрсөтмөсү боюнча тиешелүү документтердин болуусун жана жол-жоболоштурулушунун тууралыгын текшерүү менен гауптвахтада кармалууга тийиш аскер кызматчыларын кабыл алууга, ошондой эле алардын эсебин жүргүзүүгө (14-тиркеме);
- гарнизондун аскер комендантынын (гарнизон боюнча кезметчинин, аскер бөлүгү боюнча кезметчинин) көрсөтмөсү боюнча кармалган аскер кызматчыларын кайтарууга алууга;
- кароолду өткөрүп алууда гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын камералар боюнча гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) кол койгон аты аталган тизме боюнча жеке өзү кабыл алууга;
- ушул Уставдын 164 жана 165-статьяларында көрсөтүлгөн учурлардан кошпогондо, кароолдук жайдан гауптвахтага кетүү алдында өздүк куралды жана ага ок-дарыларды кароол зардалынын бөлмөсүндөгү металл кутуда (сейфте) сактоого;
- кароол алмашууда жана кызмат өтөө убагында дубалдардын, шыптын, полдордун, терезелердин, торлордун бүтүндүгүнө, эшиктердеги илгичтердин жана кулпулардын бекемдигине, кайтаруунун техникалык каражаттарынын оң экендигине көңүл буруу менен камералардын абалын текшерүүгө; гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары бар камералардагы кайтаруунун техникалык каражаттары санкциясыз иштеп кеткенде алардын иштөө себептерин жеке өзү белгилөөгө; »
- камералар боюнча. гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эртең мененки карай чыгууну жана кечки текшерүүнү жүргүзүүгө, ошондой эле аларда тыюу салынган предметтердин бар-жогун текшерүүгө; ооруп калгандар жөнүндө гауптвахтанын зардалына (аскер бөлүгү боюнча кезметчиге) баяндоого;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары үчүн белгиленген күн тартибинин жана аларды кармоо тартибинин так сакталышын көзөмөлдөөгө;
- камералардын ачкычтарын сактоого;
- зарыл учурда алып чыгуучуга уктабаган кароол нөөмөтүнүн жардам берүүсүн дайындоого;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын гауптвахтанын зардалынын (аскер бөлүгү боюнча кезметчинин) жазуу жүзүндөгү тескемеси боюнча гана мончого, суракка жана башка иш-чараларга жиберүүгө; гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары кайтып келгенде алардын бар болуусун, ошондой эле тыюу салынган предметтердин бар-жогун текшерүүгө;
- гауптвахтага келген адамдардан аларда болгон жеке куралды жана ага ок-дарыларды убактылуу сактоого кабыл алууга, бул жөнүндө куралдарды жана ок-дарыларды берүү китебине жазууга;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына тамак-аштын өз убагында жеткирилүүсүнө жана таратылышына көз салууга;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кабыл алууга жана аларды гауптвахтанын зардалына (аскер бөлүгү боюнча кезметчиге) берүүгө.
164. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын арасында тартипсиздик келип чыккан учурда, алардын качуусунун алдын алуу максатында кароолдун зардалы кароолду «мылтык алууга» көтөрөт, кароолдор боюнча (аскер бөлүгү боюнча) кезметчиге билдирет, аларга эскертүү жана Уставдын талаптарын эске салуу жолу менен тартипсиздикти токтотууга чараларды керет. Эгерде эскертүү натыйжасыз болсо, ал күч жана атайын каражаттарды (ушул Уставдын 14-тиркемесинде баяндалган учурларда жана негизде), ал эми эң оор учурда курал колдонууга укуктуу.
165. Гауптвахтада өрт чыкканда же гауптвахтанын районунда табигый кырсык болгон учурда кароолдун зардалы кароолду «мылтык алууга» көтөрүүгө, дароо өрт өчүрүү командасын чакырууга, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын коопсуз жерге чыгарууга жана аларды кайтарууну уюштурууга; соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартыштык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартынган аскер кызматчыларын өрттү өчүрүүгө (табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга) жана мүлктү сактоого тартууга; болгон окуя жөнүндө кароолдор боюнча (аскер бөлүгү боюнча) кезметчиге жана гауптвахтанын зардалына билдирүүгө милдеттүү.».
29. 167-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«167. Гауптвахтаны кайтарган кароолдун зардалынын жардамчысы ушул Уставдын 166-статьясында баяндалгандардан тышкары, суткасына төрт жолудан кем эмес (анын ичинен экөө түп ичинде) камералардын абалын, кайтаруунун техникалык каражаттарынын оңдугун, ошондой эле гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары тарабынан алар үчүн белгиленген кармоонун эрежелеринин аткарылышын текшерүүгө милдеттүү (14-тиркеме).».
30. 173-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Гауптвахтаны кайтарган кароолдун бөлүштүрүүчүсү андан тышкары ага баш ийген сакчылардын кайтаруусундагы гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын санын билүүгө тийиш.».
31. 181-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«181. Тозотко туруп жаткан кароол бөлүштүргүчтүн (кароолдун зардалынын же анын жардамчысынын) жана алмашылып жаткан сакчынын катышуусунда тозоттун табелине ылайык кайтарууга алынууга тийиш болгондордун бардыгын өзү карап чыгууга жана алардын бар-жогун жана он экендигин текшерүүгө тийиш.».
32. 196-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«196. Ушул Уставдын 179-192-статьяларында баяндалган милдеттерден тышкары, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын кайтарган сакчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- анын кайтаруусунда турган гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын санын билүүгө;
- камералардын эшиктеринин сыртында болууга жана кароочу терезе аркылуу гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылар алар үчүн белгиленген эрежелерди бузбагандарын байкоого, алардын аракеттерине жана жүрүм-турумуна көз салууга, алар тарабынан терезелердин рамаларын, торчолорду, полду жана дубалдарды бузууга жол бербөөгө;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын камераларында түнкүсүн жарык күйүп туруусуна көз салууга;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларды камералардан чыгарбоого жана кароол зардалынын, кароол зардалынын жардамчысынын же өзүнүн бөлүштүргүчүнүн жеке буйругусуз эч кимди аларга киргизбөөгө;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары менен сүйлөшпөөгө, аларга эч нерсе бербөөгө жана алардан эч нерсе албоого;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын кечеден кандайдыр-бир берүүлөрдү алуусуна, алардын сыртка буюмдарды жана каттарды терезе аркылуу кечеге ыргытуусуна жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын бөтөндөр менен сүйлөшүүлөрүнө жол бербөөгө;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын алып чыгуучуну чакыруу жөнүндө өтүнүчүн кабыл алып, бул тууралуу өзүнүн бөлүштүргүчүнө (кароол зардалына же кароол зардалынын жардамчысына) билдирүүгө;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары анын талаптарын аткарбаганда дароо кароол зардалын, анын жардамчысын же бөлүштүргүчтү чакырууга;
- качып бараткан гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына «Токто, атам» деп кыйкырып эскертүүгө, ал эми бул талап аткарылбаганда аларга курал колдонууга.
Камалгандарды бир пункттан экинчисине ташууда, ошондой эле, аларды гауптвахтанын чектеринен тышкары алып жүргөндө камалгандарды кайтаруу боюнча сакчынын милдеттерин дайындалган айдап жүрүүчү аткарат. Анын өзгөчө милдеттери жана мындай учурларда камалгандарды кайтаруу тартиби 14-тиркемеде баяндалган.».
33. 200 жана 201-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«200. Алып чыгуучу гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын гауптвахтанын чектеринде коштоп жүргөндө аларды кайтаруу үчүн жооп берет. Ал кароол зардалына ана анын жардамчысына баш ийет.
Алып чыгуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароол зардалынын же анын жардамчысынын буйругу боюнча гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эртең мененки жана кечки жуунуп-тазаланууда, табигый муктаждыктарды жасоодо жана сейилдөөдө, ошондой эле камераларды жана гауптвахтанын жайларын тазалап-иреттөөдө куралын «асынып» кайтарууга;
- гауптвахтада кармалган аскер кызматчыларынын бөтөн адамдар менен сүйлөшпөөсүнө, ал эми шектүүлөр жана айыпталуучулардын изоляциянын белгиленген талаптарын сактоосуна көз салууга;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын жүрүм-турумун дайыма байкоого жана алар тарабынан бардык берилүүчү командалардын жана аскердик форма кийимин кийүү эрежелеринин аткарылышын талап кылууга;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары качууга же кароол адамдарына кол салууга аракет кылганда аларды токтотуу (мизин кайтаруу) үчүн бардык чараларды көрүүгө, анын ичинде бул жөнүндө белгиленген сигнал (же башка мүмкүн болгон ыктар) менен кароолдун зардалына же анын жардамчысына дароо билдирүү менен күч жана атайын каражаттарды колдонууга.
Алып чыгуучу күчүн жана атайын каражаттарды ушул Уставдын 14-тиркемесинде көрсөтүлгөн учурларда жана тартипте колдонууга укуктуу.
201. Алып чыгуучуга гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын кайтарууда алар менен сүйлөшүүгө, алардан бир нерсе алууга жана берүүгө, ошондой эле тамак жегенге, бир нерсе ичүүгө, тамеки чегүүгө, ырдоого, отурууга, табигый муктаждыктарды жасоого жана өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан башка нерселерге алаксууга тыюу салынат.
Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын коштоо үчүн алып чыгуучу аларды бирден колоннага тизет жана алардан эки-үч кадам артта жана солдо (оңдо) басат. Бардык командаларды алып чыгуучулар берет.
Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын коштоп жүрүүдө алып чыгуучу гауптвахтанын чектеринде кызматын куралсыз өтөйт, мында ал атайын каражаттарды алса болот.».
34. 233-статьянын 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
35. 255-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн курамына кирген мамлекеттик органдардын жана мыйзамда аскер кызматы белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин тапшырмасы боюнча адамдар;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн курамына кирген мамлекеттик органдардын жана мыйзамда аскер кызматы белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн зардалдарынын тапшырмасы боюнча адамдар, - бул башкармалыктардын (бөлүмдөрдүн) зардалдарынын карамагында болгон объекттерди кайтарган кароолдор;».
36. 258-статьяга бешинчи абзацында «камалгандардын» деген сөз «аскер кызматчыларынын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
37. 283-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«283. Ташууда кароолдордун күзөтүүсүнө жаткан аскердик жүктөрдүн тизмеги, ошондой эле кароолдун курамы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн курамына кирген мамлекеттик органдардын жана Мыйзамда аскер кызматы белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин буйругу менен аныкталат.».
38. 14-тиркеме төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«20, 23, 45, 163, 167, 196-статьяларга карата 14-тиркеме
1. Ушул тиркеменин 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда изоляция шарттарында кармоо үчүн атайын жабдылган жай гауптвахта деп аталат. Гауптвахта гарнизондук же аскердик болушу мүмкүн.
2. Гарнизондук гауптвахтада төмөнкү аскер кызматчылары кармалат:
- соттун. токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөткө соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүнө кармоо түрүндөгү жазага тартылгандар; ,
- кылмыш жасаганга күнөөлүүлөр (эгерде ушул тиркеменин тиешелүү пункттарында башкача каралбаса, мындан ары «күнөөлүүлөр» деген түшүнүк «соттолуучулар» жана «соттолгондор» деген түшүнүктөрдү камтыйт); кылмыш жасаганга шектүүлөр же камакка алынгандар соттун чечими боюнча кармалган мезгилден
же камакка алынгандан тартып - 48 сааттан ашпаган убакытка; сот тарабынан шектүүгө же күнөөлүүгө карата камакка алуу түрүндө чараларды тандоо жөнүндө чечим кабыл алуу кийинкиге жылдырылган учурда, гауптвахтада аскер кызматчылары ушундай чечимди сот кабын алган мезгилден тартып 72 сааттан ашпаган убакытка кармалышы мүмкүн; качан камакка алынган аскер кызматчыларын тергөө изоляторуна жеткирүү жердин алыстыгына же тиешелүү каттам жолдорунун жоктугуна байланыштуу мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда, алар гауптвахтада 30 суткага чейин кармалышы мүмкүн. Соттолгон аскер кызматчылары гарнизондук гауптвахтада жаза өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кармалышат;
- кармалган аскер кызматчылары.
3. Гарнизондук гауптвахтада жетиштүү бош орундар жок болгондо гарнизондун зардалынын (бирикменин командиринин) буйругу менен аскердик гауптвахта түзүлөт жана кылмыш жасаганга шектүүлөр жана күнөөлүүлөр, соттолгондор үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылгандар жана гарнизондук гауптвахта үчүн баяндалгандарга карата алганда кармалган солдаттар жана сержанттар (старшиналар) үчүн гана жабдылат.
4. Гарнизондук (аскердик) гауптвахтадан бир кыйла алыс жайгашкан аскердик бөлүктөрдө гарнизондун зардалынын (бирикменин командиринин) буйругу менен кармалган аскер кызматчыларын кармоо үчүн изоляцияланган бөлмөлөр жабдылышы мүмкүн. Алардын жабдылышына талаптар кармалган аскер кызматчылары үчүн дайындалган гауптвахтанын камераларына болгон талаптардай эле болот. Көрсөтүлгөн бөлмөлөрдө кармалган аскер кызматчылары болгондо алар дайыма аскер бөлүгүнүн кезметчисинин, анын жардамчысынын же аскердик бөлүктүн суткалык нарядынын курамынан бөлүнгөн аскер кызматчысынын көзөмөлүндө болушу керек.
5. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо кыйноолордон, зордуктан жана башка ырайымсыз же адамдык ар-намысты кемсинтүү менен аларга мамиле кылуудан коргоо кепилдиктерин сактоого негизделет.
Мында төмөнкүлөр камсыз кылынышы керек:
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын кайтаруу жана аларды көзөмөлдөө;
- шектүүлөрдү жана күнөөлүүлөрдү изоляциялоону камсыз кылуу;
- кылмышка шектүүлөр жана күнөөлүүлөр үчүн гауптвахтада ички тартиптик эрежелери жана соттолгон аскер кызматчыларынын жазаны өтөө эрежелери менен регламенттелген, соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары үчүн ушул Уставда белгиленген тартиптин сакталышы (мындан ары - аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо эрежелери);
- гауптвахтада укуктук тартип жана мыйзамдуулук, изоляция шарттарында кармалып турган аскер кызматчыларынын, ошондой эле кароолдун кызмат адамдарынын жана гауптвахтага келген башка адамдардын коопсуздугу;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын мыйзамдарды жана аскердик уставдарды сактоого, аскердик милдетти жана аскер кызматчынын башка милдеттерин ак ниет аткарууга тарбиялоо;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо.
6. Изоляцияда болгон аскер кызматчылары жалпы же жалгыз камераларда кулпу менен бекитилип, дайыма кайтарылып турат. Аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү азага тартылган аскер кызматчылары кылмышка шектүүлөрдөн жана күнөөлүүлөрдөн, соттолгондордон, өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек аскер кызматчыларынан, ошондой эле кармалган аскер кызматчыларынан өзүнчө кармалат. Төмөнкүлөр өзүнчө кармалат:
- сержанттар (старшиналар) солдаттардан;
- контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчылары мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынан;
- прапорщиктер сержанттардан (старшиналардан) ана солдаттардан;
- офицерлер аскер кызматчыларынын калган курамдарынан.
7. Гауптвахтада режимди камсыз кылуу жана ички тартипти аткаруу гауптвахтанын зардалына жана гауптвахтанын алдындагы кароолдун өздүк курамына жүктөлөт (мындан ары - гауптвахтада кызмат өтөөчү аскер кызматчылары).
Гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоону камсыз кылуучу гауптвахтанын зардалынын, кароолдун зардалынын жана гауптвахтанын алдындагы кароолдун башка кызмат адамдарынын милдеттери ушул Уставда аныкталат.
8. Мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу максатында аскер прокурорлору, тергөөчүлөр же алгачкы териштирүү органдарынын кызмат адамдары жазык иштерин иликтөөдө гарнизондук гауптвахтага аскер комендантына кабарлоо менен инсандыгын күбөлөндүрүүчү күбөлүктү (кызматтык күбөлүктү) көрсөтүү боюнча гауптвахтанын зардалы (гарнизондун кезметчиси), ал эми аскердик гауптвахтага - аскердик бөлүктүн штабынын зардалына кабарлоо менен аскер бөлүгү боюнча кезметчи тарабынан кирүүгө уруксат берилет. Коргоочу гауптвахтага адвокаттын күбөлүгүн жана ордерди көрсөтүү менен ошол эле тартипте кирет. Кармалган аскер кызматчылары үчүн камераларга аталаган адамдар ушундай тартипти сактоо менен киргизилет.
9. Аскер кызматчысы соттун токтому угузулган учурдан тартып соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылды деп эсептелет (жазаны өтөө мөөнөтү гауптвахтага коштоо үчүн аны кайтарууга кабыл алган учурдан тартып, ал эми өз алдынча бара жатканда - гауптвахтанын зардалы же аскер бөлүгү боюнча кезметчи тарабынан кабыл алынган учурдан тартып эсептелет); соттук териштирүүгө чейин кармалган убактысы жана гауптвахтада кармоо убактысы жаза өткөрүү мөөнөтүнө эсептелет. Аскер кызматчысын кармоо мөөнөтү ушул Уставдын 21- статьясына ылайык эсептелет.
Алдын ала тергөө мезгилинде кылмышка шектүүнү жана күнөөлүүнү камакка алуу мөөнөтү прокурор кылмыш ишин сотко жибергенге чейин аларды камакка алган учурдан тартып эсептелет.
10. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазаны дайындоо жөнүндөгү гарнизондук аскер сотунун судьясынын токтому гарнизондук аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы) тарабынан токтом чыгарылгандан кийин дароо аткарылат. Сотко чейин аларга карата камакка алуу түрүндөгү чара кабын алынган аскер кызматчылары соттун өкүмү (токтому) чыккандан кийин сот залынан гарнизондук гауптвахтага жиберилет.
11. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган же кармалган аскер кызматчылары гауптвахтага төмөнкүдөй жиберилет: мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн солдаттар, - коштоочу менен бирден колоннада үч кишиден ашпаган топ менен; мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн сержанттар (старшиналар), аскердик наамы боюнча тең же улук сержанттардын (старшиналардын) ичинен коштоочу менен солдаттардан өзүнчө; контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчылары, - аскердик наамы боюнча тең же улук, контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын коштоосунда, Коштоочу коюлган тапшырманы куралы жок аткарат. Ал коштоп бара жаткандардан эки-үч кадам аралыкта жана солдо (оңдо) басат.
Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган же кармалган аскер кызматчылары жана аларды коштоочулар гауптвахтага транспорттук каражаты менен бара алышат.
12. Кылмышка шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык аларга камакка алуу түрүндөгү чара көрүлгөн учурда, гауптвахтага айдоочунун алдында жиберилет.
Айдалуучу аскер кызматчылары аскер бөлүгүнүн аймагында жайгашкан гауптвахтага жөө же транспорттук каражатта, ал эми бул аймактан чектеринен сыртта жайгашкан гауптвахтага транспорттук каражатта жиберилет. Транспорттук каражат төмөнкүдөй атайын жабдылышы керек: айдалуучу аскер кызматчылары үчүн кулпу менен бекитилүүчү атайын жай жана айдоочуларды жайгаштыруу үчүн орундар болушу керек.
Айдоочунун курамы, куралдануусу жана айдоочулардын өзгөчө милдеттери гарнизондун аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы) тарабынан ар бир учурда өзүнчө аныкталат.
13. Айдоочу бир же бир нече айдоочулардан турушу мүмкүн, акыркы учурда алардын бири айдоочунун улугу болуп дайындалат.
Айдоочу айдалуучу аскер кызматчылары гауптвахтанын чектеринен тышкары (дарылоо мекемесине, мончого ж.б.) жүргөндө аларды кайтаруу үчүн жооп берет.
Ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
- айдалуучу аскер кызматчыларынын жүрүм-турумун дайыма байкоого жана берилген бардык командалардын, ошондой эле аскер формасын кийүү эрежелеринин алар тарабынан аткарылышын талап кылууга;
- айдалуучу жерге алардын өз убагында келүүсүн камсыз кылууга;
- айдалуучу аскер кызматчыларынын бетон адамдар менен сүйлөшпөөсүнө көз салууга;
- ушул тиркеменин 40-43-пункттарында каралган негизде жана учурларда күчтү жана атайын каражаттарды, ал эми куралды - ушул Уставдын 196-статьясынын талаптарына ылайын колдонууга;
- айдалуучу аскер кызматчыларынын жүрүм-туруму жөнүндө айдоо аяктагандан кийин гауптвахтанын алдындагы кароолдун зардалына (айдоо дайындаган адамга) билдирүүгө.
Айдоочуга айдалуучу аскер кызматчысы менен сүйлөшүүгө, алардан бир нерсе алууга жана берүүгө, ошондой эле тамак жегенге, ичкенге, тамеки тартканга, ырдаганга, отурганга (эгерде бул анын өзгөчө милдеттери болбосо), табигый муктаждыктарын жасоого жана өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан башка нерсеге алаксууга тыюу салынат.
Айдоочунун куралы «асынган» абалда болууга тийиш. Курал ушул Уставдын 100-статьясында баяндалган эрежелер боюнча октолот.
14. Гарнизондун аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы) гауптвахтага коштоочу менен (айдоочу) ушул тиркеменин 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жиберет.
15. Аскер кызматчыларын гауптвахтада кабыл алуу жана кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган төмөнкү документтер негиз болуп саналат: соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылган аскер кызматчылары үчүн - тартиптик камакка алууну колдонуу жөнүндө гарнизондук аскер сотунун судьясынын токтомунун (өкүмдү аткаруу жөнүндө соттун чечиминин) көчүрмөсү; аскер соту тарабынан соттолгондор үчүн - өкүмдүн көчүрмөсү; кармалган аскер кызматчылары үчүн - камакка алуу жөнүндө тергөөчүнүн (алгачкы териштирүү органынын) токтомунун же соттун чечиминин же тартип бузуу жөнүндө материалдар боюнча өңдүрүштү камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө протоколдун көчүрмөсү.
Көрсөтүлгөн документтерден тышкары коштоочу (айдоочу) тарабынан төмөнкүлөр берилет:
а) кызматтык мүнөздөмө жана медициналык китеп;
б) аскер кызматчынын инсандыгын күбөлөндүрүүнү документ;
в) бөлүктүн командири жана гауптвахтага кабыл алуучу аскер кызматчысы кол койгон акчанын суммасы, баалуулуктар жана уруксат берилүүчү жана гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоо эрежелерине ылайык гауптвахтада керектүү башка буюмдар кирүүчү жеке буюмдарынын тизмеси (эки нускада);
г) аскер кызматчысынын азык-түлүк алуу аттестаты.
16. Гарнизондук гауптвахтага гауптвахтада кармалууга тийиш аскер кызматчылары гауптвахтанын зардалы, ал эми ал жок учурда кароолдун зардалы, аскердик гауптвахтага аскер бөлүгү боюнча кезметчи тарабынан кабыл алынат.
Гауптвахтага күнү-түнү кылмышка шектүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган аскер кызматчылары, ошондой эле кармалган аскер кызматчылары кабыл алынат. Мында ушул тиркеменин 15-пунктунун «а» - «г» пунктчаларында саналган документтер берилбесе болот (же болбосо камакка алынган (кармалган) учурдан тартып 48 сааттын ичинде берилет).
Аскер кызматчыларын кабыл алууда гауптвахтанын зардалы (кароол зардалы, аскер бөлүгү боюнча кезметчи) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аларда ушул тиркеменин 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин жана гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоо эрежелерине ылайык болууга тийиш буюмдардын болуусун текшерүүгө;
- аскер кызматчыларын жеке өзү текшерүүгө, аларда болгон буюмдарды карап чыгууга, сактоо үчүн камерада алып жүрүүгө болбогон курларды, буюмдарды жана баалуулуктарды алууга;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын аты аталган тизмеге жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын каттоо китебинин тиешелүү бөлүмүнө зарыл маалыматтарды жазууга;
- гауптвахтада белгиленген кун тартибин, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын тиешелүү курамынын укуктарын жана милдеттерин (жүрүм-турум эрежелерин) кол койдуруу менен тааныштырууга;
- аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо, аларды гауптвахтага кабыл алууга тиешелүү эрежелеринин башка талаптарын аткарууга.
Гарнизондук гауптвахтага аскер кызматчысын кабыл алууга мүмкүн болбогондо гауптвахтанын зардалы (кароолдун зардалы) бул жөнүндө гарнизондун аскер комендантына баяндайт. Аскердик гауптвахтага аскер кызматчысын кабын алууга мүмкүн болбогондо аскер бөлүгү боюнча кезметчи бул жөнүндө аскер бөлүгүнүн командирине баяндайт. Коштоочуга (айдоочуга) гауптвахтанын зардалы (кароолдун зардалы) же аскер бөлүгү боюнча кезметчи кабыл алуудан баш тартуусунун себептери баяндалган катты тапшырат. Аскер кызматчыны кабыл алууга тоскоол болгон себептер четтетилгенден кийин ал токтоосуз гауптвахтага жеткирилиши керек.
17. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын аты аталган тизмелери гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) тарабынан кол коюлат жана төмөнкү форма боюнча аскер кызматчыларынын тиешелүү курамы боюнча (ушул тиркеменин 2-пункту) өзүнчө жүргүзүлөт:
Гаупвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын аты аталган тизмеси
Катар | Аскер наамы | Фамилиясы, аты, атасынын аты | кайсы камерада кармалат | Датасы жана убактысы | Бошотуу жөнүндө гаупвахтанын зардалынын (аскер бөлүгү боюнча кезметчинин тил каты) | |
гауптвахтага кабыл алынды | гаупвахтадан бошотулду | |||||
|
|
|
|
|
|
|
Гауптвахтанын зардалы (Аскер бөлүгү- боюнча кезметчи)
____________________________________________________________________________________
(аскер наамы, колу, фамилиясы)
Эскертүү: гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын кабыл алгандан кийин кароолго киришкен зардал тизмеге төмөнкү жазууну жазат: «Ушул тизме боюнча гауптвахтада кармалуучу аскер кызматчыларды (санын көрсөтөт) кабыл алдым», убактысын, күнүн көрсөтөт жана кол коёт. Алмашуучу кароолдун зардалы да ушул жазууга кол коёт.
18. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китеби төмөнкү форма боюнча аскер кызматчыларынын тиешелүү категориялары боюнча (ушул тиркеменин 2-пункту) жүргүзүлөт:
Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китеби
1. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылган аскер кызматчылары
Катар № | Аскер кызматы | Аскер наамы | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Аскер бөлүгүнүн шарттуу аталышы | Кайсы сот тарабынан жана эмне үчүн тартиптик камакка алынды | Кабыл алынган буюмдар, документтер жана акчалар | Датасы жана убактысы | Медициналык кароодон өтүүнүн жана мончодо жуунунун убактысы жөнүндө белги | Бошотуу жөнүндө белги | Кетерде буюмдарды, документтерди жана акчаларды алгандыгы жөнүндө тил кат | ||
Камакка алуу мөөнөтүнөн эсептелип башталышы | гауптвахтага кабыл алуу | Камактан бошотуу | ||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. Аскер соту тарабынан соттолгон, ошондой эле кылмышка шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчылары
Катар № | Аскер кызматы | Аскер наамы | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туулган күнү | аскерге чакыруу күнү (контракт) | аскер бөлүгүнүн шарттуу аталышы | Кайсы сот тарабынан жана эмне үчүн (кылмыштын курамы жана КРЖК беренеси) жана канча мөөнөткө камакка алынды | Кабыл алынган буюмдар, документ тер жана акчалар | Датасы жана убактысы | Үй бүлөлүк абалы жана үй-бүлөсүнүн жашаган жери | Бошотуу жана кайда жиберил гендиги жөнүндө жазуу | Аскер бөлүгүнө келгендиги жөнүндө жазуу (аскер бөлүгүнүн командирине кабарлаган күн жана №) | ||
Камакка алуу жөнүндө токтомдун көчүрмө сүн алуу | Камакка алуу мөөнө түнөн эсептелип башта лышы | Камактан бошотуу | ||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3. Кармалган аскер кызматчылары
Катар № | Аскер кызматы | Аскер наамы | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Аскер бөлүгүнүн шарттуу аталышы | Аскер бөлүгүнүн почта дареги | баш ийүүсү жана аймактык командачылыктын (Күчтөрдүн) аталышы | Ким тарабынан жана эмне үчүн кармалды | Кабыл алынган документтер жана акчалар | Датасы жана убактысы | Бошотуу жөнүндө гауптвахтанын зардалынын (аскер бөлүгү боюнча кезметчинин) белги | ||
Кармаган мөөнөттүн башталышы | гауптвахтага кабыл алуу | бошотуу | ||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
19. Алынган жана кабыл алынган буюмдардын, нерселерин, документтердин жана акчалардын суммасынын тизмесин гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) гауптвахта кабыл алынуучунун катышуусу менен гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебине жазат жана ага аларды кабыл алуу жөнүндө тил кат берип, андан кийин аны ушул тиркеменин 15-пунктунда саналган документтер менен камерага жайгаштыруу үчүн кароолдун зардалына жиберет.
20. Кароолдун башчысы аскер кызматчыны кабыл алгандан кийин гауптвахтага аны кабыл алгандыгы үчүн негиз болгон документке кол коёт жана документти гауптвахтанын зардалына (аскердик бөлүк боюнча кезметчиге) кайра берет.
Эгерде гарнизондук гауптвахтага аскер кызматчынын кароолдун зардалы кабыл алса, ал аскер кызматчысына андан кабыл алган буюмдар үчүн тил кат берет. Гауптвахтага кабыл алуу үчүн негиз болгон документти жана буюмдарды алардын тизмеси менен кароолдун зардалы гауптвахтанын зардалына берет.
21. Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) аскер кызматчысын гауптвахтага кабыл алуу үчүн негиз болгон документти өзүнө алып калат жана коштоочуга (айдоочуга) гауптвахтада кармоо үчүн аскер кызматчысын кабыл алууга тил каттын формасын берет.
Гауптвахтада кармоо үчүн аскер кызматчысын кабыл алууга тил каттын формасы
___________________________________________________________________________ (аскер кызматчынын аскер наамы, фамилиясы, аты, атасынын аты, бөлүкчөсү, аскер бөлүгү) _______________ баштап ________________ чейинки ____________________ мөөнөткө (соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары үчүн гана толтурулат) _________________________________________________ камерасында кармалуу менен (камерамын аталышы) ___________________________________________________________________________
гауптвахтага кабыл алынды
Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) ___________________________________________________________________________ (аскер наамы, колу, фамилиясы) Тил каттын арткы бетинде төмөнкүлөр белгиленет:
Аскер кызматчысын да буюмдар толук (мындай буюмдар жок же ашыкча). Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) ___________________________________________________________________________ (аскер наамы, колу, фамилиясы) |
Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо
22. Соттолгон аскер кызматчылары тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган чектөөлөр менен Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген милдеттерди аткарат, укуктарды жана эркиндиктерди пайдаланышат, Улуту, расасы, тили, диний ишеними, мурдагы эмгектери жана башка жагдайлар боюнча дискриминациялоого же болбосо артыкчылыктарды берүүгө жол берилбейт.
23. Гарнизондогу гауптвахтанын күн тартиби гарнизондун аскер коменданты (аскердик гауптвахтада - аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан белгиленет.
Күн тартибинде төмөнкүлөр каралышы керек; түнкү уктоо (сегиз сааттан кем эмес), эртең мененки жана кечки жуунуп-тазалануу, таңкы кароо, аскердик даярдык боюнча машыгуулар, бут кийимди тазалоо жана тамак ичүү алдында колду жуу, тамак ичүү (күнүнө үч жолу), аскер кызматчыларынын жеке керектөөлөрү, күн сайын сейилдөө (бир сааттан кем эмес), аскер кызматчыларынын бар экендигин текшерүү, радио берүүлөрдү угуу үчүн убакыт.
Гауптвахтадагы күн тартиби, ошондой эле гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын негизги укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат кароолдун зардалынын бөлмөсүндө, кароолдун өздүк курамы үчүн жалпы бөлмөдө болушу жана гауптвахтанын ар бир бөлүмүнүн дубалында илинип туруш керек.
24. Эртең мененки кароо жана кечки текшерүү атын атоо тизмелери боюнча кароолдун зардалы тарабынан камералар боюнча жүргүзүлөт.
Гауптвахтадагы соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларын күн сайын 8 сааттан тизилип басуу даярдыгы жана аскердик уставдарды үйрөнүү боюнча сабактар өткөрүлөт. Сабактар гарнизондун аскер комендантынын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөлөрүнө ылайык гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) тарабынан уюштурулат. Сабактар болуп жатканда аларга курлары берилет.
Жалгыз камалуучу камераларда кармалып турган аскер кызматчылары сабактарга тартылбайт.
Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына кундуз уктоого жана жатууга тыюу салынат.
25. Күн тартибинде белгиленген убакытта гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары сейилдөөгө алын чыгуучулардын коштоосунда чыгарылат. Сейилдөөнүн узактыгы күн тартибин, аба ырайын, гауптвахтада кармазплп турган аскер кызматчыларынын санын жана башка жагдайларды эске алуу менен белгиленет.
Солдаттар сержанттардан (старшиналардан) өзүнчө чыгарылат. Контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчылары мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчыларынан өзүнчө чыгарылат. Прапорщиктер калган аскер кызматчыларынан өзүнчө чыгарылат.
Соттолгон аскер кызматчылары күн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары эртең мененки жана кечки жуунуп-тазалануу үчүн камералардан алып чыгуучулардын коштоосу менен; жалпы камерадагылар - камералар боюнча, ал эми жалгыз камерадагылар - кезектүүлүк тартибинде бирден чыгарылат.
Табигый муктаждыктарын жасоо үчүн аскер кызматчылары бирден же 5 кишиге чейин топтор менен алып чыгуучулардын коштоосунда чыгарылат.
Алын чыгуучуну чакыруу байланыш каражаттары аркылуу жүргүзүлөт.
26. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларын гауптвахтанын чектерине алып чыгууда аларга курлары берилбейт.
Гауптвахтадан тышкары (дарылоо мекемесине, мончого ж.б.) жүрүү аскер кызматчылары форма боюнча кийинүүсү тийиш.
Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүнө кармоо түрүндөгү жазага тартылган солдаттар, сержанттар (старшиналар) аскер бөлүгүнүн аймагы боюнча гауптвахтадан тышкары жүрүү үчүн айдоочунун командасы алдында 10 кишиден ашпаган топ болуп катар менен жиберилет, мында контракт боюнча аскер кызматын өтөгөндөр мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндөрдөн өзүнчө, ал эми солдаттар сержанттардан (старшиналардан) өзүнчө жиберилет. Прапорщиктер аларды гарнизондун зардалына же гарнизондун аскер комендантына чакырууда, ошондой эле дарылоо мекемесине же мончого барууда эреже катары кароолдун зардалынын же болбосо анын жардамчысынын коштоосунда барат.
Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын аскер бөлүгүнүн чегинен тышкары ташуу үчүн гарнизондун аскер комендантынын (аскер бөлүгүнүн штаб зардалынын) тескемеси менен атайын жабдылган транспорт каражаты бөлүнөт.
Айдоочулар эреже катары кароолдун курамынан бөлүнөт. Муну жасоо мүмкүн болбогондо гарнизондун аскер комендантынын (аскер бөлүгүнүн штаб зардалынын) тескемеси менен кошумча наряд дайындалат.
27. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары төмөнкүлөргө укуктуу:
- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынан өзүнүн укуктары жана милдеттери, кармоо эрежелери, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды берүү тартиби жөнүндө маалыматтарды алууга;
- гауптвахтанын зардалына жеке кирүү жөнүндө сунуш менен кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул тиркемеде тизмеги жана саны аныкталуучу буюмдарды жана нерселерди колдонууга;
- белгиленген убакытта гезиттерди жана журналдарды окууга, радио берүүлөрдү угууга.
Мындан тышкары аларга төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
- гауптвахтада кармалуу убагында жеке коопсуздугу;
- тиешелүү категориялар үчүн белгиленген ченемдер боюнча материалдык-тиричилик жана медициналык жактан камсыз кылуу;
- түнкү убакта 8 сааттык уйку;
- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан сылык мамиле;
- узактыгы бир сааттан кем эмес күн сайын сейилдөө.
28. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- гауптвахтадагы ички тартиптин жана күн тартибинин белгиленген эрежелерин сактоого;
- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын (гауптвахтанын зардалынын жана кароолдун кызмат адамдарынын) мыйзамдуу талаптарын аткарууга, алардын кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол болбоого;
- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын жана башка адамдардын кадыр-баркын басынтуучу аракеттерди жасабоого;
- өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле гауптвахтадагы башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген атайлап жасаган аракеттерди жасабоого;
- санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого;
- гауптвахтанын мүлкүнө аярлык менен мамиле кылууга;
- гауптвахтанын зардалы тарабынан белгилеген кезектүүлүк тартибинде гауптвахтанын камераларын жана башка кызматтык жайларды тазалоого;
- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчылары камерага киргенде алардын командасы же камера боюнча улуктун командасы боюнча турууга жана көрсөтүлгөн жерге тизилүүгө;
- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын талабы боюнча өзүнүн аскер кызматын, аскер наамын жана фамилиясын атоого;
- алып чыгуучунун коштоосунда гауптвахтада жүргөндө колун артында кармоого;
- сырт келбети тыкан болууга;
- тынчтыкты сактоого.
29. Жалпы камераларда соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларынын ичинен камералардагы тазалыкка жана тартипке жооп берүүгө камералар боюнча улуктар гауптвахтанын зардалы тарабынан дайындалат.
Камера боюнча улук төмөнкүлөргө милдеттүү:
- камерага гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчылары киргенде камерада болгон адамдардын саны жөнүндө билдирүүгө;
- камерадагы аскер кызматчыларын эртең мененки кароо, аскер кызматчыларын кароол алмашкан убакта атынан чакырып түгөлдөө жана кечки текшерүү үчүн тизүүгө;
- камералардагы жабдуулардын жана башка мүлктүн сакталышына көз салууга;
- камерадагы тазалыктын сакталышына көз салууга.
30.Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат;
- спирт ичимдиктерин жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана аларга окшогондорду сактоого жана колдонууга;
- камералардан бир нерселерди ыргытууга, терезенин текчесине чыгууга, терезенин ачылган көзүнөн башын чыгарууга, камера эшигинин кароочу терезесин жабууга;
- бөтөн адамдар менен сүйлөшүүгө, ызы-чуу болууга, ырдоого, музыкалык аспаптарда ойноого, камералардагы тартипти бузууга, келүүчүлөр менен жолугууга, кимдир бирөөдөн бир нерсе алууга;
- өзү жасап алган электроприборлорду колдонууга;
- камералардын жабдууларын бузууга, камералардын дубалдарына жана мүлккө кандайдыр бир жазууларды жазууга, ошондой эле дубалдарга жана эмеректерге фото сүрөттөрдү, сүрөттөрдү, гезиттерден жана журналдардан кесиндилерди чаптоого.
Тамеки чегүүгө өзүнчө жерлерде гана уруксат берилет.
31. Гауптвахтада ички тартиптин эрежелерин аткарбаган же аскердик тартиптин бузулуусуна жол берген аскер кызматчыларына карата тартиптик жаза гарнизондун аскер коменданты (гарнизондук гауптвахтада) же аскер бөлүгүнүн командири (аскердик гауптвахтада) тарабынан колдонулат. Ушул адамдардын жана гауптвахтанын зардалынын (аскер бөлүгү боюнча кезметчинин) буйругу боюнча мындай аскер кызматчылары мындан тышкары, жалгыз камераларга которулушу мүмкүн. Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) мындай учурда гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебине тиешелүү белгини коёт.
Аскер кызматчысына соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө кошумча жазаны колдонуу үчүн териштирүү материалдары гарнизондук аскер сотуна жиберилет. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазанын үзгүлтүксүз мөөнөтү мындай учурда 45 суткадан ашпоосу керек.
32. Аскер кызматчылары камерада болуу менен ич кийими (мезгил боюнча), таза жана оңдолгон күнүмдүк (талаа) форма кийими жана бут кийими болушу керек.
Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларына камераларда жуунуп-тазалануу жана сакал алуучу буюмдардын, кийим жана бут кийим тазалоо үчүн буюмдардын, жүз аарчылардын, жакалардын, мончо жана жеке колдонууга башка майда нерселердин, дептерлердин, жазуу буюмдарынын жана сүрөт альбомдорунун болуусуна уруксат берилет.
Калган бардык кийимдер жана жеке буюмдар гауптвахтада белгиленген тартипте сакталат.
33. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары гарнизондун аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан белгиленген күндөрү жана сааттарында жумасына бир жолу мончого түшүүлөрү керек; бул аскер кызматчыларын ич кийим жана төшөнчүлөр, ошондой эле самын менен камсыз кылуу коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкташат. Ошол эле күндөрү аларга медициналык кароо жүргүзүлөт.
Дарылоо мекемелерине жиберилген гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары айыккандан кийин өзүнүн аскер бөлүгүнө келишет. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазаны андан ары өтөө жөнүндө чечим соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазаны дайындаган сот тарабынан кабыл алынат.
Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын чачы дайыма тыкан алынган жана сакал-муруту кырылган болушу керек. Чач алуу жана сакал кыруу тартиби гарнизондун аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан белгиленет.
34. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары жалпы аскердик тамак-аш ченеми боюнча азык-түлүккө аттестат боюнча тамактанууга кошуп эсептелет.
Эгерде гауптвахтада тамак-аш жасалбаса, анда аны гауптвахтага жеткирүүнүн тартиби гарнизондун аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан белгиленет.
Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары тамакты камераларда же гауптвахтанын алдындагы ашканада (тамактануу үчүн бөлмөлөрдө) ичишет. Ашканада тамак ар кандай убакта берилет: прапорщиктер үчүн өзгөчө, контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн сержанттар (старшиналар) үчүн өзүнчө контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн солдаттар үчүн өзүнчө, мөөнөттүү аскер кызматтык өтөгөн сержанттар (старшиналар) үчүн өзүнчө, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн жоокерлер үчүн өзүнчө. Жалгыз камераларда кармалып турган аскер кызматчылары тамакты камераларында алышат.
35. Гауптвахтадагы камераларды, дааратканаларды кун сайын жана жалпы (жумасына бир жолу) тазалоо, ошондой эле полдорду жуу (сүртүү) жана мештерди жагуу кароол зардалынын жардамчысынын көз салуусу алдында анда кармалып турган аскер кызматчылары тарабынан жүргүзүлөт.
Камералар аскер кызматчылары эс алууда жана жумушта жүргөндө күн сайын желдетилет.
Гауптвахтанын жайларын жана дааратканаларды дизенфекциялоо жумасына бир жолу жүргүзүлөт. Караңгы кирээри менен камералар, коридорлор жана дааратканалар жарык кылынышы керек. Уктоо убагында камераларда жарык күйүп туруусу керек.
Кышында камералардагы температура +18°С дан төмөн эмес болууга тийиш.
36. Гауптвахтада аскер уставдарынын, аскердик жана окуу адабияттары жетиштүү санда болуусу зарыл. Гауптвахта жаңы гезиттер менен камсыз кылынууга тийиш. Адабияттарды жана гезиттерди берүү кароолдун зардалы тарабынан жүргүзүлөт.
Аскер соту тарабынан соттолгон, соттолуучу, шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо
37. Кылмышка шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчылары, ошондой эле соттолгондор үчүн гауптвахтада ички тартиптин эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
38. Кылмышка шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчылары жана соттолгондор гауптвахтадан тышкары жүрүүдө айдоочу менен кайтарылат. Айдоочуну бөлүп берүүнүн тартиби жана айдоочулардын милдеттери ушул тиркеменин 12-13-пункттарында баяндалган.
39. Кароолдун кызмат адамдары тарабынан гауптвахтсща кармалып турган аскер кызматчыларына карата күчтү жана атайын каражаттарды (резина таяктарды, кишендерди) колдонууга ушул тиркеменин 40-43-пункттарында каралган негизде жана учурларда жол берилет, мында атайын каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде гана колдонулушу мүмкүн.
Кароолдун кызмат адамдары тарабынан теменде каралган эрежелерди бузуу менен күчтөрдү жана атайын каражаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алын келет.
40. Эгерде күч колдонулбаган ыкмалар укук бузуулардын токтотулушун же мыйзамдуу талаптардын аткарылышын камсыз кылбаса, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысына карата күч колдонуу алар тарабынан жасалуучу укук бузууларга бөгөт коюу же гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарына анын каршы аракеттерин басуу үчүн колдонулушу мүмкүн.
Гауптвахтада кармалып турганган аскер кызматчысына Анын кол салуусунун мизин кайтаруунун өтө зарылдыгын кошпогондо, муштум, бут, баш менен урууга тыюу салынат.
41. Резина таяктары төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жана башка адамдарына кол салуусунун мизин кайтарууда;
- массалык башаламандыктарга же гауптвахтада кармоонун белгиленген режимин топтошуп бузууларга бөгөт коюуда;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын же айдоо жана жазаларды аткаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген укукка сыйбаган аракеттерине бөгөт коюуда;
- барымтага алынгандарды, басып алынган имараттарды, жайларды, курулуштарды жана транспорт каражаттарын бошотууда;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын гауптвахтадан же айдоодон качуу аракетине бөгөт коюуда;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын айлана-чөйрөдөгүлөргө зыян келтирүү аракетине бөгөт коюуда.
Резина таяк менен башка, моюнга, ичке жана жыныс органдарына урууга тыюу салынат. Резина таяктарын колдонуу гауптвахтада кармалган аскер кызматчыларына минималдуу зыян келтирүү менен чектелиши керек.
42. Кишендер кароолдун зардалына сакталат жана анын тескемеси боюна төмөнкү учурларда колдонулат:
- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын укукка сыйбаган аракеттерине бөгөт коюуда;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын качуу аракетине бөгөт коюуда;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын өзүнө зыян келтирүү аракеттерине бөгөт коюуда.
Кишендерди колдонууда гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын колдору артында болушу керек.
Кишендер кароолдун зардалынын көрсөтмөсү боюнча тамак ичүү, табигый муктаждыктарын жасоо убагында, жашоо үчүн коркунуч пайда болгондо (өрт чыкканда, суу каптаганда ж.б.), ошондой эле гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысы кокустан ооруп калган учурда чечилет. Кан айлануунун бузулушунан качуу үчүн аларды белгилеп туруу ар бир 2 сааттан сейрек эмес текшерилип турат. Кишендер жок болгондо кароолдун кызмат адамдары байлоонун колдон жасалган каражаттарын колдонууга укуктуу.
43. Күчтөрдү, резина таяктарын, кишендерди же байлоонун кол менен жасалган каражаттарын колдонуунун бардык учурларында күч (резина таягы, кишендер) колдонулган адамдын денесин карап чыгуу жөнүндө медициналык маалымкатты тиркөө менен акт түзүлөт.
Бекитемин Гауптвахтанын зардалы (Аскер бөлүгү боюнча кезметчи) _______________________________ (аскердик наамы, колу, фамилиясы) «__»_____________________ 201__-ж.
Күчтү (резина таягын, кишендерди) колдонуу жөнүндө Актынын формасы
«____» _________________ 201_____ж. ____________ с __________________ мин. ___________________________________________________________________________ (Күчтүү резина таягын, кишендерди колдонгон адамдын аскердик наамы, фамилиясы, аты, атасынын аты) _______________________________________________________________ гауптвахтада (коштоп бара жатканда, карап чыгууда ж.б.) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставына ылайык гауптвахтада кармалып турган төмөнкү аскер кызматчыга карата күч (резина таягы, кишендер) колдонулду ___________________________________________________________________________ (фамилиясы, атасынын аты) ___________________________________________________________________________ (күчтү, атайын каражаттарды колдонуунун түрү) ___________________________________________________________________________ (колдонуунун конкреттүү себептери жана жагдайлары) _____________________________________________ байланыштуу күч (резина таягы, кишендер) колдонулду ___________________________________________________________________________ (натыйжасы жана кесепеттери) Кишендер 201____ж. _____-_________________ _______ с ____________ мин чечилди
Күбөлөр; ______________________________________________________ (аскердик наамы, колу, фамилиясы) ______________________________________________________________ (аскердик наамы, колу, фамилиясы) Кароолдун зардалы ________________________________________________ (аскердик наамы, колу, фамилиясы) «_____»_____________ 201______-ж.
Эскертүү:. актыга күч (резина таягы, кишендер) колдонулган адамдардын денесин карап чыгуу жөнүндө медициналык маалымкат тиркелет. Акт гауптвахтанын зардалында (аскер бөлүгүнүн штабында) сакталат. |
44. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары гарнизондук гауптвахтадан гауптвахтанын зардалы, аскердик гауптвахтадан - аскер бөлүгү боюнча кезметчи тарабынан бошотулат.
Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылган аскер кызматчылары жаза мөөнөтүнүн акыркы күнүн биринчи жарымында аныкталган мөөнөткө бошотулат. Жаза мөөнөтүн ай менен эсептөөдө ал акыркы айдын тиешелүү күнүндө, эгерде бул айда тиешелүү күн болбосо - ошол айдын акыркы күнүндө бошотулат.
45. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларына жаза мөөнөтү бүткөндө же соттун токтому (өкүмү) жокко чыгарылганынын натыйжасында гарнизондун (аскер бөлүгүнүн) кызмат адамдары тарабынан алардын укуктары түшүндүрүлөт жана андан кийин алар өзүнүн аскер бөлүгүнө андан ары кызмат өтөө үчүн жиберилет.
46. Шектүүлөр жана күнөөлүүлөр гарнизондук гауптвахтанын зардалы тарабынан алгачкы текшерүү жүргүзгөн адамдын, тергөөчүнүн, аскер прокурорунун же соттун токтомунун негизинде кийин аскер комендантына билдирүү менен бошотулат. Эгерде шектүүгө камакка алуу түрүндө чараны колдонуу же болбосо камакта кармоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун токтому кармаган учурдан тартып 48 сааттын ичинде келип түшпөсө, анда шектүү адам дароо бошотулат, бул жөнүндө гауптвахтанын зардалы алгачкы текшерүү органына, жазык иши өндүрүштө болгон тергөөчүгө жана аскер прокуроруна кабарлайт. Андан тышкары аскер прокурорунун талабы боюнча гауптвахтада мыйзамсыз кармалып жаткан аскер кызматчылары бошотулат.
Гауптвахтанын зардалы шектүүнү же күнөөлүүнү камакта кармоонун мөөнөтү бүткөнгө чейин 24 сааттан кечиктирбестен бул жөнүндө жазык иши өндүрүштө болгон органга же адамга, ошондой эле аскер прокуроруна кабарлайт.
47. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын жаза өтөө мөөнөтү бүтөөр алдында гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) кароолдун зардалына бошотуу жөнүндө катты жиберет, ага өкүлдү жиберүү үчүн аскер бөлүгүнүн (бөлүкчөнүн) командирине аны бошотуу убактысы жөнүндө билдирет.
Кароолдун зардалы бошотуу жөнүндө катты алып, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысыга катта көрсөтүлгөн мөөнөттө бошотот жана аны гауптвахтанын зардалына (аскер бөлүгү боюнча кезметчиге) жиберет.
Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) гауптвахтага аскер кызматчысын кабыл алуу үчүн негиз болуп саналган документке керектүү жазууну жазат.
Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысын бошотуу жөнүндө каттын формасы:
Кароолдун зардалы __________________________________________________________ (аскердик наамы, фамилиясы, аты, атасынын аты) ________________________________________________________________ бошотулсун (аскердик наамы, фамилиясы, аты, атасынын аты , убактысы, күнү, айы)
Негизи: ___________________________________________________________________
Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) ___________________________________________________________________________ (аскердик наамы, колу, фамилиясы) «____»________________ 201___-ж. |
Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебинде жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын аты аталуучу тизмесине аскер кызматчысын бошотуунун убактысы жөнүндө жазат жана ага гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебине тил кат жаздыруу менен өздүк буюмдарын, акчаларын жана документтерин берет. Аскер кызматчысына буюмдарды, акчаларды жана документтерди алгандыгы жөнүндө мурда берген тил кат жок кылынат.
Бошотуу жөнүндө тил каттарды кароолдун зардалы тозоттук ведомость менен бирге баш ийүү тартибинде берет.
48. Cоттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылган аскер кызматчыларына бошонууда гауптвахтадан бошонуу жөнүндө маалымкат, анын инсандыгын ырастоочу документ, азык-түлүк аттестаты, чапталган конверттеги медициналык китеби берилет. Кызматтык карточка жана мүнөздөмө аскер бөлүгүнө почта аркылуу жиберилет.
Ордендер, медалдар, теш белгилери жана алардын документтери, акчалар жана баалуулуктар, ошондой эле башка өздүк буюмдар бошотулган адамга өздүк буюмдардын тизмесинде жана таратуу ведомостуна кол койдуруу менен берилет. Өздүк буюмдардын тизмеси жана таратуу ведомосту гауптвахтада бир жыл сакталат.
49. Шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчыларын гауптвахтадан бошотууда гауптвахтанын зардалы аларды бошотуу убактысы жана негизи жөнүндө гарнизондун аскер коменданты кол койгон маалымкатты аларга берет.
50. Контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчылары аскер бөлүгүнө өз алдынча, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн катардагы жана сержанттык курамдагы аскер кызматчылары аскер бөлүгүнүн коштоочулары менен жиберилет. Аскер кызматчысынын аскер бөлүгүнө келгени жөнүндө анын командири гарнизон боюнча кезметчиге белгиленген тартипте дароо билдире
51. Гауптвахтада кармалаган аскер кызматчыларына санитардык-гигиеналык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген тиричилик шарттары түзүлөт. Терезелери жана тиешелүү вентиляциясы жок жердин алдында, жер төлө жайларында, ар кандай сыйымдуулуктарда, чуңкурларда жана башка жерлерде гауптвахталарды (анын ичинде талаа шарттарында) жабдууга чечкиндүү тыюу салынат.
52. Горнизондук гауптвахтада төмөнкүлөр болуусу тийиш:
- солдаттарды, сержанттарды (старшиналарды) кармоо үчүн жалпы бөлүм;
- прапорщиктерди кармоо үчүн бөлүм.
Гауптвахтаны кароол менен бир жайда жайгаштырууда камалгандарды кароол жайы аркылуу алып өтүү болтурбоого тийиш.
53. Гауптвахтанын жалпы бөлүмүндө төмөнкүлөр болуусу тийиш:
- соттолгон солдаттар, сержанттар (старшиналар) үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылгандар үчүн жалпы камералар;
- жалгыз камералар;
- шектүү жана күнөөлүү солдаттар, сержанттар (старшиналар) үчүн жалпы жана жалгыз камералар;
- аларга карата өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек аскер кызматчылар үчүн жалпы камералар;
- кармалгандар үчүн камералар.
54. Прапорщиктерди кармоо үчүн гауптвахтанын бөлүмүндө төмөнкүлөр болуусу тийиш:
- соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылгандар үчүн жалпы камералар;
- шектүүлөр жана күнөөлүүлөр үчүн жалпы жана жалгыз камералар;
- аскер соту тарабынан соттолгон, аларга карата өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек аскер кызматчылары үчүн жалпы камералар;
- кармалгандар үчүн камералар.
Прапорщиктерди кармоо үчүн бөлүмдө шектүү (күнөөлүүлөрдү) офицерлерди кармоо үчүн өзүнчө камералардын болушуна уруксат берилет.
55. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары жеке пайдалануу үчүн жата турган орун, төшөнчү буюмдары: матрас, жаздык, жууркан, шейшептер (эки шейшеп жана жаздык кап); сүлгүр; ашкана идиш-аяктары (кесе, кружка, кашык); китептер, гезиттер жана журналдар; стол үстүндөгү оюндар (шашки, шахмат, домино: жалпы камерага бир топтомдон); жазуу буюмдары менен камсыз кылынуусу тийиш. Камераларда камерадагы адамдардын санына жараша керебеттер, столдор, отургучтар, өздүк кийимдер үчүн тумбочкалар, жуунуп-тазалануу жана сакал алуу буюмдары (эки кишиге бирөө), фонтанчиктер менен жабдылган иче турган суусу менен бактар, сырткы кийим үчүн кийим илгичтер, дубалга тагылуучу күзгү, электр приборлорун кошуу үчүн розетка, жалпы мамлекеттик программаны угуу үчүн радио, алып чыгуучуну (сакчыны) чакыруу үчүн кнопка, күндүзгү жана түнкү жарык берүү үчүн чырактар, таштанды үчүн урна, түкүргүч, камераны тазалоо үчүн инвентарлар болуусу керек. Кармалган аскер кызматчылар үчүн камералар такталар (тапчандар), отургучтар жана түкүргүчтөр менен жабдылат.
Мүмкүнчүлүккө жараша камералар вентиляциялык жабдуу, телевизорлор, муздаткычтар, санитардык түйүндөр жана суу түтүктөрү менен жуунучу жай менен камсыз кылынат. Камерада суу жылытуучу приборлор же ысык суу түтүгү жок болгондо кир жуу жана гигиеналык максаттар үчүн ысык суу жана ичүүгө кайнак суу күн сайын белгиленген убакта керектөөлөрдү эске алуу менен берилип турат.
Гауптвахтанын камераларына жана кызматтык жайларына сыртынан номер коюлат. Номерлер 50 миллиметр бийиктикте, 100 миллиметр диаметр айланасында ак түстөгү сандар менен жасалат жана табличканын үстүндө жайгаштырылат. Белгиленген формадагы 250x100 миллиметр өлчөмүндөгү табличкалар полдон четки кырына чейин 1700 миллиметр аралыгында жайгаштырылат. Камерадагы аскер кызматчыларынын фамилияларын жазуу үчүн эшиктин он жагында ушундай эле бийиктикте 100x150 миллиметр өлчөмүндөгү ак түстөгү пластик табличкалар бекитилет.
Камералар гауптвахтада карматып турган бир аскер кызматчысына 4 кв. метр аянтынан (абанын көлөмү 12 куб. метр) кем эмес эсепте жабдылат.
56. Андан тышкары гарнизондук гауптвахта төмөнкүлөр менен жабдылат:
- өзүнчө бөлмөлөр менен: аскер кызматчыларын кабыл алуу үчүн; шектүүлөрдү жана күнөөлүүлөрдү суракка алуу үчүн; шектүүлөр жана күнөөлүүлөр менен жолугушуу үчүн; аскер кызматчыларына медициналык кароо өткөрүү жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн;
- иштөө жана гауптвахтанын штаттык курамын жайгаштыруу үчүн бөлмөлөр менен;
- кароол жайы менен;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына тамак жылытуу же жасоо үчүн керектүү көмөкчү жайлары бар ашкана (бөлмө) менен;
- тамактануу үчүн (ар бир бөлүмдө) ашкана же бөлмө менен;
- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын буюмдарын сактоо үчүн койгучтар (кийим илгичтер) менен жабдылган кампа менен;
- жууну үчүн (ар бир бөлүмдө) бөлмө менен;
- ички жана сырткы дааратканалар менен (ар бир бөлүмдө).
57. Гауптвахтанын зардалынын бөлмөсүндө стол, үч-төрт орундук (отургуч), кушетка, кийим илгич, ошондой эле гауптвахтада кармалаган аскер кызматчыларынан сактоого кабыл алынган документтер, акчалар жана баалуу буюмдар үчүн полго же дубалга бекитилген күйбөөчү шкаф же темир ящик болуусу керек.
58. Камераларда жана жалпы пайдаланылуучу жерлердеги эшиктер жана терезелер кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылат. Бул жайлардагы терезелерде андан тышкары, темир торлор болуусу керек, зарыл болгондо ички тарабынан темир торчолор менен тартылган болуусу керек. Камералардын эшиктеринде карап туруучу терезелер орнотулат. Ачкычтар кароолдун зардалында жана гауптвахтанын зардалында (аскер бөлүгү боюнча кезметчиде) сакталат.
Гауптвахтанын бөлүмдөрүндө жана жанаша жайгашкан аймагында, сейилдөө үчүн короону кошуп алганда качууларды жана башка кылмыштарды, гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоо эрежелеринин бузуулардын алдын алуу үчүн көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун аудио көрүүчү, электрондук жана башка техникалык каражаттар пайдаланылат. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун көрсөтүлгөн каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө кабарландырылат.
59. Гауптвахтанын коридорлорунда алып чыгуучулар (сакчылар) үчүн кароолдун зардалы менен байланышуу түйүнү (сигнализация) жабдылат.
60. Ар бир гауптвахтада анда кармалып турган аскер кызматчыларынын сейилдөөсү жана тизилүү даярдыгы боюнча машыгуулары үчүн 2,5 метрден кем эмес бийиктиктеги бекем дубалдар менен тосулган короо (короолор) болуусу керек. Сейилдөө үчүн короолордун саны жана алардын тосмолору гауптвахтада кармалып турган бардык аскер кызматчыларына күндүзгү убакта сейилдөөнү камсыз кылуу зарылчылыгын, ошондой эле өзүнчө кармоонун талаптарынын аткарылуусун эске алуу менен аныкталат.
Короонун аймагы изоляцияланып жана кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылышы керек.
61. Гауптвахтаны тосуу жана тозотторду жабдуу ушул Уставдын 5-тиркемесине карата жүзөгө ашырылат.».
2-берене. Кыргыз Республикасынын өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күнүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |