Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 6-октябры УӨ № 135
Бишкек шаарында 2010-жылдын 4-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Бишкек-Торугарт автомобиль жолун реконструкциялоо долбоорун (№ KYR-0029 долбоору) каржылоо
боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик жол-жоболорун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1-берене.
Бишкек шаарында 2010-жылдын 4-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Бишкек-Торугарт автомобиль жолун реконструкциялоо долбоорун (№ KYR-0029 долбоору) каржылоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Кредиттик макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Ислам Өнүктүрүү Банкына белгиленген тартипте маалымдасын.
3-берене.
Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |