Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 6-августундагы № 219 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 3-августу № 181
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Аба кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 159-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-статья менен толукталсын:
«4-1-статья. Авиациянын түрлөрү жана аны пайдалануу тартиби Авиация мамлекеттик, эксперименталдык жана жарандык болуп бөлүнөт
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында турган мамлекеттик иштерди (аскердик, чек аралык, бажылык, өзгөчө кырдаалдар боюнча жана башка мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде мобилизациялык-коргонуучулук иштерди) жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануучу аба кемелери мамлекеттик авиацияга кирет.
Тажрыйба-конструктордук, эксперименталдык, илимий-изилдөөчүлүк иштерди, ошондой эле авиациялык жана башка техникаларга сыноолорду жүргүзүү үчүн пайдалануучу авиация эксперименталдык авиацияга кирет.
Жарандык авиация төмөнкүдөй максаттарда пайдаланылат:
а) жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктөрдү жана почта жөнөтүүлөрүн (аба ташуулары) ташууда;
б) авиация иштерин аткарууда;
в) издөө-куткаруу жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө, табигый кырсыктар болгон учурда жардам көрсөтүүдө;
г) жеке же юридикалык жактардын жеке муктаждыктарын канааттандырууда;
д) окутуучулук, спорттук, маданий-агартуучулук иш-чараларды жүргүзүүдө, техникалык чыгармачылыкты өркүндөтүүдө.
Ушул статьянын «а», «б» жана «в» пункттарында акы төлөгөн үчүн же жалдаганы боюнча көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланылган жарандык авиация коммерциялык авиацияга кирет.
Жеке жана (же) юридикалык жактардын менчигинде турган жана ушул статьянын «а», «б» жана «в» пункттарында көрсөтүлгөн максаттарда, акысына эмес жана жалдоо боюнча эмес, ошондой эле ушул статьянын «г» жана «д» пункттарында көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланылган жарандык авиациянын аба кемелери жалпы багыттагы авиацияга кирет.».
2. 26-статья төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
«26-статья. Аба мейкиндигин пайдалануу тартиби
Аба мейкиндигинин түзүмүнө жана классификациясына ылайык, аба мейкиндигин пайдалануунун уруксат берүү же кабарлоо тартиптери Аба мейкиндигин пайдалануунун авиациялык эрежелеринде белгиленет.».
3. Кодекс төмөнкүдөй редакциядагы 28-1-статья менен толукталсын:
«28-1-статья. Аба кемелери
Аба кемелери - жердин же суунун үстүндө чагылышкан аба менен өз ара аракетинен, аба менен өз ара эң мыкты аракетинин эсебинен атмосферада кармалуучу учак аппарат.
Жеңил аба кемелери - максималдуу учуу салмагы 5700 килограммдан аз салмакты түзгөн аба кемелери, анын ичинде максималдуу учуу салмагы 3100 килограммдан аз салмакты түзгөн вертолёттор.
Жогорку жеңилдиктеги аба кемелери - куткаруучу авиациялык каражаттардын салмагын эске албаганда, максималдуу учуу салмагы 750 килограммдан көп эмес салмакты түзгөн аба кемелери.».
4. 29-статьянын аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«29-статья. Аба кемелерин мамлекеттик каттоо жана атайын эсепке алуу
Учууларды аткаруу үчүн арналган аба кемелери мамлекеттик катталууга жатат:
- жогорку жеңилдиктеги аба кемелерин кошпогондо, жарандык аба кемелери -мамлекеттик катталганы жөнүндө күбөлүктү берүү менен, Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринде;
- жогорку жеңилдиктеги аба кемелери - жарандык авиация органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибинде.
Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү жарандык авиация органына жүктөлөт.
Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте катталган аба кемелери Кыргыз Республикасынын улуттук таандыктыгын алат.».
5. 33-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
«Жарандык аба кемелерин пайдалануу документтеринде каралган жана учуу жарактуулугун колдоону камсыз кылган жарандык аба кемелеринин учууга пайдалануу жана техникалык жактан тейлөө эрежелерин сактоо аба кемесинин мамлекеттик катталгандыгы жөнүндө күбөлүгү бар же атайын эсепте турган аба кемесинин пайдалануучусуна жана/же ээсине жүктөлөт.
Аба кемесинин менчик ээсинде же ээсинде учуу жарактуулугунун сертификаты же сертификацияланган уюмдан берилген жана жарандык авиация органы тарабынан жактырылган жалгыз нускадагы сертификаты болгондо, эксперименталдык, спорттук, ышкыбоздук авиациянын аба кемелерин колдонууга жол берилет.».
6. 34-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасы иштеп чыгуучунун (даярдоочунун) өлкөнүн аба кемелери тибинин сертификатын, ошондой эле аба кемесинин жалгыз нускадагы тибинин сертификатын берүүгө жооптуу уюмду тааныйт.».
7. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 173-1-статья менен толукталсын:
«173-1-статья. Жеке максатта пайдаланылуучу авиация
Алардын көлөмүнө, салмагына жана жасалган жылына карабастан, жеке же юридикалык жактардын жеке муктаждыктарын канааттандыруу үчүн пайдалануучу аба кемелери, планерлер, дельтапландар, аба шарлары жана башка учак аппараттар жеке максатта пайдалануучу авиацияга кирет.
Иштиктүү жана ышкыбоздук авиация жеке максатта пайдалануучу авиациянын бир түрү болуп саналат.
Ышкыбоздук авиация өзүн федерациялар, клубдар, спорттук жана башка бирикмелер, ошондой эле жеке менчик түрүндө көрсөтө алат.».
8. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 174-1-статья менен толукталсын:
«174-1-статья. Спорттук жана окутуу-машыгуучулук максатта пайдаланылуучу авиация
Авиациялык спорт жана окутуу-машыгуучу көнүгүү максаттарында коомдук уюмдар жана бирикмелер, кооперативдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген башка түзүмдөр түзүлүшү мүмкүн, алар жарандык авиация органында же атайын эсепте катталгандан кийин тийиштүү аба кемелерин менчиктик укугунда да, ошондой эле ижара негизинде да пайдалана алышат. Каттоонун жана атайын эсептин тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандык авиация органы тарабынан белгиленет.».
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |