Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 3-августу № 187
«Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
«Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 368-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1- жана 1-2-беренелер менен толукталсын:
«1-1-берене. Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам мамлекеттик жана мамлекеттик эмес лотереяларды уюштурууда жана өткөрүүдө келип чыккан мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негизин аныктайт, лотереялардын милдеттүү ченемдерин, алардын уюштурулушуна жана өткөрүлүшүнө, ошондой эле лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан адамдардын укуктарына, милдеттерине жана жоопкерчиликтерине көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу тартибин белгилейт.
1-2-берене. Лотереялар жөнүндө мыйзамдар
Лотереялар жөнүндө мыйзамдар Конституциядан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерден турат.
Лотереяларды түзүүчүлөрдүн жана уюштуруучулардын иши терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланышкан жосундардын алдын-алуу, табуу жана бөгөт коюу бөлүгүндө терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.».
3. 2-беренеде:
3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Оюнга катышуу шарттары жана оюнга катышканы үчүн акынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата белгиленген формада ченемдер жана талаптар менен телевизордун же компьютердин экранында көрсөтүлүүсү тийиш.»;
6-бөлүгүндө «эреже катары», «кеп учурда» деген сөздөр алып салынсын;
8-бөлүгүндө «жетиштүү» деген сөз алып салынсын;
9-бөлүгүнүн биринчи абзацында «кандайдыр-бир анык» деген сөздөр алып салынсын.
4. 3-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Мамлекеттик жана муниципалдык лотереяларды өткөрүү боюнча мамлекеттик иш-кананын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоболору жана уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.».
5. 6-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 8-берененин 1-бөлүгү «текшерүү жолу менен» деген сөздөрдөн кийин «ишкердик субъекттери тарабынан текшерүүлөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык» деген сөздөргө толукталсын.
7. 10-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы «бир нече жолу» деген сөздөрдөн кийин «(эки жолудан ашык)» деген сөздөргө толукталсын.
8. 18-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Лотереялар боюнча отчёттуулуктун тартиби, жүргүзүү шарттары жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. ».
9. 20-берененин 3-бөлүгүндө «токтото турулушу мүмкүн» деген сөздөр «токтотулат» деген сөзгө алмаштырылсын.
10. 21-берененин 1-бөлүгүндө «майып жана жетим балдарды» деген сөздөр «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды жана жетим-балдарды» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ