Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 3-августу № 182
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75, 2020-жылдын 24-августундагы № 143 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
«Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., №12, 502-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
6-статьянын 2-пунктунда:
биринчи абзацы «Жогорку окуу жайын бүтүргөн,» деген сөздөрдөн кийин «жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын талаптарына ылайык келген,» деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацында «анык аскер кызматын өтөгөн же» деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
7-статьянын 2-бөлүгүндө «окуган адамдарды кошпогондо),» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөгөн, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өткөн, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөгөн» деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
(КР 2020-жылдын 24-августундагы № 143 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |