Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 декрети менен бекитилген |
2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын
референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүүнүн
УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 , 2010-жылдын 27-майындагы УӨ № 53, 2010-жылдын 16-июнундагы УӨ № 72, 2010-жылдын 17-июнундагы УӨ № 73 Декреттеринин редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын референдуму - мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары - референдумдун катышуучуларынын) жалпы элдик добуш берүүсү.
2. Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) (мындан ары - референдум) эркин шайлоолор менен катар түздөн-түз элдик бийликти билдирет.
3. Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлөт.
Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында киргизилген согуштук абалдын же өзгөчө абалдын шарттарында өткөрүлбөйт.
Эгерде өзгөчө абал айрым жерлерде киргизилген болсо, референдум анда референдумга катышуучулардын тизмесине киргизилген жана ошол жерлердин аймагында жашаган жарандардын саны Кыргыз Республикасынын референдумга катышуучулардын тизмесине киргизилген жарандарынын жарымынан азын түзгөн шартта өткөрүлөт.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы УӨ № 72 Декретинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына, анын ичинде анын чегинен тышкары жүргөн жарандарга да референдумга катышуусуна кепилдик берет.
5. Референдум төмөнкү принциптердин негизинде өткөрүлөт:
- референдумга катышуу эркин болуп саналат;
- добуш берүү ыктыярдуу жана жашыруун жана жалпы добуш берүү менен тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жүзөгө ашырылат;
- Кыргыз Республикасынын жарандары добуш берүүгө өзүнүн туруктуу же көпчүлүк убакта жашаган же болбосо турган жери боюнча өзү катышат.
5-1. Референдумдун катышуучуларынын жалпы санын негизги жана кошумча тизмеге киргизилүү менен референдумга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы УӨ № 53 Декретинин редакциясына ылайык)
5-2. Жашаган жери боюнча катталууну эсепке алуучу органдын катталуу белгиси бар, бирок туруктуу жашаган жеринен башка жерге же чет өлкөлүк мамлекетке жашаган жери боюнча катталуу эсебинен чыкпастан убактылуу кетип калган Кыргыз Республикасынын жарандары референдумдун тиешелүү участоктук комиссиялары тарабынан туугандарынын (жубайларынын, ата-энелеринин, балдарынын, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын жана эже-сиңдилеринин) белгиленген формада берилүүчү жазуу жүзүндөгү билдирмелеринин (№ 1 тиркеме) негизинде катталуу эсебинин орду боюнча референдумдун катышуучуларынын негизинде тизмесинен алынып салынат.
Референдумдун катышуучуларынын негизги тизмесинен алынып салынууга тийиш болгон жарандар жөнүндө маалыматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын жетекчилери тарабынан түзүлөт жана кол коюлуу менен референдумдун тиешелүү участоктук комиссиясына берилет.

5-3. Негизги тизмеден алынып салынган Кыргыз Республикасынын жараны добуш берүү үчүн референдумдун участоктук комиссиясынын жайына добуш берүү күнүндө өзү келгенде референдумдун катышуучуларынын кошумча тизмесине киргизилет.

6. Референдумду өткөрүүдө айкындуулук, анын ичинде добуштарды эсептөөдө коомчулуктун катышуусу камсыз кылынат.
7. Добуш берүү күнүнө 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары референдумдун катышуучусунун өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти, ал эми референдумдун катышуучусу тизмеден чыгаруу күбөлүгү боюнча добуш берген учурда тизмеден чыгаруу күбөлүгүн көрсөткөндө референдумга катышууга укуктуу.
Мында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-картасы) же аны алмаштыруучу документ референдумдун катышуучусунун өздүгүн ырастоочу документ болуп саналат. Паспортту алмаштыруучу документке Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, анык аскердик кызматтын офицеринин күбөлүгү, мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчысынын аскердик билети, пенсиялык күбөлүк жана айдоочунун күбөлүгү кирет.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-июнундагы УӨ № 73 Декретинин редакциясына ылайык)
8. Жарандын референдумга катышуусуна же катышпоосуна зордоо максатында ага кысым көрсөтүүгө эч ким укуктуу эмес, жарандын өз эркин билдирүүсүн көзөмөлдөөгө катуу тыюу салынат. Референдумдун жүрүшүндө өзүнүн пикирин билдирүүгө жана далилдөөгө же андан баш тартууга эч ким кысымга алынбайт.
9. Сот тарабынан иш-аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун чечими боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жараны референдумга катышууга укуксуз.
10. Референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө мамлекеттик жана расмий тилдер колдонулат.
11. Референдумга коюлган маселелердин тексттери, добуш берүү үчүн бюллетендер, протоколдор жана референдумдун натыйжалары жөнүндө маалыматтар, Кыргыз Республикасынын референдумунда кабыл алынган чечимдер, мамлекеттик бийлик органдарынын, референдумдун комиссияларынын референдумду өткөрүүгө тиешелүү документтери мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлөт (жарыяланат).
12. Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жүзөгө ашырат (мындан ары - Референдумдун Борбордук комиссиясы).
13. Референдумду даярдоого жана өткөрүүгө, референдумга катышууга жарандардын укугун камсыз кылууга таандык Борбордук комиссиянын чечимдери жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланат.
14. Референдумду даярдоо жана өткөрүү ачык жана айкын жүзөгө ашырылат. Референдумдун Борбордук комиссиясы референдумду даярдоо жана өткөрүү тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана референдумдун натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымдоону камсыз кылат.
15. Референдумдун участкалык, аймактык (райондук, шаардык) комиссияларын түзүү, референдумдун маселелери боюнча үгүт иштерин жүргүзүү, добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби, референдумдун натыйжаларын аныктоо Референдумдун Борбордук комиссиясы тарабынан белгиленүүчү тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
16. Эгерде жалпысынан Кыргыз Республикасы боюнча референдумда добуш берүүгө катышкан жарандардын теңинен көбү добуш берсе, Референдумдун Борбордук комиссиясы референдумда чечим кабыл алынды деп тааныйт. Добуш берүүгө катышкан жарандардын саны, добуш берүү ящигинен алынган добуш берүү үчүн белгиленген формадагы бюллетендердин саны боюнча аныкталат.
17. Референдумда кабыл алынган чечим жана бүтүндөй Кыргыз Республикасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Референдумдун Борбордук комиссиясы тарабынан референдумдун натыйжаларын аныктагандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен расмий жарыялоого (элге жарыялоо) жатат, андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарына референдумдун комиссияларынын протоколдоруна тиркелүүчү жыйынтык таблицалар киргизилген, бардык маалыматтар камтылган референдумдагы добуш берүүнүн жалпы жыйынтыктарынын маалыматтары жарыяланат.
18. Референдумдун ар бир участкасы (райондун, шаардын), облустардын, Бишкек, Ош шаарларынын аймактары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, референдумдагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө референдумдун тийиштүү комиссияларынын протоколдорунда камтылган маалыматтардын көлөмүндө референдумдун каалаган катышуучусуна, байкоочуга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө таанышуу үчүн берилиши керек.
19. Референдумда кабыл алынган чечим Референдумдун Борбордук комиссиясы тарабынан аны расмий жарыялаган (элге жарыялоо) күндөн тартып күчүнө кирет.
20. Референдумда кабыл алынган чечим жалпыга милдеттүү болуп эсептелет, кошумча бекитүүгө муктаж эмес жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында күчүндө болот.
21. Референдумдун участкалык комиссияларынын документациялары, добуш берүү үчүн бюллетендер жана тизмеден чыгуучу жокко чыгарылган күбөлүктөр, референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган (элге жарыялоо) күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен референдумдун жогору турган тийиштүү комиссиясына берилет.
22. Референдумдун аймактык, облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссиялары бардык документацияларды тийиштүү ведомстволук архивдерге сактоого тапшырат.
23 Референдумдун натыйжалары расмий жарыялангандан (элге жарыялоо) кийин бир жыл өткөн соң добуш берүү үчүн бюллетендер жана жокко чыгарылган тизмеден чыгуучу күбөлүктөр жок кылынат, ал жөнүндө референдумдун Борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген форма боюнча акт түзүлөт.
24. Референдумдун Борбордук комиссиясынын документтери референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган (элге жарыялоо) күндөн тартып бир жылдан кийин тийиштүү архив мекемесине туруктуу сактоого тапшырылат.
25. Кыргыз Республикасындагы референдумду өткөрүүнү финансылоо республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын эсебинен жүзөгө ашырылат.
26. Референдум комиссияларынын чечимине жана аракетине (аракетсиздигине) жана анын кызмат адамдарына референдумдун жогору турган комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
27. Референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүү, референдумдун комиссияларын түзүү тартиби боюнча даттануулар добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечикпестен даттанылышы мүмкүн.
28. Референдумдун участкаларында, облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыктары, бүтүндөй референдумдун натыйжалары жарыялангандан (элге жарыялоо) кийин 3 күндүн ичинде референдум комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
29. Даттанууну берүү мөөнөттөрү узартууга же жаңыртууга жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн аякташы менен даттануулар кабыл алынбайт.
30. Референдумдун төмөн турган комиссиясынын чечими жокко чыгарылышы, ал эми анын аракеттери Референдумдун Борбордук комиссиясы тарабынан токтотулушу мүмкүн. Мында Референдумдун Борбордук комиссиясы даттануунун (арыздын) негизи боюнча өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу.
31. Референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө референдумдун комиссиясына келип түшкөн даттануулар (арыздар) боюнча чечим, комиссияга даттануулар (арыздар) келип түшкөн учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, ал эми референдумду өткөрүү күнүнө 3 календардык күн калганда жана референдум өткөрүү күнүндө токтоосуз кабыл алынат. Эгерде даттанууда (арызда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, анда алар боюнча чечим 10 күндүн аралыгында кабыл алынат.
32. Референдумга катышууга жарандардын укугун бузган референдумдун комиссияларынын аракетине (аракетсиздигине), чечимдерине даттануу менен референдумдун катышуучулары, референдумга каршы топтор, саясый партиялар, коомдук бирикмелер, жарандардын чогулушу, байкоочулар, ошондой эле референдумдун төмөн турган комиссиялары кайрылууга укуктуу.
33. Референдум комиссияларынын чечимдерине жана аракетине (аракетсиздигине) даттанылышы мүмкүн:
1) участкалык комиссиялар - референдумдун аймактык комиссияларына;
2) аймактык комиссиялар - референдумдун облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссияларына;
3) облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссиялары - Референдумдун Борбордук комиссиясына.
34. Референдум комиссияларынын чечимдерине жана аракетине (аракетсиздигине) жана алардын кызмат адамдарына референдумдун жогору турган комиссиясына ушул тартипте белгиленген мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.
35. Референдум комиссияларынын чечимдери жана аракети (аракетсиздиги) боюнча жоопкердин турган жериндеги райондук (шаардык) сотко даттанылат.
36. Референдумду даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн даттануулар, даттанууну берген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө сот тарабынан кароого жатат, бирок добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү бир күндөн кечиктирбестен, ал эми добуш берүү күнү же добуш бергенден кийинки күнү - токтоосуз.
37. Сот тарабынан кароого даттанууну кабыл алган учурда жана ошондой эле даттануу менен жарандын кайрылуусун референдумдун комиссиясы кабыл алган учурда комиссия даттанууну кароону соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин токтотот. Сот келип түшкөн даттануу жөнүндө референдумдун комиссиясына кабарлайт.
38. Соттун чечими аны чыгарган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге, кызмат адамдарына жана референдумдун комиссияларына аткаруу үчүн милдеттүү.
39. Мыйзамдуу күчүнө кирген райондук (шаардык) соттун чечими даттануу берилген күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан соттук көзөмөл иретинде каралышы мүмкүн.
40. Референдумдун участкаларындагы, облустардагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө референдумдун комиссияларынын, бүтүндөй референдумдун натыйжалары жөнүндө чечимин, ошондой эле референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүү тартибин, референдумдун комиссияларын түзүү тартибин, добуш берүү жана добуштарды эсептөө тартибин (аны өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдуктарды), добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоону бузган учурда, эгерде бул аракеттер (аракетсиздик) референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүнүн натыйжасын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербесе сот жокко чыгарышы мүмкүн.
41. Төмөндөгүдөй адамдар жазык, административдик же болбосо башка жоопкерчилик тартышат:
1) зомбулук көрсөтүү, алдоо, коркутуу, документ жасалмалоо же референдумга катышуучунун референдумга катышуу укугун эркин жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылган, дагы башка жолдор менен же добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузган же болбосо референдумга катышкандардын референдумдун катышуучуларынын тизмеси менен таанышууга берилген укугун бузган, же референдумду өткөрүү демилгесин колдоого жарандарды мажбурлаган же алардын кол коюшуна тоскоолдук кылган, ошондой эле жасалма кол коюуга катышкан, же болбосо референдумдун катышуучуларын паралоону ишке ашырган жолдор менен;
2) референдумдун суроосуна өзү каалаган жооп алуу максатында өзүнүн ээлеген кызматынан же кызмат абалынын артыкчылыктарынан пайдаланган; же болбосо көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү референдум комиссияларына жөнөтөөр алдында референдумдун катталган катышуучулары (референдумга катышуучулардын тизмелери) тууралу маалыматты өз убагында жол-жоболоштурбаган жана тактабаган же болбосо референдумду каржылоонун эрежесин бузган, анын ичинде референдум комиссияларына каражаттарды которууну кечиктирген, же башка адамдарга добуш берүү үчүн мүмкүндүк берүү максатында добуш берүү бюллетендерин жарандарга берген же документтерди жасоону ишке ашырган жана атайлап документтерди берген, билип туруп добуштарды туура эмес эсептеген же добуш берүүнүн жыйынтыктарын туура эмес аныктаган адам;
3) референдум комиссияларынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, чет өлкөлүк (эл аралык) байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарын, анын ичинде маалыматты жана документтердин көчүрмөлөрүн өз убагында алуу укугун бузган, же болбосо референдум маселелери боюнча үгүт жүргүзүү эрежелерин бузган, анын ичинде тыюу салынган мезгилде үгүт жүргүзгөн, же өз милдеттерин аткарышына байланыштуу референдум комиссияларынын ишине мыйзамсыз түрдө кийлигишкен же каршылык кылган, же болбосо референдумга даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын чыгымдалышы тууралу отчетторду, демилгелүү топ, референдумга каршы топтун фондусунун каржылык отчетторун жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы тууралу финансылык отчетторду бербеген же жарыялабаган.
42. Референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүдө референдумдун комиссиялары "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине, ошондой эле ушул Убактылуу тартипке каршы келбеген бөлүгүндө жетекчиликке алынат.
Ушул убактылуу тартип Референдумдун борбордук комиссиясы тарабынан 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (жалпы элдик добуш берүүсүнүн) добуш берүүсүнүн жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейин колдонулат.

№ 1 тиркеме
________________________________________________
(референдумдун участоктук комиссиясынын аталышы)
референдумдун участоктук комиссиясынын
Төрагасына

(билдирүүчүнүн аты-жөнү)
БИЛДИРМЕ

Мен, _____________________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(область, шаар, район (айыл), көчө, үй, кв.)
_______________________________________________ дареги боюнча катталган менин (жубайым, атам, энем, уулум, кызым, агам, иним, эжем, карындашым, сиңдим, чоң энем, таенем, чоң атам, таятам, неберем, жээним) __________ _______________________________________________________________________
(тийиштүүсүнүн асты чийилет) зарылчылыкка жараша башкача

тууганчылыгы билдирилет

(жакын тууганынын аты-жөнү)
жашаган жеринен 20__-жылдын __-_____________________ тартып башка жерге
(чыгып кеткен күнү, айы, жылы)

(областтын, шаардын, райондун (айылдын), көчөнүн, үйдүн,
квартиранын аталышы)
________________________________________________ чет өлкөлүк мамлекетке
(чет өлкөлүк мамлекеттин аты, жашаган дареги)
чыгып кеткендигин жана жашаган жерине 20__-жылдын __-__________________
(келээр күнү, айы, жылы) эрте кайтып келбестигин билдирем.
2010-жылдын ___-____________
(күнү)
____________________________
(колу)
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 декрети менен бекитилген |
2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүүнүн УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 , 2010-жылдын 27-майындагы УӨ № 53, 2010-жылдын 16-июнундагы УӨ № 72, 2010-жылдын 17-июнундагы УӨ № 73 2010-жылдын 24-июнундагы УӨ № 81 Декреттеринин редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын референдуму - мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары - референдумдун катышуучуларынын) жалпы элдик добуш берүүсү.
2. Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) (мындан ары - референдум) эркин шайлоолор менен катар түздөн-түз элдик бийликти билдирет.
3. Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлөт.
Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында киргизилген согуштук абалдын же өзгөчө абалдын шарттарында өткөрүлбөйт.
Эгерде өзгөчө абал айрым жерлерде киргизилген болсо, референдум анда референдумга катышуучулардын тизмесине киргизилген жана ошол жерлердин аймагында жашаган жарандардын саны Кыргыз Республикасынын референдумга катышуучулардын тизмесине киргизилген жарандарынын жарымынан азын түзгөн шартта өткөрүлөт.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы УӨ № 72 Декретинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына, анын ичинде анын чегинен тышкары жүргөн жарандарга да референдумга катышуусуна кепилдик берет.
5. Референдум төмөнкү принциптердин негизинде өткөрүлөт:
- референдумга катышуу эркин болуп саналат;
- добуш берүү ыктыярдуу жана жашыруун жана жалпы добуш берүү менен тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жүзөгө ашырылат;
- Кыргыз Республикасынын жарандары добуш берүүгө өзүнүн туруктуу же көпчүлүк убакта жашаган же болбосо турган жери боюнча өзү катышат.
5-1. Референдумдун катышуучуларынын жалпы санын негизги жана кошумча тизмеге киргизилүү менен референдумга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы УӨ № 53 Декретинин редакциясына ылайык)
5-2. Жашаган жери боюнча катталууну эсепке алуучу органдын катталуу белгиси бар, бирок туруктуу жашаган жеринен башка жерге же чет өлкөлүк мамлекетке жашаган жери боюнча катталуу эсебинен чыкпастан убактылуу кетип калган Кыргыз Республикасынын жарандары референдумдун тиешелүү участоктук комиссиялары тарабынан туугандарынын (жубайларынын, ата-энелеринин, балдарынын, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын жана эже-сиңдилеринин) белгиленген формада берилүүчү жазуу жүзүндөгү билдирмелеринин (№ 1 тиркеме) негизинде катталуу эсебинин орду боюнча референдумдун катышуучуларынын негизинде тизмесинен алынып салынат.
Референдумдун катышуучуларынын негизги тизмесинен алынып салынууга тийиш болгон жарандар жөнүндө маалыматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын жетекчилери тарабынан түзүлөт жана кол коюлуу менен референдумдун тиешелүү участоктук комиссиясына берилет.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы УӨ № 53 Декретинин редакциясына ылайык)
5-3. Негизги тизмеден алынып салынган Кыргыз Республикасынын жараны добуш берүү үчүн референдумдун участоктук комиссиясынын жайына добуш берүү күнүндө өзү келгенде референдумдун катышуучуларынын кошумча тизмесине киргизилет.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы УӨ № 53 Декретинин редакциясына ылайык)
6. Референдумду өткөрүүдө айкындуулук, анын ичинде добуштарды эсептөөдө коомчулуктун катышуусу камсыз кылынат.
7. Добуш берүү күнүнө 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары референдумдун катышуучусунун өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти, ал эми референдумдун катышуучусу тизмеден чыгаруу күбөлүгү боюнча добуш берген учурда тизмеден чыгаруу күбөлүгүн көрсөткөндө референдумга катышууга укуктуу.
Мында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-картасы) же аны алмаштыруучу документ референдумдун катышуучусунун өздүгүн ырастоочу документ болуп саналат. Паспортту алмаштыруучу документке Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, анык аскердик кызматтын офицеринин күбөлүгү, мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчысынын аскердик билети, пенсиялык күбөлүк жана айдоочунун күбөлүгү кирет.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-июнундагы УӨ № 73 Декретинин редакциясына ылайык)
8. Жарандын референдумга катышуусуна же катышпоосуна зордоо максатында ага кысым көрсөтүүгө эч ким укуктуу эмес, жарандын өз эркин билдирүүсүн көзөмөлдөөгө катуу тыюу салынат. Референдумдун жүрүшүндө өзүнүн пикирин билдирүүгө жана далилдөөгө же андан баш тартууга эч ким кысымга алынбайт.
Жарандар өздөрү жашаган же убактылуу жүргөн жери боюнча добуш берүү үчүн жайдан сырткары добуш берүүгө укуктуу. Референдумдун тиешелүү комиссиялары жарандарга добуш берүү үчүн жайдан сырткары добуш берүүгө мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. Добуш берүү үчүн жайдан сырткары добуш берүү жөнүндө чечим жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сунушу боюнча референдумдун тиешелүү комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-июнундагы УӨ № 81 Декретинин редакциясына ылайык)