КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 1-октябры УӨ № 133
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 77 "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар,
жеңилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Декретине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнунда болгон тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан экономикалык иштин субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү тездетүү жана регионду андан ары туруктуу экономикалык өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 77 "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар, жеңилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
а) жана г) пунктчаларында "калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программасынын аракеттерине туш келген калктуу конуштарда" деген сөздөр "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын жана андан ары текст боюнча окулсун;
б) жана в) пунктчаларында ар кандай жөндөмөдөгү "калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программасынын колдонулушуна туш келген жабыркаган калктуу конуштарда" деген сөздөр "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 485 тескемеси менен түзүлгөн Зыянды баалоо боюнча комиссия менен бирдикте Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы таптипсиздиктердин убагында жабыр тарткан экономикалык иштин субъекттеринин жана жеке жактардын атайын реестрин жана жабыр тарткан калктуу конуштардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна бир айлык мөөнөттө берсин.
3. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |