Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 6-октябры УӨ № 134
Бишкек шаарында 2010-жылдын 18-августунда кол коюлган, кат алышуу жолу менен түзүлгөн, Жол сектору боюнча № TF095989 долбоорунун алкагында сапатты башкаруу системасын киргизүүгө Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондусунун грантын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик жол-жоболорун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1-берене.
Бишкек шаарында 2010-жылдын 18-августунда кол коюлган, кат алышуу жолу менен түзүлгөн, Жол сектору боюнча № TF095989 долбоорунун алкагында сапатты башкаруу системасын киргизүүгө Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондусунун грантын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте маалымдасын.
3-берене.
Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |