Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 7-августу № 189
«Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
«Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
19-1-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«191-статья. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары»;
1-бөлүгүндө «берилген уруксаттар болгондо,» деген сөздөр «атайын эсептерге чегерилген» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- салык жана бажы мыйзамдарына, салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленген милдеттүү төлөмдөр;».
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларына ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |