Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 30-сентябры УӨ № 132
Салык салуунун айрым объекттери боюнча мүлк салыгын жана жер салыгын төлөө мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу жана туристтик сезонду колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Төлөө мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленсин:
- 2 жана 3-топтогу мүлк объекттери: Ысык-Көл облусунун пансионаттары, санаторийлери, ден соолукту чыңдоочу жайлары, балдар лагерлери жана эс алуу үйлөрү, мейманканалары боюнча мүлк салыгы - тең үлүштө, экинчи жана үчүнчү кварталдарда, мүлк объекттин жайгашкан жери боюнча, өтүп жаткан кварталдын үчүнчү айынын 20сына чейинки мөөнөттө;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 342-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө аталбаган Ысык-Көл облусунун пансионаттарынын, санаторийлеринин, ден соолукту чыңдоо жайларынын, балдар лагерлеринин жана эс алуу үйлөрүнүн, мейманканаларынын жерлери боюнча жер салыгы - тең үлүштө, экинчи жана үчүнчү кварталдарда, өтүп жаткан кварталдын биринчи айынын 20сынан кеч эмес мөөнөттө.
2. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Декретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
3. Бул Декрет 2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет жана 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |