Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 30-июлу № 176
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "статья" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "берене" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2. 1-берененин 1-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"адъюнктура - аскердик окуу жайларда жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун формасы;";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"колледж - базалык жана жогорку деңгээлдеги орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу орто кесиптик окуу жайы;";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"компетенция - окуучуну (окуп жатканды) билим берүүгө карата даярдоодо, белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу жемиштүү иши үчүн зарыл болгон алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
компетенттүүлүк - адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык жана кесиптик) илимдин ар кандай элементтерин жана жөндөмдөрүн өз алдынча колдонуудагы интеграцияланган жөндөмдүүлүгү;";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"толук эмес мектеп - окуп жаткандардын аз контингенти, аралаш класс-комплекти жана окуу сабактарын уюштуруунун бөтөнчө формасы менен жалпы билим берүү мектеби;";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"жалпы билим берүү мектеби - башталгыч, негизги орто жана орто жалпы билим берүү окуу программаларын, ошондой эле окуп жаткандарга жана тарбиялануучуларга кошумча билим берүүнүн окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;";
отузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"атайын билим берүү - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды атайын же жалпы билим берүү уюмдарында окутуу;";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи абзац менен толукталсын:
"орто жалпы билим берүү - коомдо жигердүү социалдык көнүгүүгө жана өз алдынча турмушту тандоого, эмгек ишмердүүлүгүнө, өз алдынча билим алууга жана өзүн өзү жетилтүүгө жөндөмдүү, гармониялуу өнүккөн инсанды тарбиялоого жана окутууга максаттуу багытталган үзгүлтүксүз процесс;";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы отуз бешинчи - отуз тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"окуу-тарбиялык комплекси - окуп жаткандарды окутуунун, ар тараптуу маданий-эстетикалык жана дене тарбиялык тарбиялоонун жаңычыл программаларын ишке ашыруу үчүн башка кызыкдар билим берүүчү уюмдарды жана мекемелерди (мектепке чейинки билим берүү уюмдарын, жогорку окуу жайларын, музыкалык, спорттук жана башка уюмдарды жана мекемелерди) жалпы билим берүүчү мектепти өзүнчө бириктирген көп тармактуу окуу жай;
орто окуу жайы - негизги орто, жалпы орто билим берүүнүн жалпы билим берүү окуу программаларын жана техникалык жана кесиптик, маданият жана искусство жаатындагы орто билим берүүдөн кийинки кесиптик окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жай;
мектеп-гимназия - башталгыч, негизги жалпы жана окуп жаткандардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша гуманитардык тармактар боюнча жалпы орто билим берүүнүн окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жай;
мектеп-лицей - башталгыч, жалпы орто жана окуп жаткандардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша табигый-илимий, физика-математикалык тармактар боюнча жалпы орто билим берүүнүн окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;";
эксперименттик аянтча - жаңы педагогикалык технологияларды жана билим берүү окуу программаларын сыноодон өткөрүү үчүн билим берүү окуу программаларын эксперимент режиминде ишке ашыруучу билим берүүчү уюм;".
3. 10-берененин 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "берүү режимин" деген сөздөрдөн кийин ", окуучулардын кийиминин формасын" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 12-беренеде "(мектептер, лицейлер, гимназиялар)" деген сөздөр "(жалпы билим берүүчү мектеп, окуу-тарбиялык комплекс, автордук окуу-тарбиялык комплекс, мектеп-гимназия, мектеп-лицей, мектеп-комплекс, атайын мектеп (жатак мектеп), жалпы билим берүүчү санатордук мектеп, көмөкчү мектеп, кечки мектеп (кечки жана нөөмөттүк), жаппы билим берүүчү сырттан окуу мектеби, эксперименттик аянтчасы менен мектеп, толук эмес мектеп)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 14-берененин 1-бөлүгүндө "(кечки" деген сөздөн кийин "жана нөөмөттүк" деген сөздөр менен толукталсын.
6. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-берене менен толукталсын:
"15-1-берене. Мектепке даярдоо программасы
Мектепке чейинки билим берүүгө тартылбаган балдардын тең старттык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн жалпы билим берүүчү уюмдардын алдында 5-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо боюнча республикалык бюджеттен каржыланган программалар ишке ашырылат.".
7. 17-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-берене. Кошумча билим берүү
Окуп жаткандарга жана тарбиялануучуларга кошумча билим берүү билим берүү уюмдарында, ошондой эле кошумча билим берүү уюмдарында акысыз же акылуу (ыктыярдуу) негизде жүзөгө ашырылат.
Мамлекет кошумча билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылат.
Акылуу негизинде кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде билим берүү программаларынын, атайын курстардын мазмунуна карата талаптар ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен билим берүү уюмдарынын ортосунда келишимдерди түзүүдө тараптар тарабынан аныкталат.
Кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар билим берүү уюму тарабынан ушул мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча сарпталат.
Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акылуу негизиндеги класстарды түзүүгө жол берилбейт.".
8. 27-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- негизги билим алууда балдардын жашоосу, окуусу жана алардын шыгын өөрчүтүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүгө, алардын дене-боюнун жана психикалык саламаттыгына дайыма кам көрүүгө;
- баланын ар намысын ызаттоого, эмгекти сүйүүгө, мээримдүүлүк жана боорукердик сезимдерин ойготууга, үй-бүлөгө, жашы боюнча улууларга, мамлекеттик жана эне тилге, элдик үрп-адаттарга, салттарга ызаттоо менен мамиле жасоого тарбиялоого;
- элдин улуттук, тарыхый, маданий баалуулуктарын урматтоого, тарыхый-маданий мурастарга жана айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоого, Ата мекенди сүйүүгө тарбиялоого;
- жалпы билим берүү уюму менен үзгүлтүксүз кызматташууну (ата-энелер чогулуштарына катышуу, мугалимдердин баланы окутуу жана тарбиялоо боюнча педагогдордун сунуштамаларын аткаруу) колдоого;
- ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан сырткары, окуудан тышкары убакта болгон балдардын саламаттыгы жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат.".
9. 29-берененин 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- балдарга карата эмоциялык, психикалык, дене-бой зомбулугун колдонууга жол бербөөгө.".
10. 33-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекет курагына, жынысына, этностук жана диний таандуулугуна, окуудагы жетишкендиктерине, социалдык-экономикалык статусуна карабастан балдарды жалпы билим берүү процессине тартуу боюнча аларды социалдык жактан коргоо саясатын жүргүзөт жана жетим балдарды, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды мамлекеттик камсыздоого алат.".
11. 36-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды туруктуу эсепке алууну жүзөгө ашыруу;
- балдарды жалпы билим берүү уюмдарына жана алардын иш жүзүндө жашаган жерлерине жеткирүүнү уюштуруу.".
12. 45-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жалпы билим берүүчү уюмдарда окуу китептерин ижаралоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |