Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 3-августу № 183
Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө
(КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын принциптерин жана максаттарын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин негизги багыттарын белгилейт.
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) чет өлкөлөрдөгү мекендештер (мындан ары - мекендештер) - Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары убактылуу же туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) диаспора - Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган, жашап жаткан өлкөдө ынтымактуу жана туруктуу этностук топту түзгөн элдин бөлүгү (этностук жалпылык);
3) жарандык таандыктыгы - Кыргыз Республикасынын же чет өлкөлүк мамлекеттин букарасы же жараны болуу.
(КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөндөгүлөрдү таанууга негизделет:
1) адамдын жана жарандын төрөлгөндөн берки негизги укуктарынын жана эркиндиктеринин ажырагыстыгын жана ар бирине таандуулугун;
2) мекендештердин жарандык, саясий социалдык, экономикалык, маданий жана башка укуктарын жана эркиндигин, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен ченемдерине ылайык алардын жашап турган мамлекеттеги мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуунун зарылдыгын;
3) мекендештердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатында мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнү.
3. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максаты мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана нормаларына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу жана камсыз кылуу боюнча чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарын, анын ичинде төмөндөгү укуктарды эсепке алуу менен жардам көрсөтүү болуп саналат:
1) өздөрүнүн кайталангыс өз алдынчалыгын ээн-эркин билдирүү, сактоо жана жүзөгө ашыруу, руханий жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана өнүктүрүү;
2) мекендештердин ортосундагы ар тараптуу байланышты жана Кыргыз Республикасы менен байланышты орнотуу жана ээн-эркин колдоо, Кыргыз Республикасынан маалыматтарды алып туруу;
3) коммерциялык эмес улуттук-маданий уюмдарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүү жана алардын ишине катышуу;
4) улуттук жана эл аралык деңгээлде коммерциялык эмес уюмдардын ишине катышуу;
5) жашап турган мамлекети менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө катышуу;
6) жашап туруучу жерлерди ээн-эркин тандоо же Кыргыз Республикасына кайтып келүү укугун ишке ашыруу.
2-берене. Мекендештер менен мамиле түзүү жаатындагы мыйзамдар
Мекендештер менен мамиле түзүү жаатындагы мыйзамдар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен нормаларына, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизденет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Мекендештерди колдоого карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын принциптери жана максаттары
1. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана укуктук, дипломатиялык, социалдык, экономикалык, маалыматтык, билим берүүчү, уюштуруучулук жана ушул Мыйзамда белгиленген принциптерди жана максаттарды турмушка ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары ишке ашыруучу башка чаралардын жыйындысын билдирет.
2. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөнкү кепилдиктерди таанууга негизделет:
1) адамдын жана жарандын төрөлгөндөн берки негизги укуктарынын жана эркиндиктеринин ажырагыстыгын жана ар бирине таандыктыгын камсыз кылуу;
2) мекендештердин жарандык, саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана башка укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен ченемдерине ылайык алардын жашап жаткан мамлекеттеги мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
3) мекендештердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү.
3. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максаты болуп эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мекендештерге мамлекеттик колдоо жана жардам көрсөтүү саналат, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинде төмөндөгү укуктарды ишке ашырууда жана камсыз кылууда чет мамлекеттердин мыйзамдарын эсепке алуу менен:
1) өздөрүнүн кайталангыс өз алдынчалыгын эркин билдирүү, сактоо жана өнүктүрүү, руханий жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана өнүктүрүү;
2) мекендештердин ортосундагы ар тараптуу байланышты жана Кыргыз Республикасы менен байланышты орнотуу жана эркин колдоо, Кыргыз Республикасынан маалыматты алып туруу;
3) коммерциялык эмес улуттук-маданий уюмдарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүү жана алардын ишине катышуу;
4) улуттук жана эл аралык деңгээлде коммерциялык эмес уюмдардын ишине катышуу;
5) жашап жаткан мамлекети менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө катышуу;
6) жашай турган жерин эркин тандоо же Кыргыз Республикасына кайтып келүү укугун ишке ашыруу.
(КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен мамиленин негиздери
1. Кыргыз Республикасы чет жерлерде өзүнүн жарандарын коргоону жана камкордукка алууну кепилдикке алат.
2. Чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары өз укуктарынан пайдаланат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей деңгээлде милдеттерди алып жүрөт.
3. Эки жарандыгы, анын ичинде бири кыргыз жарандыгы бар адам укуктары жана эркиндиктери жагынан чектелүүсү мүмкүн эмес жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандыгына тийиштүү милдеттерден бошотулбайт.
5-берене. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча иштердин негиздери
1. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги багыттарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аныктайт.
2. Мекендештерге карата адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мамлекеттер менен кызматташуу программасы тигил же бул мамлекеттин адамдын жана жарандын негизги укуктары жана эркиндиктери жаатындагы эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана нормаларын сактоону эске алуу менен иштелип чыгылат, кабыл алынат жана жүзөгө ашырылат.
4. Чет өлкөдө жашаган Кыргыз Республикасынын жаранын дискриминациялоо мындай дискриминацияны жүргүзгөн чет өлкөлүк мамлекетке карата Кыргыз Республикасынын саясатын кайра кароо үчүн негиз боло алат.
5. Мекендештерге карата адамдын жана жарандын негизги укуктары жана эркиндиктери жаатындагы эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери чет өлкөлүк мамлекет тарабынан сактабаганда мекендештердин кызыкчылыгын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары эл аралык укуктун ченемдеринде каралган чараларды кабыл алуу үчүн жетиштүү деңгээлде негиз болуп саналат.
6-берене. Мекендештер менен мамиле жаатындагы мамлекеттик башкаруу жана контроль
Мекендештер менен мамиле жаатында мамлекеттик башкаруу жана контроль Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана тышкы саясат жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Мекендештер менен мамиле жаатындагы мамлекеттин милдеттери
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамга ылайык мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча иш чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;
2) алар жашап жаткан же жашап турушкан мамлекеттердин мыйзамдарында бекитилген адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашырууда мекендештерге көмөктөшүүгө, ошондой эле аларды коргоо жана калыбына келтирүү боюнча чараларды кабыл алууга.
8-берене. Мекендештерге таандыкты таануу жана тастыктоо
Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерде туруктуу жашаган, эки жарандыгы, анын бири кыргыз жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары жана адамдар жарандык таандуулугуна жараша мекендештер болуп саналат. Анын мекендештикке таандуулугун тастыктаган документ (күбөлүк) Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган документ катары кызмат кылат.
9-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан адамдын жана жарандын негизги укуктары жана эркиндиктери жаатында мекендештерди колдоо
1. Мекендештер төмөнкү жагдайда Кыргыз Республикасынын колдоосуна таянууга укуктуу:
1) адам укуктары жөнүндө эл аралык пактыда каралган өздөрүнүн негизги эркиндиктерин жана жарандык, саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана башка укуктарын камсыз кылууда;
2) расасы, жынысы, тили, дини, саясий же башка ынанымдары, улуттук же социалдык теги, мекендешке таандуулугу, мүлктүк абалы же башка бардык шарттар боюнча дискриминация учурларына каршы багытталган өздөрүнүн аракеттеринде;
3) мыйзам алдында өздөрүнүн тең укугун камсыз кылууда.
10-берене. Мекендештерди экономикалык жана социалдык жактан колдоо
1. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасынын чарбакер субъектилерин мекендештердин чарбакер субъектилери менен кызматташуусун стимулдаштырууга, биргелешкен ишканаларды, жамааттарды жана коомдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестициялоого мекендештердин катышуусуна көмөктөшүүгө, менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын көпчүлүгүндө мекендештер иштеген чет өлкөлүк ишканалар менен байланышын кеңейтүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык алардын ортосундагы өз ара пайдалуу кооперацияны өнүктүрүүгө милдеттүү.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мекендештердин социалдык жактан корголбой калган категорияларына социалдык жактан колдоо көрсөтө алат.
3. Өзгөчө кырдаалга кабылган мекендештерге гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген шарттарда жана тартипте берилиши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Маданият, тил жана билим берүү жаатында мекендештерди колдоо
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары мекендештердин өз алдынчалыгынын ажырагыс элементтеринен болуп саналган алардын маданий мурастарын жана кыргыз тилин сактоо, бардык деңгээлде тең укуктуу билим алуу ишинде мекендештерди колдойт жана бул максаттарда чет мамлекеттердин мыйзамдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү аракеттерди көрүшөт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары чет мамлекеттердеги мекендештердин улуттук-маданий коммерциялык эмес уюмдары менен ар тараптуу кызматташууну жүзөгө ашырат.
3. Маданий, илимий жана маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн мекендештерге Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги илим жана маданий борборлорун пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.
4. Өздөрүнүн маданий мурастарын сактоодо жана өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары мекендештерге көмөктөшүү максатында:
1) мекендештердин маданий борборлоруна, маданий-агартуу уюмдарына, китепканаларга, архивдерге, музейлерге, театрларга, музыкалык жана хореографиялык ансамблдерге, көркөм студияларга жана башка кесипкөй жана ышкыбоз чыгармачыл жамааттарга жардам көрсөтөт;
2) мекендештердин маданий мурастарын окуп үйрөнүүгө көмөктөшөт;
3) Кыргыз Республикасы менен мекендештердин ортосундагы маданий алмашуулардын бардык түрлөрүнө көмөктөшөт.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мекендештердин кыргыз тилин билүүсүн сактап калууга, кыргыз тилин, кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурастарын окуп үйрөнүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшөт.
6. Чет өлкөлүк жарандарды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен окутууга жана квалификациясын жогорулатууга кабыл алуунун квотасы белгиленген учурда милдеттүү түрдө мекендештердин кызыкчылыктары эске алынат.
7. Мекендештердин укуктары жана кызыкчылыктары эске алынган билим берүү мейкиндигин түзүү максатында Кыргыз Республикасы алар жашаган мамлекеттер менен билим берүү чөйрөсүндө макулдашылган саясатты иштеп чыгуу багытын жүргүзөт; билими, илимий даражасы жана илимий наамы тууралуу документтердин эквиваленттүүлүгүн таануу жана белгилөө жөнүндө эл аралык келишимдерди түзөт.
12-берене. Маалымат жаатында мекендештерди колдоо
1. Кыргыз Республикасы мекендештердин маалыматтарды алуусун жана таркатуусун, алар жашаган мамлекеттин аймагында кыргыз тилинде маалыматтардын пайдалануусун, жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүсүн, алар жашаган мамлекеттердин ортосунда, мекендештер менен Кыргыз Республикасынын ортосунда маалыматтык байланыштарды колдоону жана өнүктүрүүнү колдойт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары мекендештерге карата жана алар жашаган мамлекеттердеги мекендештердин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашыруу тууралуу маалыматтарды жайылтуу боюнча чараларды кабыл алат.
3. Кыргыз Республикасы ички мамлекеттик мүнөздөгү чараларды кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жолу менен мекендештерге эне тилинде телекөрсөтүү жана радиоуктуруу аркылуу Кыргыз Республикасынан маалыматтарды мекендештерге берүү, мезгилдүү жана башка басма сөз басылмаларын, кинопродукцияларды, аудио жана көрмөматериалдарды таркатуу үчүн зарыл шарттарды түзөт.
4. Кыргыз Республикасы мекендештерди маалымат менен камсыз кылууну ишке ашырган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына бул милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жана материалдык техникалык каражаттарды берет.
5. Кыргыз Республикасы мекендештерге таандык жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ошол жалпыга маалымдоо каражаттары иштеп жаткан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык колдоо көрсөтөт.
13-берене. Мекендештер менен мамиле жаатындагы мамлекеттик мониторинг
1. Кыргыз Республикасы мекендештер менен мамиле жаатында мамлекеттик мониторингди жүргүзөт, ага мекендештердин абалы жөнүндө маалыматтарды топтоо, талдоо жана баа берүү, маалыматтардын банкын түзүү, кырдаалды божомолдоо жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү кирет.
2. Мамлекеттик мониторингдин натыйжалары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына, мекендештер менен Кыргыз Республикасынын мамилесинин башка катышуучуларына (тараптарына), мекендештер уюмуна, коммерциялык эмес уюмдарга, Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына жана чет өлкөлүк мамлекетке жөнөтүлүп маалымдалат.
3. Мекендештер менен мамиле жаатындагы мамлекеттик мониторингди жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарындагы мекендештердин кызыкчылыгын коргогон өкүлчүлүк
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын алдында өкүлчүлүктүү коомдук-консультативдик орган - мекендештердин кеңеши (комиссиясы) түзүлүшү мүмкүн. Мекендештердин кеңештерин (комиссияларын) түзүүнүн тартиби, милдеттери жана функциялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Мекендештер менен мамиле жаатындагы финансылык иштер
1. Мекендештер менен мамилелер жаатындагы финансылык иштер республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасында мекендештерди жана алардын уюмдарын финансылык жана материалдык жактан колдоо үчүн жеке жана юридикалык жактардын взносторунун эсебинен коомдук фонддор түзүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары мекендештер менен мамиле жаатындагы Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын кайрымдуулук иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдоого алат.
16-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 13-августунда № 67 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде:
1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге мамлекеттик колдоо боюнча Программаны иштеп чыксын жана бекитсин;
3) ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылган керектүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
(КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |